Kun.uz сайты "Салимбай байбача" деген ат менен Борбор Азияга таанымал кримтөбөл Салим Абдувалиев дүйшөмбүдө абактан чыкканын жазды.
Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Абдувалиевге Кылмыш кодексинин "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча айып тагылып, 2024-жылы 19-мартта алты жылга кесилген.
Бул беренеде эгерде айыпталуучу өкүм чыгарылгандан кийин катуу ооруга чалдыкса, жаза өтөөдөн бошотуу каралган.
Ал эми "Аткезчилик" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Бирок "Салимбай байбачанын" эркиндикке чыкканы тууралуу расмий билдирүү жарыялана элек.
Өткөн жылы 11-августта социалдык түйүндөрдө Салим Абдувалиевдин өлүмү тууралуу билдирүүнү "Авторитет" Ютуб каналы тараткан. Кийинчерээк Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов бул маалыматты четке каккан.
Өзбекстанда Абдувалиевден тышкары 2023-жылы "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деп таанылган Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.
Былтыр июль айында Ташкенттин Юнусабад райондук сотунун өкүмү менен Кудратуллаев "опузалап, ири өлчөмдө акча талап кылуу" жана "мыйзамсыз маңзат сактоо" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.
Белгилей кетсек, былтыр октябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Салим Абдувалиевге издөө жарыялап, аны менен байланышы бар бир катар ишкер, саясатчыларды кармап, суракка алган.
УКМК Абдувалиев КМШ өлкөлөрүндө таасирдүү болгон, Европага маңзат ташуу каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөн деп билдирген.
Салим Абдувалиев ким?
Салим Абдувалиев 1950-жылы Ташкент шаарында туулган. Жогорку билимдүү, спорттук мекемелерде жетекчи кызматтарды аркалаган. 2017-жылы Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, Спорттук күрөш ассоциациясынын жетекчиси болуп туруп, мамлекеттик сыйлыктарды алган.
2006-жылы АКШнын дипломаттык маалыматтарында ал "жогорку мамлекеттик кызматтарды саткан" жана ишкерлерге кирешелүү мамлекеттик келишимдерди "алып берген" "Ташкент мафиясынын башчысы" катары сүрөттөлгөн.
Салим Абдувалиев буга чейин Кыргызстандын саясий айдыңында да аты аталып, анын таасири жөнүндө көп сөз болгон. Бирок айың кептер эл оозунда гана калып, расмий бийлик ага кулак салган эмес. Абдувалиев 2024-жылы алты жылга соттолгондон кийин, Кыргызстанда да "Салимбай байбачага" иш ачылып, Интерпол аркылуу издөө салынган.
Бирок ал соттолгонго чейин эле ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Абдувалиевди "кримтөбөл" деп ачык атаган. Ал кезде парламенттеги "Альянс" партиясынан депутат Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстанга сапары тууралуу жаңжал чыгып, Ташиев депутаттын Салимбай байбачага жазган катын окуп берген. Анда Жамгырчиев 2022-жылдын аягында "Салимбай байбачадан" колдоо сурап, Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Ташкентке барганы айтылган.
2018-жылы Салим Абдувалиевди эки жагынан кучактап турган экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев тартылган тасма да кызуу талкууга түшкөн. Атамбаев "Салимбай байбачага" Кыргызстанда иш козголгондон көп өтпөй кармалган.
Ошондой эле кыргыз бийлиги Салим Абдувалиевге кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу кылмыш ишин козгоп, издөө салган. Атайын кызмат "Агайындар" (Братский круг) эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталганын билдирген.
"Абдувалиев Умаровдун көрсөтмөсү менен түрмөгө отургузулган"
Ал эми буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосунун ишенимдүү булагы "Салимбай байбача президент" Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровдун көрсөтмөсү менен камакка алынганын айткан. Мындай кеп былтыр декабрда Ташкент шаардык полициясынын жетекчи орун басары Дониёр Ташхожаев кармалганда айтылган. Анда Ташхожаев кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн кеңири операцияны да жетектегени белгиленет.
"Ташхожаев Отабек Умаровдун көңүлүн тапканы үчүн ар кандай жогору кызматтарга дайындалып келген. Ал бир гана Ички иштер министрлигин тескебестен, Ташкенттеги "таасирдүү кеңсенин" мыйзамсыз ишмердигин жаап-жашырып турган. Кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн кеңири операцияны жетектеген. Умаровдун көрсөтмөсү менен таасирдүү кримавторитет Салим Абдувалиев түрмөгө отургузулган. Муну менен алар "кылмыш дүйнөсүнүн көзөмөлүн" "Равшан Золотойго" өткөрүп берүүнү көздөшкөн", - деди "Озодликтин" булагы.
"Равшан Золотой" деген лакап ат менен белгилүү Равшан Мухиддинов - өзбек кримавторитети Гафур Рахимовдун жээни. Ислам Каримовдун тушунда Мухиддинов Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган деген айып менен 12 жыл эл аралык издөөдө жүргөн.
Өзбек аткаминерлерди жапырт камоо президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжоновго былтыр октябрда белгисиз эки адам ок атып, кылмыш иши ачылганда башталган.
Мирзиёевдин буйругу менен кызматтан алынган кеминде беш аткаминер Алламжоновго кол салуунун "изин жашырууга" аракет кылган жана бул аракетти иликтөөгө "тоскоолдук кылган" деп шектелип жатканы айтылган.
Ошондой эле былтыр 25-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров да кызматынан кол жууган.
Ал эми расмий Ташкент 20-декабрда Алламжоновго кол салууга катыштыгы бар деп, Орусиянын эки жараны Бислан Расаевге жана Шамил Темирхановго издөө жарыялаган.
Шерине