Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

Президенттин мурдагы жардамчысы Халиковдун Молдовада кармалышы. Кишинев Бишкектин талабын аткарабы?


Айдар Халиков
Айдар Халиков

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Молдовада кармалып, экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.

Расмий билдирүүдө аты-жөнү так айтылган жок. Бирок кармалган киши президент Жапаровдун мурдагы коомдук кеңешчиси Хайдарали Халиков экенин айрым басылмалар жазып чыкты. Аны коомчулук Хайдарали эмес, Айдар Халиков деп тааныйт.

Ал чет өлкөгө чыгып кетип, акыркы кездерде социалдык тармактарда президент Жапаровду кескин сындап келгени менен белгилүү. Ага “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча айып тагылган.

"Мурдагы жардамчы 18 күнгө камалды"

Молдованын борбору Кишинев шаарында кармалган Айдар Халиков 11-январда соттун чечими менен 18 күнгө камалганы белгилүү болду. Бул туурасында Халиковдун адвокаты менен байланышта болуп жаткан иликтөөчү журналист Болот Темиров билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта президенттин мурдагы коомдук кеңешчисин Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилиши керек.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Молдованын соту Халиковго жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигине өз позициясын коргогонго убакыт берди. Андан кийин экстрадиция болору же болбосу чечилет. Эгерде Молдова Халиковду Кыргызстанга өткөрүп берсе, анда аброюна шек келет. Анткени алар өз өлкөсүн демократиялык мамлекет катары көргөзүп, Евробиримдикке кошулганга аракет кылып жатат. Ошол эле учурда Молдованын Ички иштер министрлиги Халиковду айыптагандай билдирүү тараткан экен. Бирок муну сот чечет көрүнөт”, - деди Болот Темиров.

10-январда Молдованын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы инспекциясы Кыргызстандын бийлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган адам кармалганын билдирген. Алардын Фейсбуктагы баракчасына жүктөлгөн видеодон Халиковго окшош адамды эки кызматкер коштоп, машинеге салып кеткенин көрүүгө болот.

11-январда болсо Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Халиковго байланыштуу маалымат таратып, ал “Кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган.

“Ошентип, Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары Х.Х. бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шек саналууда”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Министриктин маалыматында айтылган адам Хайдарали Халиков экени белгилүү болду. Коомчулук аны Хайдарали эмес, Айдар деген ат менен тааныйт. Бирок Халиковдун иши боюнча мындан башка маалымат жок.

Молдова - Европадагы, Румыния жана Украина менен чектешкен чакан мамлекет. Убагында СССРдин курамында болгон. Соңку жылдары Молдова Евробиримдикке кошулууга умтулуп келет. Ошол эле бул өлкөдө Орусияны колдогон саясий күчтөр дагы бар. Кыргызстан менен Молдованын ортосунда 90 күндүк визасыз режим өкүм сүрөт.

Мурдагы жардамчы Кыргызстандан эмнеге чыгып кеткен?

Азыр Молдованын борбор калаасы Кишиневдо кармалып турган Айдар Халиков өзү Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз экенин, 2013-жылы кыргыз жарандыгын алганын айтып келет. Ал ошол жылдардан тарта Садыр Жапаровду колдоп, 2020-жылы Жапаров бийликке келгенде президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалган. Ошондон тарта бийликти мактап-жактаган билдирүүлөрдү жасап, оппозиция өкүлдөрүн, жарандык активисттерди жана журналисттерди кескин сынга алып келген.

2024-жылы 13-ноябрда “Айт, айт десе” каналына Айдар Халиков менен журналист Болот Темировдун маеги жарыяланган. Ошондо анын сыртка чыгып кеткени белгилүү болгон.

Аталган маекте Халиков Садыр Жапаров жана Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда бийликке каршы пикир жазгандарды жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялоого мажбурлаганын айтып, ага каршы болгонун билдирген.

“Даяр, жазылган билдирүүлөрдү жөнөтөт. Тайпаларга, башка жерлерге таратыш керек. Мунун мага эмне кереги бар? Мен андай жалаага акыретте жооп беришим керек да. Эгерде күрөш ачык болсо, мен президентти же башканы коргоп күрөшө берем. Туура жолдо кетип жаткан болсо. Биринчиден, туура эмес жолдо баратса, экинчиден, мен чындыкты айтып жаткандарды андай кылыштан корком”, - деген ошондо Халиков.

Айдар Халиков ушундай көрүнүштөрдүн айынан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.

14-ноябрда Дайырбек Орунбеков Халиковдун айткандарына жооп берип, ал президенттин жардамчысы болгондон кийин мыйзамсыз иштер менен алектенгенин билдирген. Бир канча мекемелерге барып кысым көрсөткөнүн, дүкөндөрдөн соода кылганда дагы “президенттин жардамчысы” деген күбөлүгүн көрсөтүп жүргөнүн кошумчалаган.

“Айдар Халиков күбөлүктү алган күндөн тартып эле алыскы айыл өкмөттөргө, акимдерге кирип, бирөөлөрдүн жумушун бүтүрүп берип жүргөн. Акыркы жылдары Өзбекстандан аткезчилик менен курулуш материалдарды ташып калган. Бир канча мекемеге барып, “мен президенттин жардамчысымын” деп үстөмдүк кылган”, - деген Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы видео кайрылуусунда.


Орунбеков Халиковду камоо тууралуу буйрук берилгенин, 2024-жылы август айында өлкөдөн чыгып кеткенин кошумчалаган.

“Президент айланасын тазалашы керек”

Убагында президент Садыр Жапаровдун саясатын толук колдоп, кийин сын айткандардын катарында Айдар Халиков жалгыз эмес. Президенттин дагы бир тарапташы Мелис Аспеков 2024-жылы февраль айында жети жылга кесилип кеткен.

Кийин Аспековдун бийликти, президентти сындаган видео кайрылуулары Кыргызстандан чыгып кеткен активист Тилекмат Кудайбергеновдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. Аталган кайрылуулар тергөө абагынан тартылганы белгилүү болгон. Бул окуядан кийин Аспеков түрмөнүн айып изоляторуна (ШИЗО) киргизилгенин анын жакындары кабарлап келет. Бирок расмий органдар буга комментарий берген эмес. Президент Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине курган маегинде "жалган жалааларга жооп бербей турганын" айтып, "чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат" деп кошумчалаган.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков президент өзүн курчап турган айрым адамдардан тазаланышы керек деген пикирин айтууда.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

“Мелис Аспеков да, Айдар Халиков да жакын адамы болгон. Халиков жалгыз эле журналисттерге эмес, саясатчыларга да асылып, оозго алгыс, этикага сыйбаган жолдор менен реакция кылып жүргөн адам эле да. Негизи президенттин жанында билимдүү, маданияттуу адамдар турса жакшы болмок. Анын кесепетин жалпы эле көрүп жатабыз да. Маселе президент кандай адамдар менен иштешип жатканында. Мамлекет башчынын аброюна дал ушундай адамдар шек келтирет. Азыр да президенттин жанында Халиковго окшогон адамдар бар. Алардын тагдыры да ушундай болуп бүтөт. Ошон үчүн президент айланасын тазалашы керек”.

Мамлекет башчы коомдук башталыштагы бардык жардамчылары менен кеңешчилерин 2024-жылы сентябрда бошоткон. Бул чечим Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынганын кабарланган.

Мындан тышкары, бийлик коррупция менен күрөштө тарапташтарына, жакындарына карабай турганын айтып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG