Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, “Эрдик” медалы ыйгарылган. Ысымы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген.
22 күндүк саясий ачкачылык
1999-жылы август айындагы кыргыз-кытай макулдашуусунун негизинде Ысык-Көл тараптагы Үзөңгү-Кууш тилкеси Кытайга берилгенин 2001-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаров айтып чыккан. 2002-жылы 5-январда Бекназаровду бийлик Токтогул районунда прокурор болуп иштеп жаткан учурда кылмыш ишин мыйзамсыз жаап койгон деген негиз менен камакка алган. 15-январда Бекназаровду камактан бошотуу талабы жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык иретинде жарандык активисттер, саясатчылар ачкачылык жарыялашкан. Көпчүлүгү түрдүү себептер менен көп өтпөй ачкачылыгын токтотушуп, бир нече адам гана уланткан. Алардын арасында Шералы Назаркулов да аз убакыт мурда ашказанынан операция болгонуна карабай, ачкачылыгын токтотпогон экен.
Назаркуловдун жубайы Назгүл Абдыкеримова ага ачкачылыгын токтотуусун бир нече жолу суранса да, болбой койгонун эскерди.
"Ошо ачкачылык кармап жатканда мен айы-күнүм жетип отургам. Бекназаров бошотулсун, Үзөңгү-Кууш Кытайга берилбесин" деп талап кылып, ачкачылыгын токтоткон жок. Мага төрөт үйүнө келип, жолугуп, уулуна Азимбек деп ат коюп кетти. Төрөт үйүнөн туугандарыбыз чыгарып, кийин 4-февраль күнү ачкачылык кармап отурган жерине бардым. Акыбалын көрүп, ыйладым. Операциядан кийин алсыз эле, ансайын арыктап, кичирейип кетиптир. "Сага эмне анча жаныңа күч келди? Башкалар деле токтотушуптур, сен да токтот, өзүңдү, уулуңду ойлосоң боло. Жүр, үйгө кеттик" дедим. "Жок, мен токтото албайм. Сен уулубуз Азимбекти төрөсөң, мен саясатчы Азимбекти абактан бошотуп, Үзөңгү-Куушту кайтарып, анан үйгө барам" деп болбой койду. Ошол биздин акыркы жолугушуубуз болгон экен. 6-февраль күнү АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу болуптур, Шералы ага "кыргыз өкмөтүнө акча берип, эки жүздүү саясат кылып жатасыңар" деп ачууланган экен. Ошондо мээсине кан куюлуп кеткен окшойт, ошол эле күнү комага түшүп, ооруканага жеткирилиптир. 7си күнү таңга жуук үзүлгөн", - деди жубайы.
Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыгын билдирип, Шералы Назаркулов менен чогуу ачкачылык кармагандардын бири, укук коргоочу Азиза Абдурасулова ал күндү мындайча эскерди:
"Бекназаров камалгандан эки күндөн кийин, 7-январда саясий ачкачылык акциясы башталды. Он чакты адам Айыл чарба министрлигинин 7-кабатындагы бир бөлмөдө суу гана ичип, наар албай жаттык. Эртеси күнү дагы адамдар кошулушту. Эки жумага чукулдап калганда менин абалым начарлап, "Тез жардам" менен ооруканага кеткем. 4-февралда кайра келсем, Шералы аябай алсыз көрүндү. Ачкачылыкта отургандардын абалын карап, кан басымын текшерип турган Кыдык аттуу дарыгер болчу, 6-февраль күнү ал Шералынын кан басымын текшерсе 200гө чыгып кетиптир. Мен Шералыны ачкачылыгын токтотуусун талап кылдым, бирок ал көнбөдү. Ошол күнү бизден кабар алганы чет өлкөлүк дипломаттар келишкен, алар менен сүйлөшүп отурганыбызда Шералы өзүн жаман сезип, менин тиземе башын коюп кыйшайып кетти. "Тез жардам" менен ооруканага алып барганбыз. Ошондогу бийлик анын сөөгүн да жөн койбой, "ашказанынан аш чыкты" деп, жосунсуз жорукка барган. Шералы менин колумда өзүн жоготкону үчүн да анын өлүмү мага аябай катуу тийген".
"Идеялары уурдалып кетти"
Шералы Назаркулов 1950-жылы Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган. Мектепти аяктап, ошол кездеги Фрунзе (Бишкек) шаарындагы Политехникалык институттун курулуш факультетин аяктаган. Кесиби боюнча Ош, Баткен облустарында иштеп жүрүп, кийинчерээк Алматы шаарында Экономика институтунда окуган. Жакындарынын айтуусунда, Шералы Назаркулов союз тарагандан кийин түзүлгөн көптөгөн саясий партиялардын көпчүлүгүнүн уставдарын жазып берип жүргөн.
Мамлекетти башкаруу, айыл өкмөттөн тартып, райондук, облустук администрацияларды уюштуруунун концепциясын жазып, сунуштарын киргизип келгени үчүн туңгуч президент Аскар Акаевдин колунан "Алтын калем" сыйлыкка алганы айтылып келет.
Жубайы Назгүл Абдыкеримованын сөзүнө караганда, Шералы Назаркуловго президенттин кеңешчиси бол деген сунуш түшкөн:
"Шералы негизи беттегенин бербеген, көк, бир сөз болчу. Аны "президент Акаевге кеңешчи бол" деп сунуштап келишкенде да, "мыкты башкаруучу кеңешчиге муктаж эмес" деп болбой койгон. Бийлик, мансапка жакын эмес болчу. Эркиндикти сүйчү, кимдир-бирөөгө көз каранды болгусу келчү эмес. Батирлеп жашачубуз, бирок муктаж эмес, бардар адамдай жүрчү".
Шералы Назаркуловдун кыргыздын улуттук баалуулугун сактоо боюнча да мыкты демилгелери болгонун анын шакирти Алмазбек Адишов да айтып жүрөт.
"Шералы аке эч кимде жок демилгелери, жаратмандыгы, турган жеринде келечекке керектүү идеяны ойлоп тапканы менен айырмаланчу. Ал 90-жылдары элден мурда айыл өкмөтүн түзүп, аймактарга бөлүүнү эсептеп чыккан. Айыл өкмөт болгон соң, ага бийликти берип, каржылоону, айылдагы маселени айылда чечүүнү, эл бийлиги болушу керектигин айтып, жазып чыккан. Анын далай демилгелерин, идеяларын башкалар, бийликтегилер пайдаланып кетишти. Мына өзүңөр көрүп атасыңар, Кыргызстанда айыл өкмөттөр түзүлдү, бирок бир жерде дагы Назаркуловдун аты жок. Ал ошол кездеги эл башындагылар элди эмес, өзүн ойлогонуна кыжырданчу. Ошол убактагы эркин гезиттерге бул көрүнүштөр тууралуу пикирлерин ачык жазып турчу. Шекеми пайдалануу үчүн бийликке далай эле чакыруулар болгон. Бирок ал "мен силердин талкаланган, бурмаланган системаңарга иштебейм" деп, барбай койгон. Кийинчерээк аны Майрам Акаева да "Мээрим" фондусунун төрайымы катары чакырган. Өзүнүн жазгандарын көтөрүп алып, барган. Ошондо Акаева: "сиздин жазгандарыңызды сызмалап окуйбуз" деп айтканда, Шекем: "сызмалаштын кереги жок, аны аткарыш керек" дегени биринчи айымга жакпай калып, ошондон тарта жолдору айрылышкан".
Бийликке да, оппозицияга да кошулган эмес
Алмазбек Адишов Шералы Назаркулов оппозицияга да кошулбаганын белгилейт. Анын сөзүнө караганда, анын идеялары, пикири бийликке жакпаганы үчүн оппозицияга үндөшүп турган.
"Акаевдин бийлиги тууралуу "Журт келечегин кумдун үстүнө кумдан курганга барабар" деп айткан сөзү бар. Жалгыз терек бак болбойт дегендей, Шекем өз заманында жалгыз терек болуп калды, Анын айткандарын колдоп, ишке ашырууга эч ким аракет кылган жок. Шекемин 20 жыл мурдагы айткандары азыр деле актуалдуу. Ал жалпы өлкөнү ажыдаардай оп тартып келе жаткан коррупцияга каршы күрөштө жалгыз болуп калган".
Шералы Назаркулов 2002-жылы, 52 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, 2006-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев “Эрдик” медалын ыйгарган. 2010-жылы Үзөңгү-Кууш тараптагы Шумкар-Тоо деген ташка жергиликтүү эл Шералы Назаркуловдун атын берип, сүрөтүн ташка чегерип, эстелик коюлган.
Шералы Назаркуловдун ысымы 2014-жылы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген. Маркум ачкачылыкта жатып курман болгон жер, Айыл, суу чарба министрлигиндеги чакан иш бөлмө 2012-жылы "Шералы Назаркуловдун музейи" болгон. Имараттын сыртына Назаркуловдун сүрөтү менен мемориалдык такта илинген.
Жакындары анын 70 жылдык мааракесин өткөрүүнү көздөп турганда коронавирус жайылып, пандемиядагы чектөөлөрдөн улам, өткөрүлбөй калган. Назаркуловдун 70 жылдык мааракеси 2022-жылы Аксы окуясынын 20 жылдыгы менен чогуу белгиленген. Жубайы Назгүл Абдыкеримова Шералы Назаркуловдун аты, эмгеги унутулуп калбашы үчүн өлкөнүн тарыхына киргизилиши зарыл деп эсептейт.
