Аталган сайт бул абалды адам өмүрүнө өтө коркунучтуу деген баалаган. Бул маселе кыргыз парламентинде да көтөрүлүп, бирок Өзгөчө кырдаалдар министринин өкүлү ыш жылдан-жылга азайып жатканын айтты.
"Баламды 3 күндөн бери эшикке алып чыга элекпиз"
Бишкектин Жал кичи районунда жашаган Зулфия Медербекова үч күндөн бери наристе уулун эшике чыгарбай жатканын айтат. Анын бүлөсү булганыч абадан улам шаардын сыртына көчүп кетүүнү да караштыра баштаган экен:
“3 күндөн бери ушундай ыш каптап турат. Көзгө деле даана көрүнүп атат. Абанын индексин текшерип турабыз, кечинде 700дөн ашкан, азыр күндүз эле 760ты көрсөтүп жатат. Балам кичинекей, 3 күндөн бери эшикке алып чыга элекпиз. Башка ата-энелерден сурасам, балдары жөтөлүп жатыптыр, менин баламдын дагы 3 күндөн бери жөтөлү токтобой жатат. Мунун баары абанын сапатына байланыштуу деп ойлойм. Үйдө аба тазалагыч колдонобуз, болгон жылчыктын баарын жаап чыктык”.
Апта башынан бери Бишкектеги көчө эле эмес, үйлөрдүн, имараттардын ичин да ыш, түтүн каптап жатканын айткан тургундар соцтармактарда видео, сүрөт, постторду бөлүшүүдө.
Жогорку Кеңештеги пикирлер
Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлүп, депутат Исхак Масалиев өткөн жылы тиешелүү чечимдер кабыл алынганына карабай өкмөт чара көрбөгөнүн сынга алды.
Депутат Элдар Абакиров жагылган көмүрдүн сапаты боюнча иш алып барууну сунуштады.
“Бишкектин тегерегиндеги айылдарда дем алуу кыйын болуп калды. Бул көмүрдүн сапатынан болушу мүмкүн деген ой келди. Кара-Кече көмүрүнүн ордуна бир жыл бою бышкан көмүрдү жагып көрүүнү сунуштайм. Балким, ошондо ыш азаят. Бир жолун издеп көрүшүбүз керек. Болбосо бул миллион-миллион доллар зыян катары элибиздин ден соолугуна тийип жатат”, - деди Абакиров.
Ал эми дагы бир эл өкүлү Айсулуу Мамашова соңку күндөрү Бишкекте жана анын тегерегиндеги айылдарды ыш катуу каптаганын белгилеп, өкмөттүн бул багыттагы иштерине кызыкты.
"Бак-дарактын баарын кыйып, эч кандай шарт түзбөй жатабыз. Коркунучтуу абалга келип калдык. Бүгүнкү күндө жүрөк-кан тамыр оорулары менен жапа чеккендер кайрылып, каза болуп калууда деп дарыгерлер айтып жатышат. Астма оорусу менен ооругандар кыйналып жатышат. Сиздердин шалаакылыгыңыздарды көптөгөн жарандар сезип жатат. Мекеме аралык комиссия эмне жумуш кылып жатат?"
Мамашовага жооп берем деп сөз алган Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Министрлер кабинетинин алдында түзүлгөн мекеме аралык комиссия иш алып барып жатканын, анын алкагында Бишкектеги 3 миңдей маршруттук кичи автобустар чыгарылганын, 40-50гө жакын социалдык имараттардын жылытуу системасы көмүрдөн газга өткөнүн, жылуулук электр борбору оңдолуп, абаны мурдагыдай булгабай калганын билдирди.
Ал жарандар ар кандай сапаттагы көмүр сатып алганы да абанын булганышына алып келип жатканын кошумчалады.
“Эки-үч себеп катары калктуу конуштардын көмүр жакканы, унаалардан чыккан зыяндуу заттар жана жылуулук электр борборунун бир бөлүгү болууда. Өкмөт бардык жарандарга газ отказандарын бере албайт, ар ким шартына жараша жагып атат. Эски машиналарды шаарга киргизбей коё албайбыз. ЖЭБди толук газдаштыруу чоң чыгымды талап кылат, азырынча ага бюджет да, “Газпромдун” да мүмкүнчүлүгү жетпейт экен. Адистер айтып жатышат, жылдан-жылга зыяндуу үч-төрт заттын саны азайды. Воронцовка же Чоң-Арыкка чыксаңыздар, Бишкектин үстүндө мурдагы жылы болуп жаткан кара түтүн жок. Жылдан-жылга азайып атат”, - деди Кулматов.
Өкмөткө сын айтылып жаткан чакта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Нурсултан Ташыбек уулу Бишкектеги ыш маселеси боюнча 11 мекемеден турган комиссиянын алкагында шаар четиндеги конуштарды газдаштыруу, унаалардан чыккан зыяндуу заттарды көзөмөлгө алуу сыяктуу иштер жүрүп жатканын айтууда. Ал эми азыркы кырдаалга анчалык кооптонуунун кереги жок дейт ал.
