Кипр өкмөтү инвестициялык программа алкагында чет элдиктерге берген "алтын паспортторду" жокко чыгарууну улантууда. Жергиликтүү Politis гезити 77 адамдан турган "кара тизмени" жарыялады.
Грузияда парламенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразылык акциялары уланууда. Тбилисиде дүйшөмбүгө караган түнү полиция чогулгандарды кайрадан күч менен таратты. Полиция демонстранттарды уруп-сабап, суу бүркүп, жаш агыза турган газ, башка химиялык заттарды чачты.
Караколдун тургуну 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталгандан кийин тергөө иштери адилет жүрбөй калганын айтып, үч күндүк нааразылык акциясын өткөрдү.
Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган милиция кызматкерлерин видеого тарткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору коомчулукта талкууга түштү.
Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын ИИМ билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу мигранттардын абалы, мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Грузияда евроинтеграцияны жактаган ондогон киши кармалып, журналисттер сабалды. Парламент коопсуздукка жаралган коркунуч деңгээлин жогорку чекке көтөрдү. Грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин нааразылык башталган.
Орус атуулдугунан кол жууган ондогон мигранттын арасында кыргызстандыктар да бар. Жаңы талаптардын максаты эмне? Орусия муну менен мигранттарды Украинадагы согушка салууну көздөйбү? Мындай чектөөлөрдүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
28-ноябрда Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урду. Астанага келген орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагын бутага алып жатканына жооп деп мүнөздөдү.
Жогорку Кеңеште онкологиялык ооруларга чалдыккан жарандарга сапатсыз дарылар берилип жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. “Кыргызфармация” ишканасы ташып келген бардык медициналык каражаттар сертификациядан өтөрүн жана сапаты жогору экенин айтууда.
Түркияда жашырынган өзбекстандыктардын саны өстү. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу расмий билдирүү таратты. Түркияда сулуулук салондорун мыйзамсыз иштеткен жана алтын куймаларды алып өткөн өзбекстандыктардын окуясы да талкууга алынууда.
27-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Астанага мамлекеттик сапар менен келди. Эртең бул шаарда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт. Путиндин сапары Украинада соңку кырдаал курчуган учурга туш келди.
Дагы жүктөңүз