Акыйкатчы институту абакта кармалгандардын сөзүнө таянып, анда 20дан ашык киши 20-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын билдирген.
Кубанычбек Кайназаровдун иниси бийликти күч менен басып алууга шектелип, 3 жылга кесилген. Бир нече күн мурун абактардагы уруп-сабоолор тууралуу маалыматтардан кийин ал иниси үчүн кабатырланып, Ак үйгө депутаттарга келгенин айтууда.
Кайназаров иниси сабалбаганын тактаганы менен анын коопсуздугунан чочулап жатканын айтты:
"Ушу маселеде тили өтө турган, тиши өтө турган депутаттарга “сиздер дагы жок дегенде чоң жыйындарда алып чыксаңыздар” деп кайрылууларды алып келдим эле. Бул кылып атканы туура эмес. Ал жаңы жетекчи өзү спортчубу же спецназда иштегенби, андай чоң муштумдук менен жеңе албайт. Жакшы сөз менен, мыйзамдар менен, түшүндүрүү иштери менен баарын тартипке салса болот”, - дейт ал.
Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазган. 23-декабрда ондон ашык киши чогулуп, абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылган.
Жаза аткаруу кызматы бул маалыматтарды төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.
Тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайлардагы соңку кырдаал боюнча маселени 25-декабрда парламентте депутат Исхак Масалиев көтөрүп, соңку маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн тиешелүү органдарды чакырып, маалымат алууну сунуштады.
“Мына, бир топ күндөн бери абактарда кандайдыр бир окуялар болуп атат деген маалыматтар чыгууда. Тергөө абактарында, убактылуу кармоочу жайларда отургандарды сабаган деген маалымат чынбы, калппы, балким, ушул жыйындын аягына чейинби же эртеңки күнүбү, тийиштүү органдар бизге маалымат берип коюусун мен суранат элем. Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборунун өкүлдөрү да келип, маалымат берип коюшса болот эле”.
Бул арада Бишкектеги №1 тергөө абагында уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана ысымы бар мүчөсү Кадырбек Досонов мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгону тууралуу маалымат чыгып, аны Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” ырастады.
Акыйкатчы институту Бишкектеги тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүп жатканын билдирип, абактагылардын билдирүүсүнө таянуу менен 20дан ашык киши ачкачылык жарыялаганын, андан тышкары аларга эки адам арыз менен кайрылганын 24-декабрда ырастаган.
"Алардын айтымында, союл менен сабап, тепкилешкен. Денелеринде ур-токмоктун белгилери - шишиген жана көгөргөн жерлери бар экени аныкталган. Жабырлануучулар - криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү. Алардын айтымында, аларга медициналык жардам да көрсөтүлгөн эмес. Тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", - деп билдирет Акыйкатчы институту.
Жазаларды аткаруу кызматы Акыйкатчы институтунун бул маалыматтарын чындыкка дал келбейт деп четке какты.
“Акыйкатчы институтунун 8 кызматкери СИЗОго 6 жолу барып, жазуу жүзүндөгү жана оозеки арызды кабыл алды. Аларды Ч.Жумагуловдун ("Дөө Чыңгыз") өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишине тиешелүү айыпталуучу, өзүн "ТИЗО-1дин көзөмөлдөөчүсү" деп атаган Данияр Шүкүров ("Данчик") менен өзүн "Түштүк аймактын көзөмөлдөөчүсү" атаган Кадырбек Досонов ("Женго") берген. Экөө тең Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү. Кийинчерээк Д.Шүкүров менен К.Досонов өз арыздарынан баш тарткан. ТИЗО-1де кармалган башка жарандардан денесине залал келтирүү же физикалык күч колдонуу боюнча администрацияга расмий даттануулар болгон эмес”, - деп жазылган Жазаларды аткаруу кызматынын билдирүүсүндө.
Сот Кадырбек Досоновду 29-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, “Адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Данияр Шүкүров уюшкан кылмыштуу топтун “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанылган мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча 12-апрелде 18 жылга кесилген.
ЖАК жабык жайларда кармалгандар мекемеде белгиленген тартипти сактоого, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү экенин, камералар жана кийимдери таза жана тыкан болушу керектигин эскертти. Эркектер чачын жана сакал-мурутун кыска алып жүрүшү керек деген маалымат таратты. Ага чейин абактагы айрым адамдардын чачтары кырылганы тууралуу соцтармактарга кабарлар жарыяланып жаткан.
Жазаларды аткаруу кызматы абактарда массалык ачкачылык жарыялагандар жок экенин белгилеп, камактагы саясатчы Темирлан Султанбеков гана ачкачылыгын улантып жатканын кошумчалады.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев түрмөдөгү окуялар тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
“Ушунун баарын биз башыбыздан өткөрдүк. Мен бул окуялар болуп жатканына ишенем. Анткени "кемпирабадчылардын" башынан ушундай нерселер өттү. СИЗОнун, абактын жетекчилери баш болуп алып, ошол спецназдарын алып келип, абактарда жаткандардын колу-буттарын толгоп, сүйрөп, басым, зомбулук көргөзүшкөн. Ал менин башымдан дагы өттү. Биз арыз жазсак дагы ал боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Бирок убактысы келгенде анын баары чыгат болуш керек. Биринчиден, буйруктарды аткарып, жандалбастап, эмнеси болсо дагы, абакта жаткандардын эркин майтарып, сындырып, мыйзамга туура келбеген кадамдарга барып атышат. Бул болсо ошол жердеги жетекчилердин, кызматкерлердин компетентсиздиги”, - деди Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып абакта отуруп чыккан Кеңешбек Дүйшөбаев.
Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна 39 жаштагы Чыңгыз Кожошевди дайындаган.
Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенген. Ал аталган кызматтарда кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.
2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазган.
Кожошевдин өзү комментарий бере элек.
Шерине