"Шералынын өлүмү менен Аксы окуясы тыгыз байланышта эмеспи. Ошондуктан, Аксы окуясын эскерүүлөргө Шералыны да сөзсүз кошуп, чогуу эскерүү зарылчылыгы бар. Анткени, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыктан улам Шералы да башында туруп, ачкачылык жарыялап, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жан берди да. Ошондуктан, мамлекеттик деңгээлде эскерүүлөргө Шералыны да кошсо дейт элем. Тарых музейи жаңыланган соң, Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата биз улам бир эшикти каккылап жүрүп, Шералынын эмгеги тууралуу музейден бир бурч ачтырдык. Ал жерге Шералынын китеби, өмүр баяны, сүрөттөрү коюлду. Шералынын ачкачылык кармап отуруп көз жумган орду - Айыл, суу чарба министрлигиндеги чакан иш бөлмөдөгү музейге деле эл келет, бирок Тарых музейинин орду башка. Ал жакка Кыргызстандын өзүнөн тышкары чет өлкөлөрдөн келген туристтер да көп киришет. Менин дагы бир мүдөөм - Шералыга Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн жанын бергенин эске алып, "Эл Баатыры" наамы берилсе болмок. Анткени "Эрдик" медалы катардагы аскерлерге деле берилип жатат. Шералынын орду башка, анын чек аранын бүтүндүгү үчүн гана эмес, Кыргызстандын мамлекеттик-идеологиялык жактан түптөлүшүнө да кошкон салымы чоң, көп эмгектери артында калды".
Шералы Назаркулов менен ачкачылыкта чогуу болуп, бүгүнкү күнгө чейин анын атындагы фонддун ишин жүргүзүүгө көмөктөшүп келе жаткан досу Орунбек Чондоев анын Үзөңгү-Кууштун Кыргызстан үчүн маанисин терең түшүнүп, акыркы деми чыкканча ал үчүн күрөшкөнүнө өзү себепкер болгонун айтып отурду:
"Мен Ооганстанда, андан кийин Чек ара кызматында иштеп, Кытай менен Кыргызстандын чек арасындагы кен байлыкка өтө бай, суунун башаты болгон жерлердин, анын ичинде Үзөңгү-Кууштун баа-баркын жакшы билчүмүн. 2000-жылдары Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Куушту Кытайга берип жатканын Шекеме мен айтып, карта менен тааныштырган болчумун. Ошондуктан, Шекемин эрте өлүмүнө өзүмдүн моралдык күнөөм бар деп эсептейм. Эгер мен Шекеме ошол маалыматтарды бербегенимде, ал мынчалыкка чейин барбай, өлбөй калмак беле... Ушул моралдык күнөөмдү жууш үчүн бүгүнкү күнгө чейин анын фондуна көмөктөшүп жүрөм", - деди Орунбек Чондоев.
- Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн кийин да токтогон эмес.
- 200дөй адам улам бири ачкачылык кармап, алсыраганы токтотуп, 2002-жылдын 17-мартына, алты адамдын каны төгүлгөн каргашалуу Аксы окуясына чейин уланган.
- Аксыда Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн жүрүшкө чыккан дагы алты адамдын өмүрү бийликтин огунан кыйылган. Аксы окуясы деген аталыш менен тарыхта калган бул окуя андан кийинки 2005-жылкы Март, 2010-жылкы Апрель окуяларынын башаты болгону айтылып келет.
Ошентип, жети кишинин өлүмү менен аяктаган каршылыктарга карабай Үзөңгү-Кууштун бир бөлүгү Кытайга өткөн. 1999-жылы, 26-августта Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев менен Кытайдын төрагасы Цзян Цзэмин кол койгон Үзөңгү-Кууш боюнча кошумча келишим 2002-жылы 10-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ратификацияланган. 17-майда Эл өкүлдөр жыйыны да аны колдогон.
Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Үзөңгү-Куушту тактоо узакка созулган оор сүйлөшүү болгонун эскерип келет.
Комиссиянын төрагасы Саламат Аламанов аягында талаштуу тилкени экиге бөлүү чечими менен гана чек ара чечилгенин "Азаттыкка" билдирген.
"Алардын жүйөсү бизди, биздики аларды ынандырган жок. Мына ошондуктан мунаса чечимге алардын, биздин саясий жетекчилер келип, талаштуу жерди эки тарапка бөлүү маселеси келип чыккан. Талаштуу жердин 30% коңшу мамлекетке 70% бизге караштуу болуп калды. 1860-жылдан берки талаш болуп келген Үзөңгү-Кууш маселеси ушундай. Ал кездеги документтерди ошол жердин түзүлүшүн так билбеген адамдар жасаган. Так карта 1943-жылы Кызыл Армиянын топографтары келип аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Тарыхтагы географиялык катачылык ошондой чечилди".
Шерине