Кыргыз акындар чыгармачылыгында Жеңижок атыккан залкар төкмө Өтө Көкө уулу барандуу орунду ээлеп турат. XIX кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын башына чейин жашаган акындын артында өмүр, өлүм, адам тагдыры, жаратылыш, дүнүйө тууралуу философиялык не бир терме-санаттары, замандаштары менен болгон бир далай классикалык айтыш үлгүлөрү калганы менен оомал-төкмөл заманда жашаган таланттын бир сүрөттө да элеси калган эмес.
Анын түспөлүн адабият беттерине сүрөтчүлөр божомолдоп гана түшүрүп келишкен. Өтө Көкө уулу тууралуу алгачкы тарыхый тасманын жарык көрүшү айтыш күйөрмандарын эле эмес, жалпы маданият, тарыхка кызыккан көпчүлүк үчүн зор жаңылык болуп турат. Ошол эле маалда акын тууралуу бул эмгек анын улуу бейнесин татыктуу ачып бере алды бекен деген да чочулоолор жок эмес.
Жеңижок тууралуу тарыхый тасманы жаратуучулардын айтымында анда акындын бала кезинен баштап өмүрүнүн соңуна чейинки урунттуу учурлар камтылган. Тарыхый инсандардан – махабаты Көксулуу, улуу акын Арстанбек, устаты комузчу Ниязалы, замандашы, досу Токтогулдун образдары бар.
Фильм быйыл жай-күз айларында Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл облустарында, Суусамыр өрөөнүндө жана Аксы райондорунда тартылган.
Тарыхый тасманы кимдер тартты?
Залкар акын Жеңижок тууралуу тасманы УТРКнын “Кыргызтелефильм” студиясы тартып, өкмөт бул тархый долбоорго 15 миллион сом каражат бөлүп берген. Мындан сырткары жеке демөөрчүлөр да колдогону айтылды.
Фильмдин сценарийин жазуучу, драматург Керез Зарлыкова жазып, “Кыргызтелефильм” студиясынын директорунун орун басары Паризат Жакыпбекова режиссерлук кылган. Экинчи режиссер катары Мурат Мамбетов иштеген. Тасманын оператору Хасан Кыдыралиев, койгон сүрөтчүсү Касым Исмаилов, композитору Бакыт Алишеров.
“Көп тарыхый тасмалар тартыла элек”
Жеңижок акын тууралуу тарыхый тасма тартуу “Кыргызтелефильмдин” узак мезгил ичиндеги зор долбоорлорунун бири болуп турат. Себеби студия 1980-жылдардын соңунан бери көлөмдүү тасма тарта элек болчу. Студияга аты берилген айтылуу кинорежиссер, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев мында 1984-жылы атактуу “Махабат дастаны”, 1988-жылы “Акбаранын көз жашы” тасмаларын тарткан.
“Жеңижок” тасмасынын коюучу-режиссеру Паризат Жакыпбекова акындын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу бул эмгек жаш муунга тарыхтын жаңы барагын ачууда дейт:
“Кесибим тарыхчы болгондуктан, кыргыздын тарыхы жаш кезимен эле кызыктырчу. Жеңижок акын тууралуу чыгарма жаратуу идеясы көптөн бери эле бар болчу. Анын өтө күчтүү ырлары, айтыштагы курч сөздөрү азыркыга чейин элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мага өзгөчө анын жеке тагдыры, Көксулуу менен сүйүүсү, ала оорусу менен ооруп кийин айыккан учурлары, ошол мезгилдеги элибиздин жашоосу кызык болду. Эмне себептен акындын ырлары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, ырдалып келет? Анткени Жеңижок өзү сабаттуу киши болуп, терең ойлонуп, терең ырларды жараткан. Кинодо ушул нерселердин баары камтылган. Азыр да жаштар тилибизди, дилибизди сактап, салт-санаабызды билиши керек. Бул тасма аркылуу элибиздин бай тарыхын баяндап, жаш муунга тарбия бере турган көп жакшы нерселерди берүүгө аракет кылдык. Кыргыз тарыхы бай болгону менен бирок кыргыз киносунда көп тарыхый тасмалар али тартыла элек”.
