Москва: Өзбек жараны генералды өлтүрүүгө шектелип кармалды
Орусия генерал Игорь Кирилловду өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын, ал украин атайын кызматы жалдаган Өзбекстандын жараны экенин маалымдады. Ал эми Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган жараны тууралуу маалымат аларда азырынча жок экенин билдирди. Бир катар медиа Украинанын коопсуздук кызматындагы булактарына шилтеме кылып, генералды жок кылуу операциясын алар ишке ашырганын айтышканы менен, Киев муну расмий бышыктаган жок. Батыш айрым орусиялык расмий адамдардын билдирүүлөрүнөн кийин кол салууга тиешеси жоктугун айтууда.
Шерине