Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Орусиянын чабуулунан Харьковдо эки киши набыт болуп, 30дан ашууну жараат алды


Харьковдо өрт өчүрүүчүлөр сокку урулган жерде, 29-март, 2025-жыл.
Харьковдо өрт өчүрүүчүлөр сокку урулган жерде, 29-март, 2025-жыл.

Орусиянын дрон чабуулунан Харьковдо эки киши набыт болуп, 30дан ашуун адам жараат алды. Украин армиясынын Башкы штабы ишембинин кечинде аскердик госпитал бутага илингенин билдирди. Жергиликтүү бийлик госпиталга жанаша турган турак үйлөр да жабыркаганын маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандардын арасында госпиталда дарыланып жаткан аскерлер да бар.

Украина медициналык жайга жасалган чабуулду «аскердик кылмыш» деп сыпаттады.

Харьковдун үч району да чабуулга кабылып, жеке менчик үйлөр, кеңселер, соода жайлары, гараж, автомобилдер зыян тартты. Бир үйгө дрон тийип, турак жай толук кыйрап калды.

Жекшембиге караган түнү Украинанын аймагын жалпысынан 111 учкучсуз учак бутага алганын, алардын 65и атып тушүрүлгөнүн, дагы 35 дрон радардан жоголуп кеткенин Украинанын куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка ылайык, Харьков, Сумы, Одесса жана Донецк облустарына чабуул болду.

Днепрде жума күнү кечинде орустардын чабуулунан жараат алгандардын саны 28ге жетти. Төрт киши набыт болду. Жекшембиде Днепрде аза күтүү жарыяланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго жана Днепрге жасалган чабуулдары тууралуу комментарий берген жок. Москва 2022-жылы согуш башталгандан тарта Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын мойнуна албайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG