Айжан, Рахима, Айкыз, Дарья жана башка кыз-келин жакын адамдарынын колунан ажал таап, жаңырган 2025-жылды көрбөй кетишти. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 10 айында эле 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% көп.
Aчыкка чыккан маалыматтарда Тажикстандын саясий элитасынын арасында Дубайдан кымбат турак жай сатып алуу өтө популярдуу экени айтылат. Президент Эмомали Рахмондун жээн небереси Перс булуңунун жээгинен 1,3 миллион долларга бааланган үч бөлмөлүү батир сатып алган.
Орус армиясы Украинанын аймагынаракета менен жапырт сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына жасалган 20-декабрдагы чабуулду "украин армиясынын Батышын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган соккуларына жооп" катары түшүндүрдү.
Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде өтүп жаткан Европа лидерлеринин бейформал жолугушуусуна жана Еврокеңештин саммитине катышты. Бул жолку сапар учурунда Зеленский украин армиясын күчтөндүрүү боюнча сөз болгонун белгиледи.
Орусия генерал Игорь Кирилловду өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын, ал украин атайын кызматы жалдаган Өзбекстандын жараны экенин маалымдады. Ал эми Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган жараны тууралуу маалымат аларда азырынча жок экенин билдирди.
Украинадагы согуш, Орусияда ксенофобия жана чектөөлөр күчөп баратканда, борбор азиялык бир топ мигранттар Түркияга жер которууда. Виза алуу жеңил болгондуктан Түркия мигранттарга ыңгайлуу болуп келген. Соңку жылдары алар кыйынчылыктарга кабылып жатканын айта баштады.
Орусиянын ядролук куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы Игорь Кириллов Москвадагы жардыруудан каза болду. Украинанын атайын кызматындагы булак бул операцияны Украинанын коопсуздук кызматы ишке ашырганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди.
16-декабрда Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди. Ал күнү полиция күчөтүлгөн тартипте иштеди. Казакстандын бир катар аймактарында активисттер ар кандай беренелер менен кармалып, 5-20 суткага камакка алынды. Дүйшөмбүдө интернеттин ылдамдыгына байланыштуу нааразылыктар да айтылды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштуруп, коррупция менен күрөш, Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши жана президенттик шайлоо туурасында суроолорго жооп берди.
Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган киши өлтүрүү катталды. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, дүйшөмбүгө караган түнү Хисорак айылында төрт кишинин сөөгү табылган. Каза болгондордун экөө жубайлар, экөө эне-бала экени кабарланды.
Эми Сириянын келечеги кандай болот? Бул өлкөдөгү кырдаал аймактын коопсуздугуна кандай таасир этет? АКШнын Сан-Диего университетинин профессору, саясат таануу илимдеринин доктору Ахмет Куруну "Азаттык" кепке тартты.
Дагы жүктөңүз