“Ыш, түтүн маселеси такыр жок, же болбосо аба тазарып кетти дегенден алыспыз. Бирок мурдагы жылдарга караганда кыйла жакшырды. Былтыркы жылды эле алсак, Бишкек санитардык полигону бар болчу, 30 жыл күйүп, абанын булганышына салым кошуп келген. Азыркы учурда газдаштыруу биринчи орунда туруп, жаңы конуштарды кошуп жатабыз. Андан сырткары машиналардын автокатализаторлору боюнча министр тапшырмаларды берген. Жумасына бир жолудан рейд жүрүп жатат, эми транспорт каражаттарынын абаны булгоочу заттарды көбүрөөк чыгарып жатса, айып пул салынат”.
Буга чейин Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алаары айтылган. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров коюп, Жогорку Кеңеш ратификациялаган болчу.
Нурсултан Ташыбек уулунун айтымында, учурда тийиштүү процедуралар аяктап, министрликте атайын бөлүм да ачылган. Насыяга алынган акчага турак жайларды жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө, Бишкекти жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшаларын билдирди.
Өткөн аптада аталган министрлик Бишкек шаарындагы абанын сапатын өлчөөчү жабдуулар туура эмес маалымат берерин билдирген эле. Анын себебин министрликтин бөлүм башчысы Нурсултан Ташыбек уулу мындайча түшүндүрдү:
"Биринчиден, жооптуу кызматкер жок. Ал жабдык дайыма тазаланып, чыпкалары алмашып турушу керек. Анын баары кылынбаптыр. Ошол жерде эле Кыргызгидромет менен жеке жактардын жабдыгын бирдей коюп текшергенде, жеке өлчөгүч эки эсе туура эмес көрсөттү".
Соцтармакта айрым Бишкектиктер соңку кырдаалга катуу тынчсызданып, мектептерди онлайн окууга өткөрүүнү да сунуштап жатышат.
"Аба сапатынын индекси тууралуу улуттук мыйзам жок"
2017-жылдан бери Бишкектеги абанын сапатын текшерип, мониторинг кылып келген Movegreen коомдук экологиялык уюмунун долбоорлор боюнча менежери Ажар Байсалова Кыргызстанда абанын индексин көзөмөлгө ала турган мыйзам жоктугунан түрдүү пикирлер жаралып жатканын айтууда:
"Аба сапатынын индекси кайсы бир нормадан ылдый болгон көрсөткүчтү, мисалы, "сары аймак" деп белгилейт. Мындан сырткары ачык күрөң, анан кызыл болуп белгиленет. Анын мааниси кандай? Мисалы, бир жерди кызыл аймак деп көрсөтүп же ошол жерде аба булганып турса, авто унаа менен көчөгө чыкпоо же керек болсо, балдарды мектепке жөнөтпөгөнгө чейин барышат. Анткени балдар жана улгайган адамдар биринчи запкы чегет. Демек, кайсы жерди кызыл деп көрсөтүп турса, балдар жана улгайган жарандар ал жерден дем албашы керек. Ушул нормалардын баарын мамлекеттик органдар иштеп чыгып, кабыл алышы керек”.
Чынында эле Байсалова айтып жаткандай, аба сапатынын индекси ар кайсы сайттарда ар башка көрсөткөнүнө күбө болдук. Маселен, IQAIR сайтында 189 индексти кызыл менен белгилеп, ден соолукка зыян деп атаса, Кыргызрометтин сайты 257 индексти сары менен белгилеп, коркунучтуу эмес деп атаганын көрүүгө болот.
Кыргызгидромет кызматы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөткүчүн колдонуп жатканын айтууда.
“Кыргызстанда өзүбүздүн аба сапатынын улуттук индекси жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна карап эле сунуштарды беребиз. Бирок менин билишимче, индекс боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат”, - деди Каныкей Сүйүнбекова.
Ыштын ден соолукка таасири кандай?
Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда абанын булганышынан улам 2010-2019-жылдары жыл сайын 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүр жагуу экени көрсөтүлгөн.
Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, жылына дүйнө жүзү боюнча 7 миллион адам каза болорун айтууда. Ал ыш маселесинен улам ооруканага кайрылгандар да көбөйүп жатканын белгилейт:
“Суук түшүп, от жагуу мезгили башталганда кайрылуулардын саны сөзсүз көбөйөт. Бул дагы абанын бузулушуна байланыштуу. PM 2.5 деген 2,5 микрон дегенди билгизет. Ал кан тамырдан өтүп түздөн-түз канга өтүп кетет экен. Ал кан менен жүрүп кайсы органга барса, кайсы орган начар болсо, ошону жабыркатат экен. Жүрөк, кан тамыр ооруларын күчөтүп жатканы ошондон”.
Бишкекте жыл сайын кышында аба өтө булганып, түтүн, ыш каптаган көндүм көрүнүшкө айланып баратат. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашинелердин түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып, өкмөт чара көрөрүн убадалаган. Бирок быйыл деле жылдагыдай көрүнүш кайталанып жаткандай.
Шерине