Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

Орусия британиялык эки дипломатты тыңчылыкка айыптап өлкөдөн чыгарууда


Британиянын Москвадагы элчилиги
Британиянын Москвадагы элчилиги

Орусия британиялык эки дипломатты тыңчылыкка айыптап эки жуманын ичинде өлкөдөн чыгарууну чечти. Британ тышкы саясий мекемеси айыптоолорду “негизсиз” деп атады.

Рейтер агенттиги жазганына караганда, Москва падышалыктын Киевге жардам бергени жана премьер Кир Стармердин британиялык бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу ыктымалдыгы тууралуу сөздөрүнө нааразы болууда.

Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары Москвадагы элчиликтин экинчи катчысы жана биринчи катчынын күйөөсү тууралуу жүргөнүн жазышты. Маалыматка караганда, орус атайын кызматы алар Орусияга кирер алдында толтурган кагаздарда чындыкты жашырган деп эсептейт. Кремль чалгын кызматтары өлкөнүн кооспуздугун коргоо үчүн болгон аракетин жумшаганын билдирди.

Мунун алдында, бир нече күн мурун болгариялык үч киши Лондон сотунда Орусиянын тыңчылык бөлүгүнүн мүчөлөрү болчу, алар АКШнын аскердик базасын жана Москва куугунтуктаган кишилердин артынан аңдып жүргөн деп айыпталган.

Британиянын элчилиги билдиргендей, “орус бийлиги дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнө каршы жүйөсүз жана карасанатай дооматтарды буга чейин да артып келген”. Элчилик тиешелүү жооп кайтарарын эскертти.

Украинага басып киргенден бери Орусия менен Британиянын мамилеси “кансыз согуш” доорундагы деңгээлге түшүп кеткен.

Лондон Москвага каршы санкцияларга кошулуп, Киевди курал-жарак менен камсыздап келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG