АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинадагы согушту токтотуу келишимине жетсе болооруна “көбүрөк ишенип калганын” айтты. Киев ал жолугушууга чакырылган эмес.
Калаа башчысы айрым ректорлорду “коррупцияга” айыптаса, айрымдарын шаарга көйгөй жаратып жатасыңар деп тилдеген. Коомдогу курч талкуулардан кийин, 18-фералда калаа башчысы жогорку окуу жай жетекчилери менен кайрадан жолукту.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоорго ылайык, парламенттин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык округдардан шайланат. Документ жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Сауд Арабиясында АКШ менен Орусиянын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өттү. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. УКМК Бишкектин Ленин райондук сотунун жана Оштун Араван райондук сотунун судьяларын кармады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоорго ылайык, парламенттин 90 депутаты мажоритардык система боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Документ жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоорго ылайык, парламенттин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Документ жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Ошто Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында кылмышка шектүүлөр "аёосуз сабалган" делген видео коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ал арада сабалды дегендердин бири күнөөсү жоктугун айтып, өлкө башчыларына кайрылды.
АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары 18-февралда Сауд Арабияда жолукканы жатат. Маалыматтарга караганда, алар мамилени калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту токтотуу жолдорун талкуулашмакчы. Ошол эле маалда украин тараптын ал сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасы белгисиз.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Ямал-Ненец автоном аймагындагы шарты катаал түрмөдө туура бир жыл мурун 47 жашында каза тапкан. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн жаман сезип, дароо эсин жоготконун, жандандыруу аракетинен майнап чыкпаганын билдирген.
Орусиянын дрон соккусу Чернобыл АЭСнин саркофагына тийди. “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.
Дагы жүктөңүз