Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

"Кумтөрдүн" акчасына байланышкан айып: Экс-министр Кутманова жана уулу сегиз жылга кесилди


Экс-министр Динара Кутманова менен уулу Кемелбек Кутманов
Экс-министр Динара Кутманова менен уулу Кемелбек Кутманов

"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, анын уулу Кемелбек сегиз жылга абакка кесилди. Соттун чечимине ылайык алардын мүлкү мамлекетке алынышы керек.

2023-жылы жайында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Динара Кутманованы министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Буга чейин Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Акыркы өкүм боюнча алардын жакындары, адвокаттары маалымат бере элек.

Соттун эне-балага карата чыккан чечими

Дээрлик бир жарым жылдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановго 5-февралда өкүм чыкканы белгилүү болду. Биринчи май райондук сотунан билдиргендей, Динара Кутманова “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен, уулу Кемелбек Кутманов болсо “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп табылган.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 5-февралындагы өкүмү менен Динара Кутманова Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискацияланып, 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал эми Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана 3 жыл мөөнөткө жеке ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган", - деп жазылган райондук сот жөнөткөн маалыматта.

УКМК: жалпы тогуз адамга айып тагылган

2023-жылы 25-июлда кармалган Динара Кутмановага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет министрликтеги коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгон" деп айып таккан.

Маселен, ал кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакын туугандарын, уулунун досун жана башкаларды тартып, жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурганы, бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылганы айтылган.

Атайын кызмат буга чейин “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого бөлүнгөн акчага каржылануучу 110 долбоордун 22си текшерилип, көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону аныкталганын билдирген.

Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкенин, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганын, бул үй-бүлөгө байланыштуу жалпысынан 62,5 миллион сомдук жемкорлук фактысы иликтенип жатканын жарыялаган.

Кийин анын уулу Кемелбек Кутмановго издөө жарыяланып, ал ошол эле 2023-жылы октябрда Түркиядан Кыргызстанга жеткирилген.

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

"Динара айым министр болуп иштеп турганда биз ассоциациянын адамдары болуп жолугуп, тоо-кен тармагынын өнүгүшүн анын жолдорун талкуулаган элек. Биринчи кезекте тоо-кен тармагынын өнүгүшүн концепциясы жок, ошону иштеп чыксак дедик эле. Ошол эле мезгилде экология тармагына тоо-кен, геология тармагы бир мекемеге кошулганы туура эмес, себеби кызыкчылыктар кагылышы болуп калат экен дедик эле. Макулдашып чыкканыбыз менен иш алгылыктуу жылган жок", - деди Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков.

Динара Кутманова министр кызматына 2021-жылдын октябрында дайындалып, 2023-жылы мартта алынган.

Ал кармалардан мурдараак атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбастыгын айтып, Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу сындаган.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Кумтөрдөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова - ред.) баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат".

Динара Кутманова ошол эле күнү "Азаттыкка" берген комментарийинде Камчыбек Ташиевге туура эмес маалымат жеткенин айтып чыккан:

Динара Кутманова
Динара Кутманова

“Жалган сөз көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берүүдө. Калыс карап териштирсе баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек. Натыйжасы жок деп азыр айтуу эрте. Анткени бак-дарактар тамыр алып, түшүм бергенче убакыт керек”.

Кутманованын камалышы тууралуу президент Садыр Жапаров дагы комментарий берген. Анда экс-министр менен уулунун ишине чекитти сот коёрун билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коёбуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды "жеп коюптур" деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акча каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот”, - деген президент Жапаров.


"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фонду 2018-жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун токтому менен түзүлгөн. Анда башкы максаты "өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо чаралын күчтөндүрүү экени белгиленген.

Динара Кутманованын таржымалы

Учурунда президентке жакын адамдардын бири катары саналган 63 жаштагы Динара Кутманова 1998-жылдардан бери экология тармагында ар кандай кызматтарда иштеп келген.

2000-жылдардын башында Бишкек шаардык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгын жетектеген. Кийин анын ишмердигиндеги финансылык мыйзам бузуулар жана күмөндүү схемалар боюнча тергөө иштери жана соттук териштирүүлөр жүргөнү тууралуу документтер бар. Бишкек шаардык прокуратурасынын маалыматына ылайык, Кутманова 2009-жылы Кылмыш кодексинин 171 жана 308-беренелери боюнча акталып, төмөнкү инстанциялардын 304, 305 жана 315-беренелери боюнча актоо өкүмү жокко чыгарылган. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

2012-жылы “Кумтөр” иши боюнча Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын экология боюнча эксперти болуп иштеген. Комиссия анын эсептөөлөрүнө таянып “Центерра Голд” компаниясына бир нече миллиард доллар доо коюуну сунуштаган. Ал эсептер кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" 2021-жылдагы талашында да көтөрүлүп, канадалык компанияга 261 млрд сом доо коюлган.

Кийин Садыр Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде ал эсептер негизсиз болгонун, "Центерраны" опузалоо үчүн колдонулган ыкма экенин айткан.

Кутманова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин жаңы түзүлгөндөн тартып, тактап айтканда, 2021-жылдын октябрь айынан 2023-жылдын март айынан чейин жетектеген.

Ага чейин, 2020-жылдын ноябрынан бери, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган.

Соттун 5-февралда чыккан чечимине Кутманованын жакындары, адвокаттар азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG