Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин спикери Анжелика Мельникова 25-марттан бери байланышка чыкпай жатканын кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Мельникова Варшавада жашаганы менен учурда бул өлкөдө жок. Мурдагы беларус дипломаты жана учурдагы оппозиционер Павел Латушко Польшанын укук коргоо органдарына кабар бергенин билдирди.
Маалымат каражаттары кабарлагандай, Мельникованын алты жана 12 жаштагы кыздары дагы кайда экени белгисиз. Журналисттер беларус оппозициясынын өкүлү Евробиримдиктин аймагынан чыгып кеткен болушу ыктымал экенин жазышты. "Наша Нива" активист Лондонго чыгып кетиши да мүмкүн экенин жазды.
Журналисттер Мельникова дайынсыз болгондон бери кеңеш банк эсептерине кире албай калганын билдирди.
38 жаштагы Анжелика Мельникова Coca-Cola компаниясынын Беларустагы кеңсесинде жетектөөчү кызматтарда иштеген. 2020-жылы саясий иштерге аралашып, эки жолу айыпка жыгылган. Ошол жылы сентябрда чет өлкөгө чыгып кетип, төрт жылдан бери Координациялык кеңешти жетектейт.
Координациялык кеңеш 2020-жылы августта Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого каршы жапырт наарызылык тутанган маалда түзүлгөн.
Шерине