Москвада генерал Кириллов жардыруудан набыт болду
Орусиянын ядролук куралдан коргонуу аскерлеринин командачысы Игорь Кириллов Москвадагы жардыруудан каза болду. Украинанын атайын кызматындагы булак бул операцияны Украинанын коопсуздук кызматы ишке ашырганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып берди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес. Биринчи күнү генерал украин армиясына каршы химиялык курал колдонуу үчүн айыпталганы маалым болгон.
Шерине