Мамлекет насыяларды кантип көзөмөлдөйт? Бул рыноктук механизмдерди бузбайбы?
Насыя канча болушу керек?
Депутаттардын жүйөсүндө, насыя алуучулар банктардын жана микрокредиттик компаниялардын шарттарына макул болууга аргасыз. Катардагы жарандардын каржылык сабаты жетишсиз болгондуктан, алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн мамлекеттин кийгилишүүсү талап кылынат. Чаралардын бири катары насыялардын ченин мыйзам менен бекитүү сунушталды.
Кыргызстанда 2013-жылы сүткорлукту жөнгө салган мыйзам кабыл алынган. Анын принциби жөнөкөй: кардарга насыя берип жатканда учурдагы кредиттердин орточо пайызы эсептелип, ага 15% көп кошулбашы керек.
Мисалы, 2024-жылы Кыргызстандагы насыялардын орточо чени 17,8% деп эсептелген. Демек, банктар жана микрокредиттик уюмдар 32,8% кымбат насыя бере албайт.
Бирок депутаттар мындай айырма өтө чоң деген пикирде. Алар банктар 3%, башка каржылык компаниялар 7% көп кошпошу керек деп сунушташууда.
Ошондо өлкөдөгү насыялардын орточо пайызы 17,8% болсо, банктар 20,8%, башка уюмдар 24,8% кымбат коё албай калат.
Демилгечилердин пикиринде, насыялардын арзандашы экономикалык активдүүлүктү күчөтөт, эл көбүрөөк кредит ала баштайт, керектөө көбөйөт, жалпы экономика өсөт. Ал эми азыркы шартта калктын абалы барган сайын оорлошо берет.
"Биз депутат катары элдин алдына барганда насыялардын пайыздары өтө жогору болгонуна нааразылыгын айтышат. Бул калктын көп катмарын оор абалга кептеп койгон. Бизге үй-жайынан, үй-бүлөсүнөн, ден соолугунан ажыраган жарандарыбыз көп кайрылат. Бүгүнкү күнү ар бир үй-бүлөнүн негизги көйгөйү болгон акча жетишсиздигин жоюу максатында биз акча-кредит саясатын өзгөртүүнү сунуштап жатабыз", - деп 13-декабрда парламенттик талкууда депутат Шарапаткан Мажитова түшүндүргөн.
Жалпы 13 депутат сунуштаган бул мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралууда.
Жаңы жылды утурлай, 31-декабрда, Улуттук банк да коммерциялык банктардын ишине байланыштуу бир нече сунуштарды алып чыкты. Анын ичинде кредиттерди жөнгө салуу керектиги жазылган. Мекеме билдиргендей, банктар насыяларды өздөрү аныктагандыктан, ал 33-34% чейин чыгып кетти.
Улуттук банк да кредиттердин көзөмөлдөнүшү элдин жүгүн жеңилдетет деп эсептейт. Насыялар арзандаса, жарандардын турак жайга жана бизнеске инвестиция салууга мүмкүнчүлүгү пайда болот деп жүйө келтирген. Регулятордун пикиринде, кредиттердин арзандашы банк системасына болгон ишенимди жогорулатат.
Бирок Улуттук банк насыяларды кандай жол менен чектегиси келгени белгисиз. Мыйзам долбоорунда анын механизми так жазылган эмес. “Азаттыкка” берген жообунда Улуттук банк рыноктук механизмдерди сактай турганы убадалаган.
Бизнестин реакциясы
Айтылган сунуштар банктардын негизги киреше булагына тиешелүү болгону менен алар өз позициясын ачык айтуудан абайлашат. “Азаттыкка” бир нече банктын кызматкерлери түшүндүргөндөй, алар мамлекет менен келишпестиктер пайда болушун каалабайт. Бул тармактын таламын талашкан “Кыргызстан банктарынын бирикмеси” да өз пикирин билдирүүдөн баш тартты.
Ноябрда “Эл аралык ишкерлер кеңеши” жалпы бизнес коомчулугунун позициясын жарыялаган. Уюм депутаттардын сунушун кескин сындап, насыяларды чектөө терс жыйынтыкка алып келерин билдирген.
“Ишкерлер кеңешинин” пикиринде, кредиттердин пайызы мамлекет тарабынан бекитилсе, насыя берүү пайда алып келбей калышы мүмкүн. Бул өз кезегинде өлкөгө келген ресурстарды азайтып, элдин насыя алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.
“Рыноктук экономикада насыя суроо-талаптын негизинде, каражаттын наркын, инфляцияны жана тобокелдиктерди эске алып түзүлөт. Насыянын ченин чектөө менен мамлекет рыноктук шарттарды бузат. Банктар насыя берүүнү азайтат. Бул кредиттик ресурстардын дефицитине, көмүскө рыноктун өрчүшүнө жана атаандаштыктын солгундашына алып келет. Каржы мекемелери инфляцияны жана тобокелдиктерди кошо албаса, насыя берүү пайда алып келбей калат”, - деп уюм билдирген.
“Ишкерлер кеңеши” насыяларды арзандатуу үчүн конкуренцияны күчөтүү, өлкөнүн кредиттик рейтингин жакшыртуу өңдүү чаралар көрүлүшү керек деп эсептейт.
Банк укугу боюнча эксперт Акылбек Жусупов да Economist.kg сайтына берген маегинде банктардын жүгү эске алынбаганына көңүл бурган.
“Банктар өздөрү дагы кредит алып, аны кайтарышы керек да. Алар элден алган депозиттерди жана башка кредиторлордон алган кредиттерин кайтарышы керек экенин депутаттар билсе керек”, - дейт адис.
Экономист Нургүл Акимова “Азаттыкка” курган маегинде насыялар рыноктук механизмдер менен жөнгө салынышы керектигин айтты:
“Банктарга түз эле мынчадан ашырбайсыңар дей турган болсо, акча-кредиттик саясаттын мааниси эмнеде? Рынокто катышуучулардын болушунун мааниси эмнеде? Анда мамлекеттик банктарды эле калтырып коюш керек. Өзүн өзү жөндөй турган рыноктун мааниси жоголуп жатпайбы”.
Деген менен, банктардын маржасы өтө чоң болуп, алар ашыкча пайда көрүп жатат деген пикирлер да айтылып келет. Парламентте бул маселе бир нече жолу көтөрүлүп, депутаттар банктарды көзөмөлдөө керектигин айтышкан. 2023-жылы банктар 24,2 млрд сом таза пайда тапкан.
Эл аралык тажрыйба
Дүйнөлүк практикада борбордук (улуттук) банктар насыяларга таасир этүү үчүн эсептик ченди көбөйтүп же азайтат. Ал кандай иштейт?
Коммерциялык банктар улуттук банктан насыя алып, өзүнүн үстөгүн кошуп, анан элге кредит берет. Эсептик чен – бул улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын пайызы.
Эсептик чен аз болсо, коммерциялык банктар да өз кардарларына насыяларды арзан бере алат. Эсептик чен жогору болсо, насыялар да кымбаттайт.
Мисалы, октябрда Орусиянын Борбордук банкы эсептик ченди 21% чейин көтөргөндөн кийин банктардагы насыялар 30% чейин өсүп кетти. Бир жыл мурун эле эсептик чен 15-16% болуп турганда насыялар 20% тегереги болчу.
Кыргызстандын Улуттук банкы да абалга жараша эсептик ченди өзгөртүп турат. Бирок чет өлкөлөрдөн айырмаланып, ал кредиттерге анчейин таасир эте бербейт. Кыргызстанда эсептик чен бүгүнкү күндө 9%, бирок насыялар, Улуттук банк өзү билдиргендей, 34% чейин чыгып жатат.
“Эсептик чендин мааниси ошол да, ал банктардагы насыяларга таасир этиши керек. Бизде таасирин тийгизбей жатканы үчүн Улуттук банк түз эле коммерциялык банктарга барып, өз шарттарын коюуну көздөп жатат. Мындайча айтканда, эсептик чен бизде иштебей жатат. Мен алар эмнеге мындай кадамга барып жатканын түшүнүп жатам”, - дейт экономист Илимбек Абдиев.
Улуттук банк “Азаттыкка” берген жообунда эсептик чен насыяларды түздөн түз жөнгө салбастан, рынок үчүн ориентир болуп берерин билдирди. Мекеме түшүндүргөндөй, эсептик чен кредиттерди дароо өзгөртпөйт. Ал алгач банктардын ортосундагы кыска мөөнөтттүү ставкаларга тийиштүү болуп, анан бир нече убакыт өткөндөн кийин гана жалпы насыяларга өз таасирин тийгизет.
Мамлекет насыяларды мыйзам менен чектеген учурлар бар, бирок ал күтүлгөн натыйжага алып келген эмес дейт “Эл аралык ишкерлер кеңеши”. Мисалы, 2016-жылы Кенияда кредиттер эсептик ченден 4% ашпашы керек деген мыйзам кабыл алынган. Анда банктар кичи жана орто бизнести каржылоону токтотуп, экономикалык өсүш басаңдаган. 2019-жылы мыйзам жокко чыгарылган.
2013-жылы Замбияда да чектөө киргизилгенде банктар тобокелдиги жогору кардарларга насыя бербей калган. Бирок рынокто көмүскө насыя берүүчүлөр пайда болуп, өлкө бийлиги мыйзамды артка тартууга аргасыз болгон.
Ал эми жакынкы өлкөлөрдө насыялардын чеги бир топ жогору бекитилген. Казакстанда банктар күрөөсүз насыялардын ченин 56% чейин коё алат, күрөө бар болсо – максимум 40%. Ипотека 25% ашпашы керек. Грузияда 1000 лариден өйдө ($353) насыялар 50% кымбат болбошу зарыл. Орусияда насыянын чени күнүнө 1% ашпашы шарт.
Шерине