Атраудагы мечиттин мурдагы күзөтчүсү Кейкуат Оспанов өлкө кыдырып, адамдын денесине кирип кеткен "жиндерди" чыгара турганына элди ишендирип келет.
Сеанстары тууралуу видеороликтерди ал социалдык тармактарга өзү жарыялайт. Акыркы Атырауда тартылган видеодо Оспанов экзорцизм жөрөлгөсүн беш жаштагы кызга жүргүзүп жатканын көрүүгө болот.
Колу таңылган кызды энеси кармап, жанында отурган эркек ыйлап жаткан наристеге эмес, анын денесин уялап алган азыткыга суроо берип жаткандай түр көрсөтөт.
"Сен миң жылдыксыңбы же жүз жылдыксыңбы?", - деп сурайт "экзорцист".
"Миң жылдык", - дейт баланын үнү.
"Алдагы жакта канчаңар барсыңар?", - деп сурайт Оспанов "азыткыдан".
"Тогуз", - деп жооп берет бала.
Кыздын апасы Гүлзира кызды "табыпка" өзү алып барган, экзорцисти ал Instagram аркылуу тапкан. Ал журналисттерге Оспановго кызынын "жүрүм-туруму баланыкындай болбой калганы үчүн" кайрылганын айтты:
"Азыр кызым жакшы эле, өзүн жакшы сезип калды. Кейкуат агага эч кандай дооматым жок, ал элге чындап жардам берүүдө. Ага жин чыгарыш үчүн кезекке тургандар көп. Ал чындап эле элдик табып", - дейт Гүлзира.
Ал эми Казакстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү секелекти мазактоо ишин сотко чейин жеткирүүгө убада берип, "экзорцисттен" мындай ишмердигин токтотуусун талап кылууда. Агартуу министрлигинен инцидент изилдене турганын билдиришти.
"Казакстандын Агартуу министрлигине караштуу балдар укугун коргоо комитети кырдаалды көзөмөлгө алууда. Азыр наристеге мындай тажрыйбанын кесепетин жоюу үчүн психологиялык колдоо баштаган керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Баланын ден соолугун жана коопсуздугун коркунучка кептеген кандай аракет болбосун жол берилгис", - деп билдиришти министрликтен.
Атырау облусунун башкы имамы Алтынбек Утысханов өз кезегинде экзорцисттин дин кызматкерлерине да, медицинага да тиешеси жок экенин билдирди. Утысхановдун айтымында, Оспановду дин ишмердигине анын 2009-жылы жергиликтүү мечиттин кароолчусу болгону гана байланыштырып турат.
Казакстандык ЖМКлар өзүн экзорцист атаган Кейкуат Оспанов буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин "Ак ниет кызматы" үчүн деген төш белгиси менен сыйланганын айткан. Сыйлык адатта өз тармагында эмгеги сиңген адамдарга берилет. "Жин чыгаруу" жөрөлгөсүнөн улам социалдык түйүндөрдө Оспановго төш белгини эмне үчүн ыйгарышканына таң калгандар арбын.
Кейкуат Оспанов резонанстан кийин Caspian news телеканалынын журналисттерине секелек кыз менен видеону "өз иши тууралуу маалымдама" катары илгенин, бирок мынчалык дүң болорун күтпөгөнүн айтты. Ал "жинди 10 мүнөт ичинде дуба окуп чыгарганын" кошумчалады. Баланы таңып койгонун "наристеге эбегейсиз күчкө ээ азыткы" кирип кеткени менен түшүндүрдү.
Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишев элдин жин-шайтан тууралуу жомокторго ишенип жатканын "Казакстанда социалдык деградация жүрүп жатканынын белгиси" деп сыпаттады.
"Биз орто билим берүүнүн сапатынын начарлаганы коомдук аң-сезимге канчалык зыян алып келип жатканын аңдабаган чаласабаттардын кубанычтуу ызы-чууларына күбө болуп жатабыз. Мамлекет мындай учурда ыргылжың болбой, чечкиндүү түрдө караңгылыкка кирүүгө тыюу салган кызыл чийиндери коюшу шарт. Болбосо, мындай деградация өлкөбүздү бат эле жутуп тынат", - дейт ал.
2016-жылы эле казакстандык диниятчылар бийликтерди оккультизмди жарнама кылууну токтотууга чакырышкан. Бул жөнүндө сөз аялын өлтүрүп коюп, соттолгон мурдагы министр Куандык Бишимбаев көзү ачыктардын жана төлгөчүлөрдүн кызматын пайдаланганын соттук жараянда моюнга алгандан кийин кайра жанданган. Бирок азырынча Казакстанда оккультизм менен алектенгендердин ишине чек коюла элек.
Казакстандын коңшусу Кыргызстанда 2024-жылы көзү ачыктык, бүбү-бакшылык, төлгө салуу, сыйкырчылык менен алектенүүнү жарнамалоого тыюу салынган. “Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койгон.
"Мыйзамдын максаты - оккульттук, сыйкырчылык жана башка анык эмес ыкмалар менен жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүүнү болтурбоо" деп айтылган Президенттик администрация тараткан маалыматта.
Макаланын автору "Настоящее время" долбоорунун кабарчысы Даурен Хаиргельдин.
Шерине