Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Социал-демократтар: Самышева менен Катаганов сурак берди


Анарбек Катаганов, Жанна Самышева
Анарбек Катаганов, Жанна Самышева

Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон мүчөлөрү суракка чакырылып жатканы маалым болду. Бул партиянын лидери жана эки мүчөсү ноябрь айынан бери тергөө абагында отурат.

13-январда Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева "шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.

"12-январь күнү 20:00дө 1979-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлгөн. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда С.Ж. аттуу жарандын каалоосу боюнча эки жактоочусу катышты", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Самышева кармалганын алгач анын партиялашы Кадырбек Атамбаев 12-январда социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анын айтымында, 45 жаштагы Жанна Самышева былтыр ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо партиянын тизмеси боюнча үчүнчү кезекте турган.

Аны улай Атамбаев партиянын дагы бир мүчөсү Анарбек Катагановду милиция кармап кеткенин, ал дүйшөмбүдө түшкү саат 12ден тарта кайда экени белгисиз болуп жатканын маалымдаган.

“Анарбек Катаганов биздин катарыбызга жакында эле кошулуп, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 41-катардагы талапкер болуп кирген. Анын күтүүсүз жана негизсиз кармалышы – кезектеги күч колдонуу жана коркутуу аракети. Катаганов жарандык позициясын активдүү билдирип келет. Ал Темирлан Султанбековду коргогон маалымат жыйында да сүйлөп чыккан жана кырдаал тууралуу коомчулукка тынымсыз билдирип турган”, - деп Атамбаев Фейсбук баракчасына жазган.

Дүйшөмбү күнү кечке маал Бишкек шаардык милициясы билдирүү таратып, Катаганов да добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак бергенин ырастады.

“2025-жылдын 12-январь күнү Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган А.К. күбө катары чакырылып, өзү чакырган жактоочунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын талаптарына ылайык тергөө аракеттери жүргүзүлдү”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Шаардык милициянын бул билдирүүсүндө Катагановдун дале кармалып турганы же сурактан кийин бошотулганы тууралуу толук маалымат берилген эмес.

Социал-демократтар: Самышева сурак берди, Катаганов кайда экени белгисиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Абактагы Темирлан Султанбековдун абалы

Ал арада адвокат Аскар Алымкулов абакта жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков менен жолуга албай чыкканын кабарлап, анын ден соолугу үчүн кооптонуп жатканын билдирди.

“Тилекке каршы, бүгүн Темирлан менен жолуга алган жокмун. Анткени мен кирген учурда дарыгерлерден турган комиссия аны текшерип жатышыптыр. УЗИ жана рентген аппарараттарына тарттырыптыр. Азыр ага тамчылатма коюлуптур. Анткени буту шишип кеткен болчу. Мага медайым ушундай маалымат берди”.

Адвокаты жана жакындары билдиргендей, Султанбеков абакта дээрлик 60 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Жакындары анын саламаттыгы начарлаганын айтууда.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медициналык комиссиянын текшерүүсүнөн өткөнүн билдирди:

"Жүргүзүлгөн клиникалык-биохимиялык анализдер норманын чегинде, ЭКГ жана ички органдардын УЗИ диагностиканын жыйынтыктары патологияларды тапкан жок. Темирлан Султанбековго тиешелүү медициналык дарылоо сунушталууда".

Эки айдан бери абакта жаткан Социал-демократтар партиясынын 26 жаштагы лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверге Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козголгон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. 9-январда аталган сот камактагылардын мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Темирлан Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген көлөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранып келет.

Темирлан Султанбеков абакка түшкөндөн кийин “Социнтерн” эл аралык бирикмеси аны саясий туткун деп жарыялаганын билдирди. Мындай резолюция бирикменин Марокконун борбору Рабат шаарында өткөн жыйынында кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG