Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты четке какты.
Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булактарына шилтеме берип, “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Январь айынын башында “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келгени” тууралуу маалымат тарап, Ички иштер министрлиги аны төгүнгө чыгарган.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан. (BTo)
Шерине