Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Байсалов Эсеп палатасын "бийликке ишенимди кетирүүгө" байланыштуу айыптады


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эсеп палатасынын ыйгарым укуктарын жана түзүмүн карап чыгуу керектигин билдирди.

Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына дебюрократизация жараянынын алкагында "майда ревизорлордон" арылуу керектигин жазды.

"Баш сөзүндө "Эсеп палатасы Ат-Башы районунда дээрлик 122 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу" тапты дегенди окуйсуң. Тексттин өзүн ачсаң райондук бюджеттин масштабында 122 миң сомдук болор-болбос, үстөлдүн үстүндөгү күкүмгө окшогон бир нерсе тапканын көрөсүң. Эсеп палатасынын бардык министрлик-мекемелер тууралуу пресс-релиздеринин баары ушул стилде жазылган. Бул күн сайын бийликке ишенимди кетирүү жана түз дискредитациялоо. "Айланабыздын баары эле уурулар жана алар миллиарддап уурдашат" дегендей. Болбосо сөз жүздөгөн ак ниет мамлекеттик кызматкерлер жана жетекчилер жөнүндө болуп жатат. Бул чыныгы сөз ташуу болуп жатат. Ошол кагаздардын негизинде аларды тиешелүү дагы, тиешеси жок дагы түзүмдөр жылдап сүйрөшөт. Дебюрократиязация иштеринин негизинде Эсеп палатасынын табиятын, ыйгарым укуктарын жана түзүмүн кайра карап чыгууга мезгил жетти. Майда ревизорлордон арылуу, аудиторлорду текшерүүнүн натыйжалуугуна көңүл буруу керек",- деп жазды Байсалов.

Эсептөө палатасы мындай сын-дооматтарга азырынча жооп бере элек.

10-мартта кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген мекемелер аралык комиссия 26-мартта алгачкы жыйынга чогулган жана анда 40тан ашык чечимдин долбоору каралганы айтылган. Алардын арасында Эсептөө палатасы тууралуу дагы сунуш бар-жогу маалымдалган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG