Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

Рамзан Кадыров өзбек аткаминерине сөөмөй кезеди


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзбекстандык  аткаминерлерге кол салууга катыштыгы бар деп шек саналган чечен тектүү эки орус жараны издөөгө алынганына комментарий берип, жабыркагандарга сөөмөй кезеди.

"Жооп берүүгө туура келет"

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Өзбекстан президентинин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжoнов менен Перспективдүү долбоорлор боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Дмитрий Ли "бардык интригалар, жалаа жана спекуляциялар (чайкоочулук) үчүн" жооп берерин 26-декабрда Телеграм-каналына жазды. Буга чейин маалымат каражаттары кабарлагандай, расмий Ташкент Алламжонов менен Лиге кол салууга аракет кылган деген шек менен чечен тектүү эки кишиге издөөгө салган.

"Мен Комил Алламжонов менен Дмитрий Лиге жабырлануучунун ролун ойнобоону сунуштайм. Эмнени пландап жатсаңар, убагында токтотконуңар оң, антпесе бардык интригалар, жалган жалаалар жана божомолдор үчүн жооп берүүгө туура келет. Эми мен салтка ылайык жооп берип жатам", - деп жазган Кадыров ишти алып барган тергөөчүлөргө кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштады. Бирок чечен лидер өзбек аткаминерлерине кандай дооматтары бар экенин тактаган жок.

Кадыров ошондой эле басылмалардын атын атабай, айрым "батышчыл ЖМКлар" Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсүндөгү жаңжал тууралуу ушактарды таратып жатканын кыйытты. Ал "кимдир бирөө жакшы команданы, системаны бузууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Чеченстандын башчысынын пикиринде, Мирзиёевдин кыздары бийликке умтулгандай "келесоо" эмес, ал эми күйөө баласы "ишенимдүү" киши.

"Бул өлкөнүн жетекчилигине коркунуч туудурган, жакшы ойлонулган сценарий. Ал эми президентти ишенимдүү чөйрөсүнөн ажыратуу үчүн биринчи кезекте ага баш ийгендер бутага алынууда", - деди Кадыров. Ал Мирзиёевдин жакындарына "кайрылуу жасап, бул ыплас ушактардын баарын жокко чыгарууга" чакырды.

Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.
Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Быйыл 26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжoновдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. "Озодлик" радиосу өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган. "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө, кармалгандардын бири Шохрух Ахмедовду түрк бийлиги буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан.

Анда да Кадыров бул окуяларга комментарий берип жатып, Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга бир да чеченстандыктын тиешеси жок экенин билдирген.

Чечендердин изи

Расмий Ташкент 20-декабрда Орусиянын эки жараны Бислан Расаевге жана Шамил Темирхановго издөө жарыялаган. Алар Комил Алламжановго кол салууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

"Озодлик" радиосунун булактарынын айтымында, 36 жаштагы Бислан Расаев менен 31 жаштагы Шамил Темирханов Ташкентте Алламжоновго кол салууга чейин эле көзүн тазалоону пландаган.

Ал эми укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, чечен тектүү Орусиянын жарандарына байланыштуу айыптоолор арасында дагы бир аткаминердин – президенттин алдындагы Перспективдүү долбоорлор боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Дмитрий Линин да аты бар.

Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжинов (солдо) жана Дмитрий Ли (оңдо).
Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжинов (солдо) жана Дмитрий Ли (оңдо).

Дмитрий Ли Алламжонов сыяктуу президенттин тун кызы Саида Мирзиёеванын жакын адамы катары каралат.

Өзбекстандагы "Взгляд" басылмасы чечен тектүү эки шектүү Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөнүн жазган. Тактап айтканда бирөө "Достук" чек ара бекетинен, экинчиси мыйзамсыз өткөн.

Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматтын чын-төгүнү тууралуу маалымат бере элек.

Расаев менен Темирханов учурда Орусияда жашырынып жүргөнү айтылууда. Аларга Алламжоновго кол салууну мойнуна алган Шохрух Ахмедовдун көрсөтмөсү менен издөө жарыяланганы айтылууда.

"Озодликтин" иликтөөсүндө, Шохрух Ахмедовду түрк бийлиги 2021-жылы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан. Ошондо Ахмедов Бислан Расаевдин тобу менен бирге камакка алынып, аны менен тыгыз кызматташып жүргөнү белгилүү болгон.

Анда түрк басылмалары "Тыңчылык жаңжалы" деген темада иликтөө жарыялап, бардык айыпталуучулар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылганына карабай, күтүүсүздөн камактан бошотулганын жазып чыгышкан. Алардын айтымында, бул иш Кадыровдун жеке кийлигишүүсү менен бүткөн.

Аталган журналисттик иликтөөдө 25 барактан турган айыптоо корутундусу да ачыкка чыккан. Анда топтун лидери Бислан Расаев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимхановдон көрсөтмө алганы айтылат.

Делимханов Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун жакын тууганы жана "оң колу". Тергөөнүн жүрүшүндө Бислан Расаев дагы бир катар адам өлтүрүү фактылары боюнча эл аралык издөөдө жүргөн кримтөбөл Казбек Дукуев менен кызматташканы аныкталган.

Түркиялык журналисттердин иликтөөсүндө айтылгандай, Делимханов менен Дукуев 20 жыл ичинде кеминде алты кишини өлтүрүү аракетине аралашкан.

"Tазалоо жараяны"

Президент Шавкат Мирзиёев 23-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду кызматтан алган. Анын ордуна 2019-жылдан бери коргоо министри болгон Баходир Курбанов дайындалды.

Азизовдун кызматтан кетүүсүнүн расмий себеби азырынча белгисиз. Бирок "Озодликтин" булактары муну президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын санаалашы Комил Алламжановго кол салуудан кийин башталган "тазалоо жараяны" деп сыпатташууда.

Ал эми Мирзиёевдин буйругу менен кызматтан алынган кеминде беш аткаминер Алламжоновго кол салуунун "изин жашырууга" аракет кылганы жана бул аракетти иликтөөгө "тоскоолдук кылган" деп шектелип жатканы айтылган.

Ошондой эле 25-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров да кызматынан кол жууган.

Отабек Умаров
Отабек Умаров

Умаров Алламжоновго кол салууга шектүүлөрдүн бири Жавлон Юнусов Түштүк Кореядан Өзбекстанга экстрадицияланган күндүн эртеси, 25-ноябрда кызматтан алынган.

Юнусовдун ысымы алгач "Озодликтин" иликтөөсүндө айтылган.

Анда президенттин жансакчыларынын де-факто башчысы Отабек Умаров "кудуреттүү кеңсесинде" Комил Алламжоновго кол салууга кирептер делген кишилер менен байланышканы айтылат.

Умаровдун өзү жана башка расмий адамдар "кеңсе" тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Ал эми кызматтык иликтөөдө Отабек Умаровдун же башка бийлик өкүлдөрүнүн кол салууга тиешеси бар экендиги так айтылган эмес.

Булак: "Озодлик" радиосу

Шерине

XS
SM
MD
LG