"Композиторлордун көбү макул болгон жок"
Тарыхый долбоорду ишке ашыруу демилгеси 2019-жылдары башталыптыр. Бул арада тартуу иштерине даярдыктар көрүлгөн. Сценарийдин автору, жазуучу, драматург Керез Зарлыкова тарыхый архивдик материалдарды, адабият, санжыраларды изилдеп, Жеңижок тууралуу маалымат билгендер менен баарлашууга эки жылдай убакыт коротконун айтат. Зарлыкова да тарыхчы болгондуктан өз кесиби бул фильмди жаратууга көмөкчү болгонун кошумчалады:
“Элибиз эгемендик алганга чейин тарыхыбыз, тарыхый инсандарыбыз тууралуу маалыматтар ачылбай, жазылбай, жабык бойдон калган эле. Мектепте, ЖОЖдордо да алар окуу программаларына кирбей, окутулбай келгени чын. Ушул себептен кийинки муундун көпчүлүгү Жеңижок сындуу улуу залкарлар тууралуу көп билишпейт, билсе да көп маалыматтардан кабары жок. Эгемендикке ээ болгондон кийин гана биз элибиздин өткөн тарыхы жөнүндө кенен окуй баштадык.
Жеңижок атабыз 19-кылымдагы залкар инсандардын көч башында турат. Бул кишиге теңелип ырдай турган адамдар аз чыккан. Акындын чыгармачылыгы азыркы ааламдашуу доорунда элибизге абдан керек. Бул тарыхый көркөм тасма болгондуктан биз далай изденип, даярдыктарды көрдүк. Жеңижоктун турмушундагы ар бир деталды туура, көркөмдөп тартканга аракет кылдык. Акындын жашоосун изилдеп көп жерде болдук. Өзү Таласта туулганы менен Аксынын Кара-Суу деген жеринде чоңойгон эмеспи. Кийин таластык туугандары Жеңижок атактуу болуп казак-кыргызга кеңири тааныла баштаганда аны туулган жерине чакырган экен. Бирок ал кандайдыр бир себептерден улам кайрадан Кербенге келип, өмүрү өткөнчө ошол жерде жашаптыр. Мүрзөсү да Кара-Сууда экен. Биз бейитине чейин барып куран окутуп, эл-журтуна жолугуп, үч жылча акындын тегерегинде издендик. Аксылык азыркы замандаштар өздөрү акынды көрбөсө да атадан айтылып келаткан бир топ маалыматтарда билишет экен. Ошолордун баары менен баарлаштык. Үч жыл ичинде кайда жүрсөм да Жеңижок тууралуу угуп, билип жүрдүм. Ал тууралуу басма сөздөргө чыккан ар кайсы авторлордун макалалары, илимпоздордун изилдеген материалдары, санжырачылардын маалыматтары да көмөк болду. Тасманын башында төгүлүп ырдап турган Жеңижоктун ырынын музыкасын жазып бербейсиңерби деп бир топ композиторго кайрылдык. Көпчүлүгү “Жеңижоктун өзү эле төгүлгөн ыр, музыка да” дешип макул болгон жок”.
"Элдүүлүгүбүздү сактайлы десек тарыхый тасмаларга маани бериш керек"
Төкмө акын Максат Кулуев тасмада акын, агартуучу Нурмолдо Наркул уулунун образын жараткан. Ошону менен катар ал фильмде ырдалган ырлардын текстине жана обондоруна жооптуу болгон.
“Элибизге эбегейсиз маданий мурас калтырып кеткен Жеңижок акын тууралуу тасма тартылып жатканы колдоого алардык иш. Мына Токтогул атабыз тууралуу союз учурунда бир-эки тасма тартылганын билебиз. Ал эми эгемен доордо залкар төкмө акындар тууралуу кинолор тартыла элек болчу. Эми ушул долбоордон кийин дагы да алдыда көп жакшы иштер жанданат деп турам. Мунун жемиши эртеңки муун менен келет. Улуттун тил байлыгы, каада-салты ушундай тасмалар менен сакталып, жайылат. Биз элдүүлүгүбүздү сактайлы десек тарыхый тасмаларга маани бергенибиз туура. Ал эми ал кандай деңгээлде, кандай көркөмдүктө тартылганы экинчи маселе. Эң башкы максат музду ордунан жылдыруу. Азыр базар экономикасы деп эле жеңил-желпи сценарийлер менен тартылган коммерциялык тасмалар жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Чөнтөктү эле ойлой бербей, элдин жан дүйнөсүн да байытышыбыз керек”.
"Жаш экен деп ишенбегендер көп болду"
“Жеңижок” тасмасында акындын ролун үч муундун актерлору - бала чагын Эмирлан Аскарбеков, жаш чагын Амангелди Шеркул уулу, орто курагын Руслан Оразакунов ойногон.
