Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 28-мартта Москвада Мамлекеттик Думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолукту. Анда эки өлкөнүн өз ара алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчи негизинен билим берүү, миграция тууралуу сөз кылганын билдирди.
“Жолугушууда Орусиянын мектептеринде кыргызстандык жарандардын балдарын окутуунун айрым аспектилери талкууланды. Элчи орус тили Кыргызстандын Конституциясында расмий тил катары бекитилгенин, миграциядагы кыргызстандыктардын балдарын окууга кирүүсүндө орус тилинен тестирлөөдөн бошотуу маселесин кароону сунуштады”,- деп жазылган маалыматта.
Элчи ошондой эле Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары бул уюм тууралуу келишимдин шарттары сакталышы керектигин белгилеген.
ТИМ Мамлекеттик Думанын өкүлү буга кандай жооп бергенин маалымдаган жок.
Орусияда соңку учурда мигранттарга карата мыйзам, талап-эреже катаалдап, барган сайын тыюу, чектөө көбөйүп жатат.
Былтыр жаңы окуу жылы башталганда кыргызстандык мигранттар Орусиядагы мектептер балдарын кабыл алуудан баш тартып жатканын айтып чыгышкан.
Мамлекеттик Думада мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн. Орусиянын Агартуу министрлиги мектептер менен бала бакчаларга “орус тилин жакшы билбеген” мигранттардын үчтөн ашык баласын кабыл албоону сунуштаган.
2024-жылы Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дээрлик эки эсе кыскарып, 350 миңге чейин азайган. Бирок бул өлкөдөн келип жаткан акча көбөйгөн. Январь-ноябрь айларында 2 млрд 565 млн доллар келип түшкөн. Бул 2023-жылга салыштырганда көбүрөөк (2 млрд 531 млн).
Шерине