Түндүк Кореядан келген жоокерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдун расмий адамдары чалгын кызматынын маалыматына таянып билдирди. Пентагондун эсебинде Орусиянын чыгышында 10 миңдей корей аскери машыгуудан өтүп жатат.
Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. Оппозициялык төрт саясий күч 5% босогодон өттү. Грузин оппозициясы "добуштар уурдалганын" билдирип, нааразылык акцияларын баштай турганын жарыялады.
Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери белгисиз болууда. Туугандары алар сууга агып кетиши мүмкүн экенин айтып, издөө иштери начар жүрүп жатканына нааразы болушууда.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, полковник Маканбай Коңурбаев болду. Ал 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын коомчулукка белгисиз болгон жагдайлары, барымтадагылар кантип куткарылганын айтып берди.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын гана жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийинчерээк толук орус жарандыгына өткөн. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар кимдер?
Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити аяктады. Айрым аналитиктер Украинага басып киргени үчүн санкция салынып, Москва эл аралык обочодо калган учурда орус бийлиги көбүрөк өнөктөш күтүүнү көздөгөнүн айтышат. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Орусиялык снаряд Украинанын Донецк облусунда жүргөн фронттогу "Азаттыктын" украин кызматынын журналисттеринин жанына түшкөн. 10-октябрда кабарчы Роман Пахулич менен оператор Павло Холодов снаряд жарылып жаткан учурду видеого тартып алган.
Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитти башталды. Бул жолу ага 20дан көп өлкөнүн лидерлери катышууда. Арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар. Талдоочулар белгилегендей, Орусиянын президенти Владимир Путин муну менен дүйнөгө Москва обочодо калбаганын көрсөтүүгө аракет кылууда.
Талас шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден балдарын жетелеп өтүп бараткан 31 жаштагы келинди жана анын уул-кызын өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Жүрөк үшүн алган кырсык 23-октябрда эртең менен шаардагы мектеп жана бала бакчанын жанында болду.
Эл аралык коомчулук түндүк кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарды кескин сынга алууда. Маалыматтарга караганда, алар андан ары Украинага айдалышы мүмкүн. Сеул катаал жооп кайтарарын убада кылды. Пхеньян бул маалыматты четке какты.
"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү боюнча түшүндүрмө берди. удьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин көрсөттү.
Дагы жүктөңүз