Кыргыз драма театрынын актеру Амангелди Шеркул уулу буларды кеп кылды:
“Жеңижок атабыз тууралуу алгачкы тарыхый тасма тартылып жаткандыктан анын ролун аткаруу мен үчүн абдан жоопкерчиликтүү иш болду. Ушул себептен алгач мага анын ролу режиссер тарабынан сунушталганда каршы болдум. Кийин сүйлөшүүлөр болуп жатты. Комуз черткенди билбесем да Паризат эже менин актерлук чеберчилигимди жактырып, ишеним артып турду. Мен агай-эжелериме кайрылып “Жаштык кылып туура эмес ойноп аламбы” деп кеңеш сураганымда алар “Макулдугуңду бер, сен төрт жыл ушул чөйрөдө окугансың, билимиң бар, ойно” дешти. Ушундан кийин тартуучу топ менен кайрадан жолугуп, акын тууралуу маалыматтарды терең изилдей баштадым. Жеңижоктун узун айтыштарын жаттоого, комуз чертүүнү үйрөнүүгө бир топ убакыт кетти. Комуздан акын Максат Кулуев устат болду. Ал дегеле акындар кимдер, алар комузду кандай чертип, кандай ырдайт, баарын үйрөтүп жатты. Дагы бир режиссер Мурат Мамбетов агам да көп жардам берди. Тартуу иштери тоо-ташта болгондуктан ысык-суукта көп жүрдүк. Бул арада ат үстүнөн кулаган учурларым болду. Акындын ролун мен аткарарымды угуп жаш экен деп ишенбегендер да көп болду. Бирок ошого карабастан улуу акындын ролун аткара аларыма ишеним көрсөткөнү үчүн Паризат эжеге ыраазычылык билдирем”.
Ал эми Жеңижоктун ашыгы эл ичинде аңыз болгон каарман Көксулуунун ролун Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эки актрисасы – жаш чагын Анара Таалайбек, орто курагын Айсалкын Кыйыкбаева ойногон.
“Жеңижоктун ашыгы, сүйгөн жары Көксулуунун ролун ойноо мен үчүн чоң жоопкерчилик, аны менен катар тажрыйба да болду. Бул роль аркылуу өзүмдү дагы да тереңирээк тааныдым. Кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, каада-салтына дагы бир ирет суктануу менен сүңгүдүм. Образды жаратууда Көксулуунун сырткы келбетине караганда ички дүйнөсүн ачууга көбүрөөк аракет кылдым. Бул мага актерлук чеберчилигимди дагы да өнүктүрүүгө өбөлгө болду. Жалпылап айтканда бул тарыхый тасмада иштөө мен үчүн чыныгы сыймык жана баалуу эскерүүлөрдүн булагы болуп калды”, - дейт Анара Таалайбек.
“Жеңижок” тасмасынын тизерлери учурда социалдык тармактарга байма-бай жарыяланууда. Аны жаратуучулардын айтымында фильмдин бет ачары ушул айдын соңунда өтөт.
Жеңижок акын (Өтө Көкө уулу) 1860-жылы Таластын Манас районуна караштуу Сары-Көбөн айылында туулган. Бирок жашынан тоголок жетим калгандыктан Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагындагы туугандарына жер которуп келип, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өткөн.
Ырчылык өнөргө шыктуу бала комуз чертүүнү Ниязалы Борош уулунан үйрөнгөн.
Өспүрүм кезинде эле "Эр Төштүк", "Кожожаш" сыяктуу дастандарды "Семетейди" айтат. Кийин Нурмолдо, Эсенаман баштаган өзүнөн улуу муундагы акындарды жеңип, атагы арткан.
Жеңижоктун ырларынын арасында философиялык чыгармалары көп. Ал өз заманы, жашоонун маани-маңызы, үй-бүлөнүн баалуулугу сыяктуу түбөлүктүү мазмундагы чыгармаларды жараткан. Акындын бир чоң өксүгү жубайы Көксулуу экөө ал бала көрбөй туяксыз өтүшкөн. Залкар талант жаштайынан араб тилинде жазып-окуганга үйрөнүп, өз заманынын билимдүү кишилеринен болгон.
Совет доорунда мезгилдин идеологиясына туура келбейт деген жалаа менен кеңири таралбай жүргөн Жеңижоктун чыгармачылыгы өткөн кылымдын 80-жылдардан тартып гана жана эгемендик жылдары терең изилдөөгө алынып, жаш муундагы окурмандарга таанылып келет.
Чыгармаларынын ичинен "Аккан суу" аттуу ырын дастан катары азыркы элдик ырчылар аткарып жүрөт. Анда акын аккан суунун кадырын, табийгаттын ыйыктыгын, адам баласынын жалпы пенделик табиятын кеңири баяндаган.
Шерине