Чүйдүн Кайыңды шаарындагы кант заводго кызылча тапшырууга 200дөй жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. Айдоочулар завод иши жай болуп, жолдо кезек сакталбай жатканына даттанууда.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 16-октябрда өлкө парламенти - Жогорку Радага барып, Орусияга каршы согуштагы "Жеңиш планын" көрсөттү. Ал тапта Украинанын 14 облусу өткөн түнү да дрон жана ракета чабуулуна кабылганы кабарланды.
Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) украиналык өспүрүмдөргө акча сунуштап, аларды украин армиясынын автоунааларын өрттөөгө азгырып жатканы белгилүү болду. “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчылары ФСБнын торуна илинген мындай өспүрүмдөрдү таап сүйлөштү.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон киши каза болду. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Израил Газадагы чабуулдарын улантып, ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Ал тапта Израил түндүк тилкесинде учкучсуз учактардын чабуулунан төрт аскеринен айрылганын билдирди. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Хезболла" жоочулар тобу алды.
АКШ трансулуттук баңгизат соодасынын маанилүү көзүрү деп таанып, “кара тизмеге” киргизген, кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынганына бир жыл болду.
Израилдин армиясы менен "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) бири-бирин ракеталар менен аткылоону күчөттү.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.
Кыргызстандык Азамат Украинадагы согушта жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып жаткан жеринен "Азаттык" менен байланышты. Ал соңку бир айда эки ирет жарадар болуп, ага карабай кандуу кармашка кайра-кайра жиберилген. Азамат эки ай мурун орус абагынан согушка айдалган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат. Ал тапта Украина Орусия президенти Владимир Путин Түркмөнстанга барганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, ал Эл аралык кылмыш сотунун ордери берилген адам экенин эскертти.
АКШнын Флорида штатында “Милтон” бороонунан улам миллиондон ашуун турак-жай жарыксыз калды. Эки миллиондон көп киши коопсуз жактарга чыгарылды. 10-октябрга караган түнү бороондун күчү бар аз басаңдап, ылдамдыгы саатына 145 чакырымга жетүүдө. Азырынча кырсыкта эки киши каза болгону кабарланды.
Дагы жүктөңүз