Өкмөттүн пикиринде, үй ээлери аянтына эмес, баасына жараша салык төлөшү керек. Бирок баасын мамлекет өзү аныктагысы келет. Мындай ыкманы киргизүүгө Орусия көмөктөшүүдө.
Эмне өзгөрөт?
Бүгүнкү күндө калктын басымдуу бөлүгү мүлк салыгын төлөбөйт. Анткени ал чоң үйлөрдүн ээлерине гана тиешелүү. Маселен, көп айылдарда үйү 360 чарчы метрден ашкандар гана салык төлөөгө милдеттүү.
Бишкекте да жашоочулардын көпчүлүгү мүлк салыгын төлөбөйт. Көп кабаттуу үйлөрдө 80 чарчы метрден ашканда гана салык салынат. Бирок шаардагы батирлердин 88% ага жетпейт
Учурда үйдүн аянты канча чарчы метрден ашканда салык төлөнөт?
Айыл/шаардын калкы |
5 миңге чейин |
5-10 миң |
10-20 миң |
20-50 миң |
50-100 миң |
100-200 миң |
200-500 миң |
500 миңден өйдө |
Жер үй (кв/м) |
360 |
330 |
300 |
270 |
240 |
210 |
180 |
150 |
Батир (кв/м) |
290 |
260 |
230 |
200 |
170 |
140 |
110 |
80 |
2024-жылы өкмөт бул ыкманы өзгөртүүнү сунуштаган.
Биринчиден, калкы 100 миңден ашкан шаарлардын баары бир категорияга кирмек. Ошондо Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда үйлөр бирдей каралмак.
Экинчиден, үйдүн салык салынуучу аянты азайышы керек эле. Мисалы, учурда калкы аз айылдарда үй 360 чарчы метрден ашканда салык төлөнсө, эми 170 чарчы метрден өйдө төлөтүү сунушталган. Айырмасы эки эсе.
Үчүнчүдөн, батирлердин баары бирдей каралмак. Бишкек же Талас болобу, 80 чарчы метрден ашса эле мүлк салыгы төлөнө башташы керек болчу.
Өкмөттүн 2024-жылдагы сунушу менен үйдүн аянты канча кв/метрден ашканда салык төлөнмөк?
Айыл/шаардын калкы |
5 миңге чейин |
5-10 миң |
10-20 миң |
20-50 миң |
50-100 миң |
|
|
|
Жер үй (кв/м) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Батир (кв/м) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Бирок жарым жыл өтпөй, өкмөт дагы башка ыкманы сунуштады.
Учурдагы мүлк салыгын кандайдыр бир деңгээлде байлык салыгы катары караса болот. Анткени чоң үйлөрдө адатта колунда бар катмар жашайт.
Өкмөттүн позициясы боюнча, учурда үйдүн аянты жарандын чыныгы абалын чагылдырбай, бул адилетсиз система болуп калды. Мисалы, Бишкектин так ортосундагы 60 кв/м батир шаардын четиндеги 90 кв/м батирден кыйла кымбат турушу мүмкүн. Бирок анын ээси эч кандай салык төлөбөйт.
Жаңы сунушка ылайык, үйдүн аянты мааниге ээ болбойт. Тескерисинче, кымбат турган 60 кв/м батирдин ээси көбүрөөк салык төлөп калат.
Баасын ким эсептейт?
Бул демилгенин эң маанилүү жагдайы – мүлктүн баасын мамлекет өзү аныктайт. Ал үчүн кадастрдык баалоо деген түшүнүк киргизилет. Адистер атайын методология менен үйдүн баасын эсептеп, ошого жараша салык салынат. Мындай ыкма менен ар кайсы райондо жайгашкан, бирок аянты бирдей болгон батирлерге ар кандай салык салынып калышы мүмкүн.
Өкмөт бул дүйнөлүк тажрыйба экенин билдирүүдө. Кыргызстанда мындай системаны киргизүү демилгеси 2023-жылы айтыла баштаган. Бишкекте эл аралык форум өтүп, өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсалов көмөктөшүү өтүнүчү менен Дүйнөлүк банкка кайрылган. Уюмдун өкүлдөрү демилгени колдоп, мындай система Бишкекте гана эмес, аймактарда да киргизилиши керектигин айткан.
Форумда кадастрдык баалоо системасын киргизүүгө Орусия көмөктөшүп жатканы белгилүү болгон.
"Учурдагы салык режимине ылайык, эски объекттер кымбат баадагы жаңы үйлөрдөй эле салык төлөөгө милдеттүү. Кадастрдык баалоо адилеттүү салык чегерүүнү максат кылат. Мындай ыкма менен салык мүлктүн баасына жараша төлөнөт", - деп орусиялык АБУКО (Кадастрдык баалоо боюнча мамлекеттик бюджеттик мекемелер ассоциациясынын) жетекчиси Искандер Мельдебеков айткан.
Кадастрдык баалоону киргизүү максатында 2024-жылы Кыргызстан Орусиянын Росреестр кызматы менен келишим түзгөн. Учурда орус тарап тажрыйбасы менен бөлүшүп, техникалык көмөк көрсөтүүдө.
“Былтыр пилоттук долбоор катары Бишкек менен Ошто кадастрдык баасын эсептеп көргөнбүз. Ал кыймылсыз мүлктүн чыныгы, базар баасына жакын болуп чыкты. Ар бир калктуу пункт зоналарга бөлүнөт жана мүлктүн түрүнө жараша эсептелет. Батирдин жаңы же эски экенине, курулган жылына жана башка көрсөткүчтөрүнө жараша коэффициенттери ар башка болот. Ошентип, рыноктук баага болушунча жакындайт”, - деп “Азаттыкка” Кадастр агенттигинин кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Аманбек Кебеков айтып берди.
Адистин айтымында, турак жайдын баасын атайын компьютердик программа эсептейт. Ал үчүн тендер өткөрүлүп, учурда ал программа жазылып жатат. Кадастрдык баалоо системасын киргизүү сунушунда анын методологиясы толук жазылган.
Үйдүн ээси мамлекет аныктаган баага макул болбосо, ал көз карандысыз баалоочуларды чакырууга укуктуу болот. Кадастр агенттиги алардын анализин эске алып, чечим чыгарат.
Салыкты баары төлөп калабы?
Бул кадастрдык баалоо системасын киргизүүнүн негизги максаты. Коомдук талкууга чыгарылган документте жазылгандай, мамлекет мүлктөн түшкөн салыкты көбөйтүүнү көздөйт. 2023-жылы үй салыгынан бюджетке 1,6 млрд сом салык түшкөн.
Кирешени көбөйтүү үчүн салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек болот. Бирок кадастрдык баалоонун киргизилиши менен үй салыгы кандай эсептеле турганы азырынча белгисиз. Мисалы, үй 50 миң доллар деп бааланса, канча салык төлөнөрү түшүнүксүз. Документте анын жол-жоболору жазылган эмес.
Кадастр агенттигинин өкүлү Аманбек Кебековдун айтымында, мекеме мүлктүн баасын гана аныктап берет.
“Аны кандай максатта, кайсы салыкка колдонот, канча көлөмдө салык алат – бул суроого Салык кызматы жооп берет. Үйлөрдүн баарына салык салабы же кандайдыр бир жеңилдетүүлөр болобу, аны Салык кызматы чечет. Биз мүлктүн баасын гана чыгарып беребиз”, - деди адис.
Салык кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, учурда кадастрдык баалоо аркылуу салык салуунун эрежелери иштелип жатат. Азырынча эч кандай так маалымат жок.
2024-жылы өкмөт атайын план кабыл алып, кадастрдык баалоо системасын 2026-жылга чейин киргизүүнү максат кылган. Быйыл майга чейин орусиялык адистер менен бирге анын методикасы даярдалып бүтүшү керек. Күздөн тартып Бишкек, Ош, Талас, Кара-Балта шаарларында жана башка конуштарда кыймылсыз мүлктү баалоо башталат.
Шерине