Румыниянын Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембиде ашынган оңчулдардын талапкери Кэлин Жоржескуну президенттик шайлоодон четтетти. Маалымат каражаттары жазгандай, комиссиянын 14 мүчөсүнүн 10у аны каттабоону колдоп добуш берди. Каттоодон баш тартууга саясатчы тапшырган документтер толук эмес деген жүйө келтирилген. Буга чейин ага тагылган кылмыш айыптары чечим кабыл алганда эч кандай роль ойнобогону белгиленет.
Конституциялык сот шаршембиге чейин апелляциялык арыз боюнча чечимин чыгарышы керек.
Жоржескунун тарапташтары БШКнын Бухаресттеги кеңсесинин алдына чогулуп, нааразылыгын билдиришти. Алар полициянын курчоосун жырып өткөнүн бир нече кабар агенттиктери жазды. “Азаттыктын” румын кызматы саясатчыны жүздөгөн киши колдоп чыкканын маалымдады.
Президенттикке талапкер өзү аны ат салыштан четтеткен чечимди «демократиянын жүрөгүнө урулган сокку» деп сыпаттады.
«Европада азыр диктатура орногон, Румыния зулумдардын астында калды», - деп жазды саясатчы Х социалдык тармагына.
Калың элге анча таанылбаган Жоржеску 24-ноябрда президенттик шайлоонун биринчи айлампасын күтүүсүздөн жеңген. Аны медиа орусиячыл деп атап жүрөт.
Румыниянын Конституциялык соту жергиликтүү атайын кызматтын анын шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишкени боюнча далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.
4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия Тик Токто Жоржескуну колдогон ири кампания жүргүзгөн.
Москва Румыниядагы шайлоого аралашканы тууралуу айыптоону четке кагып келет.
10-январда Жоржескунун адвокаттары Конституциялык соттон чечимин өзгөртүүнү, биринчи турдун жыйынтыгын калтырууну өтүндү.
Кайра шайлоо майдын башына белгиленген.
Шерине