АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-февралда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушууда Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарынын болбой калышы тууралуу түшүндүрмө берди.
8-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. Сотко "Тез жардам" чакыртылып, медиктер Султанбековго дары сайып кетишти.
Орусиядагы ондогон мигрант банк карталары күтүлбөгөн жерден бөгөттөлүп калганын, айласы кетип турганын айтышты. Алардын айрымдарынын тиешелүү документтери толук болсо дагы, банк картасы иштебей калган. Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим 5-февралда күчүнө кирди.
Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык билдирип, саясий ачкачылык кармаган активист Шералы Назаркуловдун каза болгонуна 7-февралда туура 23 жыл толду.
"Кумтөрдөн" каржыланган Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, анын уулу Кемелбек сегиз жылга абакка кесилди. Соттун чечимине ылайык алардын мүлкү мамлекетке алынышы керек.
Украин өкмөтү жана бейөкмөт уюмдар орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлады. Украинадагы борборазиялык согуш туткундары кантип орус армиясынын катарына кошулуп калган? “Биз жана дүйнө” берүүсүндө туткундардын таржымалына токтолобуз.
Экс-министр Динара Кутманова, уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилгени белгилүү болду. Алардын мүлкү мамлекетке алынат. 2023-жылы УКМК Кутманова бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучусу экени аныкталып”, кармалганын кабарлаган. Кутманова тагылган айыптарды четке каккан.
Кремль Ак үй менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады. Зеленский да Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирди. Экс-министр Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилди. Орусияда миграцияга байланыштуу жаңы мыйзамдар күчүнө кирди.
Жогорку Кеңеште президенттин администрациясынын мыйзам чыгаруу органына жасаган басым-кысымы тууралуу маселе көтөрүлдү. Парламенттин 5-январдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айрым мыйзамдар кол коюуга жеткенде өзгөрүп калып жатканын айтып, президенттик администрацияны, юристтерин сындады.
Башкы прокуратура уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү болгон делген Эркин Мамбеталиевди актаган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарууга аракет кылып жатканы белгилүү болду. Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, башкы көзөмөлдөөчү орган буга байланыштуу өтүнүч жөнөткөн.
Президент Жапаров Кытайдагы сапарында бир катар документтерге кол коюлду. Президент Трамп Газадагы палестиндерди башка жерге көчүрө турууну сунуш кылып, АКШ тилкени кайра курарын айтты. Ош мэриясы 3,5 миңден ашык дарак кыйылып, ордуна жаңы дарактар тигилерин билдирген.
Дагы жүктөңүз