Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

Жакынкы Чыгыш: Израил Иранга сокку урабы?


Ливандын аскерлери Израилдин соккусунда кыйраган имараттын жанынан өтүп баратат. Бейруттун түштүгүндөгү Баржа кыштагы 12-октябрь, 2024-жыл
Ливандын аскерлери Израилдин соккусунда кыйраган имараттын жанынан өтүп баратат. Бейруттун түштүгүндөгү Баржа кыштагы 12-октябрь, 2024-жыл

Израилдин армиясы менен "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) бири-бирин ракеталар менен аткылоону күчөттү.

Ал арада америкалык каражаттар өз булактарына таянып, Израил Ирандагы бутага алчу жайлардын санын кыскартып, бир гана энергетикалык жана аскердик инфратүзүмдөрдү калтырганын жазышты. Израил Ирандын ай башындагы ракеталык чабуулуна жооп кайтарары күтүлүүдө.

Израил армиясы менен "Хезболланын" чабуулдары

Израилдин аскердик учактары 13-октябрдын таңында Ливандын түштүгүндө жайгашкан кыштактардын бириндеги 100 жылдык мечитке сокку урду. Бул тууралуу Ливандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди. Андан тышкары өлкөнүн башка аймактары, анын ичинде негизинен христиандар байырлаган тоолуу райондогу шийилер отурукташкан айылга да чабуул жасалганы кабарланды.

Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) “Хезболланын” ондогон жайларын бутага алганын X социалдык түйүнү аркылуу ырастады. Маалыматка караганда, алар курал-жабдык кампаларына, танктарга каршы турумдарына абадан чабуул коюшкан.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

“Биз душманга каршы аракеттерибизди улантып жатабыз. Израилдин түндүгүндө жашаган элди кайра өз үйлөрүнө кайтармайынча токтобойбуз. Азыр гана эмес, келечекте дагы”, - деген эле 11-октябрда Израил армиясынын Башкы командычысы Херци Халеви.

Израил аба соккуларынын кесепети. Ливандын түштүгүндөгү Набатия шаары. 13-октябрь, 2024-жыл.
Израил аба соккуларынын кесепети. Ливандын түштүгүндөгү Набатия шаары. 13-октябрь, 2024-жыл.

“Хезболла” өз кезегинде 13-октябрда жөөт аскерлери өлкө түштүгүнө кирип келгенде аларды ракеталар менен аткылаганын билдирди. Маалыматка ылайык, куралдуу топ Марун аль-Рас кыштагына “топтолгон” израил күчтөрүнө “артиллериялык снаряддар” менен сокку урган.

Ал эми андан мурун, 12-октябрда “Хезболла” Тель-Авивден анча алыс эмес жайгашкан Израилдин аскердик базасына ракета жана дрон менен сокку урганын маалымдаган. Бул маалда израилдиктер жөөттөрдүн эң ыйык диний майрамдарынын бирин белгилеп жаткан.

Израил аскерлери “Хезболла” Ливан менен Израилге 320дай снаряд менен чабуул койгонун ырастады.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда.

Израил Ирандын ракеталык чабуулуна жооп кайтарары күтүлүүдө

“Хезболла” менен ЦАХАЛдын ортосундагы кырдаал курчуп турган маалда Израил армиясы Газаны аткылоону улантууда. Анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы 13-октябрда билдиргендей, соңку бир суткада израил күчтөрүнүн соккулары 30дай кишинин өмүрүн алды. 12-октябрдын кечиндеги соккулардан Нусейрат качкындар лагери жабыркады. Израил армиясы өз билдирүүсүндө Газадагы күчтөрү соңку 24 саатта 40тай турумду бутага алып, ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган уюм) ондогон жоочуларын жок кылганын билдирди.

Ошол эле маалда Тель-Авив Ирандын ай башында жасаган ракеталык соккусуна жооп кайтарары күтүлүүдө.

Вашинтондун эсебинде Израил бутага алчу жайлардын тизмесин кыскартып, аскердик жана энергетикалык эле инфратүзүмдөрдү калтырды. Бул тууралуу NBC телеканалы 12-октябрда атын атабаган АКШ бийлигинин расмий өкүлдөрүнө таянып кабарлады.

Израил Ирандын өзөктүк жайларын бутага алары тууралуу эч кандай белгилер жок деп айтылат NBCнин билдирүүсүндө. Ошол эле маалда Израил качан жооп кайтарары боюнча соңку чечим кабыл ала электиги белгиленет.

Израилдин соккусу сынга кабылды

Израил Ливандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бейпилдик күчтөрүнүн (UNIFIL) турумдарын бутага алды. 11-октябрдагы күзөт мунарасында болгон окуяда шриланкалык эки аскер жараат алган. Франция Израилдин элчисин чакыртып, Италия, Испания менен чогуу бул чабуулду айыптаган билдирүү таратты. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон муну кескин айыптады:

“Италия менен Испания менен катар эле Франция дагы Улуттар Уюмунун тынчтык миссиясынын тарыхый катышуучулары болуп саналат. Франциянын 700дөй аскери бул күчтөрдүн катарында болушу Израил менен Ливандын коопсуздугун айныксыз жактарыбызды билдирет. Ошондуктан бул миссиянын аскерлеринин израил куралдуу күчтөрүнүн атайылап бутага алынышы кабыл алынгыс. Биз муну айыптайбыз жана кайра кайталанышына жол бербейбиз”.

Ливандын түштүгүндө бараткан БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн автоунаасы. 11-октябрь, 2024-жыл.
Ливандын түштүгүндө бараткан БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн автоунаасы. 11-октябрь, 2024-жыл.

Израил аскерлери миссиянын кеңсесиниен 50 метр аралыкта жайгашкан “коркунучту” бутага алганын жүйө келтирүүдө. БУУнун бейпилдик күчтөрү билдиргендей, окуя алардын Накура шаарындагы баш кеңсесине жакын жерде болгон жана израил күчтөрдү миссиянын аскерлери жашырынган бункерди да аткылашкан. Жыйынтыгында бир катар транспорттук жана байланыш каражаттары жабыркаган. Бул чабуулду БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да айыптады.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 13-октябрда жасаган кайрылуусунда БУУну Ливандын түштүгүндөгү "тобокелчилик аймагында" жайгашкан бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды.

"Муну азыр, токтоосуз ишке ашыруу керек", - деди Нетаньяху министрлер кабинетинин жыйынында.

Анын алдында Ливандагы БУУнун бейпилдик күчтөрү соңку күндөрү жалпы беш аскери жараат алганына карабастан чыгып кетүүдөн баш тарткан.

Нетаньяхунун айтымында, муну менен бейпилдик күчтөрү "Хезболланын" жоочулары үчүн "тирүү калкан" болуп, аскерлердин жана израил жоокерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратып жатышат.

БУУнун Ливандагы бейпилдик күчтөрү 9500 адамдан турат. Алар Ливанга биринчи ирет 1978-жылы Израил армиясы тынчтык жол менен чыгып кетиши үчүн киргизилген.

XS
SM
MD
LG