Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген билдирүүсүн четке какты. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты.
Слык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов орус өкмөт башчы Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген сөзүн четке кагып, Кыргызстанда ишкерлердин баарына мыйзам бирдей иштерин, чарбалык иштерди саясатташтыруунун кажети жоктугун билдирди. Москва буга жооп бере элек.
Трамптын чечими менен Канададан жана Мексикадан импорттолгон бир топ товарга 25% бажы тарифтери киргизилди. Мындан тышкары Кытайдан АКШга ташылган товарга да буга чейинки тарифтердин үстүнө дагы 10% бажы алымы кошулду.
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин дооматына жооп берди. Ал Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген сөзүн четке какты.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Анын кезектеги отставкасы өткөн аптада парламенттеги билдирүүсү талкууга түшкөн учурга туш келди. Бейшеналиев кызматтан кетиши президенттин чечими болгонун айтты.
"Азаттыктын" "Бийлик сырлары" көрсөтүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева болду.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңеш менен тиреши уланууда. Мэр депутаттарды улам бир жыйын өткөрө берип, мэрияны негизги ишинен алагды кылып жатканын айтып чыкты. Ал эми айрым депутаттар мэр шаардын жергиликтүү өкүлчүлүк органын сыйлабайт деп, өзүн сындап жатышат.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотууну талап кылды.
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбооруна кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң, медиа болсо 65 миң сом айыпка жыгылат.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Бишкектеги цирктин жамаатынын бир бөлүгү Светлана Ашированын кайрадан директор болуп дайындалышына каршы болууда. Маданият министрлиги Ашированы өткөн жумада жумуштан алып, беш күн өтпөй бул чечимин жокко чыгарды. Аширова өзүнүн айланасындагы окуяларды "каралоо" деп баалайт.
Дагы жүктөңүз