Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Трамп Путин менен сүйлөштү. Зеленский АКШ менен келишим түзүүгө даяр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды. Маалыматка караганда, эки лидер Украинадагы согушка чекит коюу маселесин талкуулашкан.

Буга чейин Трамп Украинага берилген аскердик жардамдын ордуна Киевден сейрек кездешүүчү металл сураган. Украин президенти Владимир Зеленский мындай келишим түзүүгө даяр экенин билдирди.

Учакта журналисттер менен баарлашуу

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн Air Force One учагынын бортунда журналисттерге курган маегинде айтты. Ал буга чейин канча жолу орус лидери менен телефондон байланышканын ачыктоодон баш тартты.

“Курман болгон жаш, татынакай балдар. Өзүңөрдүн балдарыңардай эле да. Эки миллион адам. Бөөдө ажалга кабылышты”,- деген Трамп эгер ал 2022-жылы президент болгондо Орусия Украинага кол сала алмак эместигин дагы бир ирет белгиледи. Ал Американын буга чейин лидери Жо Байденди сындап өттү.

Трамп Украинадагы согуш тууралуу айтып жатып, эки миллион деген санды кайдан алганын тактаган эмес.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты четке каккан да, бышыктыган да жок.

Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча так планы бар экенин айтууда. Кандай план экени азырынча беймаалым.

Ал учактын ичинен эле улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтцко кайрылып: “Келгиле, жолугушууларды тезирээк өткөрөлү. Күнүгө кан төгүлүп жатат. Жаш, татынакай балдар курман болууда. Эки тараптан тең”,- деп айтты.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 14-16-февраль күндөрү Германияда өтө турган Мүнхен коопсуздук жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Келлог аталган конференцияда согушту жайгаруу планын сунуштары маалымдалган. Ал пландын чоо-жайы азырынча белгисиз.

АКШ президенти Дональд Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Зеленский коопсуздук кепилдиги менен металл берүүгө даяр

New York Post басылмасы жазгандай, Вашингтон Киев менен 500 миллион долларлык келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Анын алкагында Украина согуштан кийинки коопсуздук кепилдиктери жана аскердик жардам үчүн Кошмо Штаттарга газ жана сейрек кездешүүчү металл бериши керек. Трамп алгач бул тууралуу өткөн жумада айткан.

"Украинада абдан сейрек кездешчү баалуу металлдар бар. Биз салган акчанын кепилдиги болушун каалайбыз. Биз аларга акча, жабдык берип жатабыз. Европалыктар жетишпей жатышат. Аларга караганда АКШ менен Украинаны океан бөлүп турат. Европалыктар үчүн бизге караганда бул маанилүү. Бирок берген акчасы биздикинен аз. Алар жок эле дегенде биздей каражат салыш керек. Ошондуктан биз Украина менен келишим түзгүбүз келет. Биз салган акчаны алар сейрек кездешүүчү металлдар же башка кендери менен кайтарышы зарыл", - деген эле Америка президенти.

Трамптын бул сөздөрү бир катар Европа лидерлеринин арасында талкуу жараткан. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Рейтер агенттигине курган маегинде мындай келишим түзүүгө даяр экенин айтты.

"Бул кендер албетте баа жеткис, ал жакта эбегейсиз көп акча жатат, абдан көп. Мына ошондуктан биз ал жактарды коргошубуз керек. Америкалыктар көздөп жаткан макулдашуу тууралуу айтсак, келишимге барууга даярбыз. Түзөлү ошондой келишимди", - деди Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский. 4-февраль, 2025-жыл. Киев.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 4-февраль, 2025-жыл. Киев.

Батышка Украинадагы кендерди иштетүү укугун берүү демилгесин Зеленский өзү 2024-жылы ал кездеги АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Камалла Харриске сунуштаган “Жеңиш планына” киргизген.

Украин президентинин айтымында, сейрек кездешүүчү металлдар электркыймылдаткычтарды, электроникалык каражаттарды жана башка жабдыктарды өндүрүүдө колдонулат. Зеленский кошумчалагандай, Украинада ошондой эле титандын эң ири кору жайгашкан. Бул металл негизинен авиациялык жана космос өндүрүшүндө пайдаланылат. Украин президенти Орусия баалуу металл кендери кайда жайгашканын так билерин белгиледи.

Дрон чабуулдары уланууда

9-февралга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына 150дөн ашуун дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди. Киев, Сумы, Волын, Житомир, Днепропетров жана Харьков облустары бутага алынган. Азырынча курман болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Ушул эле түнү Орусиянын аймагында 36 дрон атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Орус армиясы бир катар далилдерге карабасатан, Украинадагы карапайым тургундар жашаган райондорго сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларга чабуул коерун кайталап келет. Ал эми өз аймагына жасалган дрон чабуулдарын Киевден көрөт. Украин бийлиги анда-санда гана мойнуна албаса, Орусиянын аймагында болгон окуяларды негизинен комментарийлебейт.

24-февралда Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согуш баштаганына үч жыл болот. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, бул аралыкта Украинада кеминде 12 миң жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Карапайым тургундар арасындагы жоготуулар иш жүзүндө мындан кыйла көп болушу мүмкүн.

Согуш тутангандан бери Украина да, Орусия да оң миңдеген аскерлеринен ажыраганы кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG