Ысык-Көлдүн жетекчилиги бул демилге - аймакка келген эс алуучулар үчүн шарт катары каралышы керектигин белгилеп, башка өлкөлөрдү мисал тартты.
Бирок экологдор сунуш айрым мыйзамдарга туура келбей турганын, бууканалар Ысык-Көлдү булгарын жүйө келтиришүүдө.
Документтин маалымкат-негиздемесинде Ысык-Көлдүн жээгинде инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн гана эмес, бул аймактын экономикасы үчүн да маанилүү экени жазылган. Жаңы объекттер салынса, республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык да көп түшөрү белгиленген.
“Туристтердин көпчүлүгү убактысын жээктеги аймактарда, тактап айтканда парк-пляждык аймактарда өткөрүүнү каалашарын эске алуу менен аймактын жагымдуулугун андан ары жогорулатуу үчүн курорттук-рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Мындай өнүгүүнүн маанилүү элементтери пирстер, пирстик мончо комплекстери, бар текчелери жана коомдук дааратканалар сыяктуу объектилерди түзүү жана жабдуу”, - деп айтылат токтомдо.
Кыргызстанда 2018-жылы көл үстүнө же ага жакын жерге мончо курууга тыюу салынган.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев көл жээкте бууканаларды салууга уруксат берүү заман талабы деп эсептерин "Азаттыкка" билдирди.
"Экологдорго түшүндүрүп айтканбыз, алар бул демилгени колдойт. Башкысы - Ысык-Көлгө зыяны тийбеши керек, биз суу чыпкалоочу жайлар курулушун, сууну таза кармоону талап кылабыз. Ансыз да жээкте күнгө какталып жатып, тердеген бойдон көлгө түшүп атышат. Андан тышкары көл жээкте чайканууга ылайыктуу жай (душ) болушу биздин талап. Бууканага кирем деген адам биринчи душка кирсин. Андан чыккан суу саркынды сууларды тазалоочу жайга туташтырылсын деп жатабыз. Уруксат берип көрөлү, жыйынтыгы жакшы болсо иштешет. Ал эми талаптарды, эрежелерди сактабай ой келди иштете беришсе, кайра эле тыюу салынат. Ар бир келген эс алуучунун талаптары ар башка. Кээси көл жээкте жатып эс алат, кээси ошентип бууканага түшүп, андан чыгып көлгө секиргиси келет. Ошондуктан биз бул демилгени көтөргөн тарап катары колдойбуз. Мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө бар жана ийгиликтүү иштеп жатат".
Далиев көл жээгинде кеминде 100 метрде эч кандай курулмалар болбошу керек деген шартты өзгөртүү керектигин кошумчалады. Ал үчүн облус жетекчилиги Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана Ысык-Көл районунун бюджетинин эсебинен төрт пляжды шартка ылайык жасап жатканын айтты.
Бул пляждарда ажатканалар ошол эле 100 метр ичинде каралууда. Андан чыккан калдыктар канализациялык насостук станцияга туташтырылат. Мындай шарт башка да жээктерде түзүлүшү керек деген негиз менен азыр аймак жетекчилери облустагы эс алуу жайларынын ээлери менен жолугушууларды уюштурууда.
Буукана, ажатканалардан сырткары кафетерий жана башка суусундук саткан жайларды көл жээгиндеги 100 метр аралыкта иштетүүгө уруксат берүү каралууда. Булардын баары атайы жободо иштелип чыгарын Далиев кошумчалады.
1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чарчы чакырым аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды көлдү булгап, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Максат Кыштобаев демилге "Ысык-Көлдүн экологиясын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга каршы келерин айтууда.
"Жогоруда айтылган мыйзамда "көлдүн жээгине, көлдүн үстүнө 100 метр аралыкта курулмаларды курууга болбойт" деп жазылып турат. Ошондуктан бул демилгени ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Экинчиден, биз көлдүн экологиясын сактайлы деп эмне деген иштерди жасап келатабыз. Анан саркынды сууларды тазалоочу жайларга туташтырылат дегенге ишеним аз. Баары эле жоопкерчилик менен туташтырбайт, бул чыгымдуу иш. Биз жаратылышты, суубузду, көлүбүздү талкалап алышыбыз мүмкүн. Мамкурулуш курулуш муну айтып жаткандан кийин "Ысык-Көлдүн экологиясын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизмейинче биз эколог катары уруксат бербейбиз. Бул сунуш тууралуу биздин кабарыбыз да жок, бизге айтылган дагы эмес. Мыйзамга өзгөртүү киргизген күндө да каршылыгыбызды билдиребиз. Ошол эле бууканалардын суусун акырын көлгө кое берип иштей берчүлөр толтура. Кээси буукааналарын сүйрөп келип, жээкке коюп алышат. "Булганса булгана берсин, башкысы менин ишим жүрүп турсун" дегендер да толтура. Бууканаларды койгон күндө да ага жагылган көмүр, отундун калдыктары абага көтөрүлүп, кайра көлгө түшөт, кир суусу көлгө куят, кээ бир адамдар ошол бууканадан кирин эзип алып анан көлгө кирет. Айтор, өтө көп маселе жаралышы ыктымал".
Мыйзамга ылайык, көл жээктен 500 метр аралык санитардык зона катары эсептелинет, ал эми суудан 100 метр аралык өтө катуу көзөмөлгө алынган жер катары саналат.
"Эко дүйнө" коомдук фондунун эксперти Влад Ушаков бууканалардын экологияга тийгизген терс таасири тууралуу атайы жүргүзүлгөн иликтөөлөр, илимий кызматкерлердин аныктамасы жок болгондуктан бууканалар канчалык деңгээлде кооптуу экенин айтуу кыйын деген пикирде. Бирок, алардын суу үстүндө жайгашуусу биртоп кыйынчылыктарга алып келет деп кооптонот.
"Биздин өлкөдө жаратылышты, экологияны коргоого багытталган биртпо мыкты мыйзамдар бар. Маселе мыйзамда эмес, маселе алардын аткарылышында. Биз дайыма келечек муунга корголгон табиятты калтырабыз деп келебиз. Бирок, тез акча табуунун аркасынан жүрүп, мыйзамдарды дайыма бузуудабыз. Мыйзамдар бирөөнүн мүлкүн тартып алуу керек болгондо гана иштейт. Маселе мына ушунда. Ошондуктан бууканалардын терс таасири тууралуу өтө олуттуу изилдөөлөр керек. Сууга, абага, суу алдына мынча калдыктар түшөт деген анализ жок бизде. Субъективдүү пикирим, Ысык-Көлгө бууканалар эч жакшылык алып келбейт".
Ысык-Көлдүн тургуну, активист Нурмухаммед Асанакунов бул маселе жергиликтүү эл менен талкууланып, анын негизинде сунуштар эске алынган документ коомдук талкууга коюлушу керек эле деп эсептейт.
Ал биосфералык аймак эсептелинген Ысык-Көл соңку жылдары кыйла тартылып, анын үстүндө жүргөн моторлуу кайык, скутер өңдүү суу транспорттор маселеси жылда көтөрүлүп, жылдай чечилбей келгенин да эске салды.
"Мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлер ушундай сунушту кантип алып чыгып жатканы мени таң калтырды. Биосфералык аймактагы көл жээгине мончо, сауна, буукана куруу акылга сыйбаган нерсе. Экология маселеси өтө кооптуу, азыр дүйнөдө болуп жаткан окуялар баарыбызга маалым. Жалпы элдин пикирин угуп, анан бир чечимге келиш керек. Бүгүнкү күндө бул канчалык кооптуу маселе экенин түшүнүп турган адистер деле бул боюнча пикирин ачык айта албай отурат, тили кыска, социалдык тармакта да жаза албай калды. Буукананы коюп, көл жээгиндеги эс алуу жайларынын саркынды сууларды тазалоочу жайларын иретке келтириш керек. Көбүнүн кир суусу кайда кетип жатканын караган киши жок. Ошону ордуна келтире албай жатып буукананы бардык эрежеси менен курабыз деген болбогон кеп".
Көл үстүндөгү пирстерге курулган бууканалар 2018-жылы алына баштаганы менен алардын айрымдары 2024-жылга чейин иштеп келди. Мисалга, Чоң-Сары-Ой айылындагы жеке эс алуу жайынын көл жээгинде орнотулган буукана өткөн жылы февралда гана алынган.
Милиция, Ысык-Көл районунун жетекчилиги, Чолпон-Ата мэриясы биргелешип 2018-жылдан бери көл жээгинде бир катар рейд иштерин жүргүзүп, иштеп турган бууканаларды алдырып, кээсин бузуп, андан ары иштөөсүнө тыюу салып келген.
Шерине