Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

"Мыйзамдар кол коюуга жеткенде өзгөрүп кетүүдө". Депутаттар президенттик администрациянын "басым-кысымына" нааразы


Жогорку Кеңеште президенттин администрациясынын мыйзам чыгаруу органына жасаган басым-кысымы тууралуу маселе көтөрүлдү. Парламенттин 5-январдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айрым мыйзамдар кол коюуга жеткенде өзгөрүп калып жатканын айтып, президенттик администрацияны, юристтерин сындады.

Бул отурумда Эмгек кодексиндеги бийик тоолуу аймактарга каралган жеңилдик тууралуу Жогорку Кеңеш киргизген жоболор өзгөрүп кеткени кызуу талкууланып, жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлдү.

Президент Садыр Жапаров Эмгек кодексине алымча-кошумча киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна өткөн айда, 24-январда кол койгон. Бирок документтин бийик тоолуу райондордо жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда жашап, иштеген жарандарга каралган жеңилдикке, кенемтеге байланыштуу(120-берене) Жогорку Кеңеш киргизген пункттары өзгөрүп кеткени белгилүү болгон.

Депутаттын сыны. Маселе эмнеде?

Мыйзамдын авторлорунун бири Балбак Түлөбаев анда “деңиз деңгээлинен 1800 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте иштегендерге 12 күндүк эмгек өргүү каралат деген жериндеги сан 2000 деп өзгөртүлүп, президент ошол мыйзамга кол койгонун билдирди.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Бизге 1800 деген маселе биринчи келгенде мен ушул жерден баарыңардан суранып, биз долбоорду экинчи окуу режимине кайтарганбыз. Аны баарыңар колдоп бергенсиңер. Экинчи окуу режимине келгенде мен эки сунуш бергем. Ушул 1800 дегенди чек кылып алалы дегем. Баарыңар макул болгонсуңар. Бийик тоолуу райондордо 2000ден 3000ге чейинки жерлерде эмгек өргүүсүнө 12 күндү кошуу деген жерди өкмөт өзүнүн мурдагы токтомдорун жокко чыгарып, Кодекске тууралап жатат. Алар 1800гө түшүрөлү дегенде Финансы министрлигинен, өкмөттөн бизге "бул бюджеттин тартыштыгына алып келет, 6-6,5 миллиард сом кетет" деген кат келген. Мен ушул жерде ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге айткам, 12 күндүк эмгек өргүүнү жок кылбаңыздар, бул бийик тоолуу райондорго, элге таасир берет дегенде Камчыбек Кыдыршаевич "тескерисинче, биз элге кошуп беришибиз керек, буга барбашыбыз керек" деген. Акылбек Үсөнбекович болсо "1800дөн ылдый дагы, өйдө дагы түшпөйт" деген. Кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мага чалып, социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары мага келип алып, "ушул жерге өкмөт аныктайт деген жерин кошуп бериңиз" дешкен. Биз аны кошуп бергенбиз. Кийин карасак эле Эмгек кодексине 2000 деп кетип калыптыр. Мен беренедеги 1800 деген жерин өзгөрткүлө деген эмесмин да. Тигил жакка барганда, кол коюлганда кандайча 2000 болуп калган? Ушуну териштирип бериңиздер".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Муктарбек Баймурзаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөт башынан эле 1800 деген нормага каршы экенин ырастады:

"Деңиз деңгээлинен бийиктикти 2000ден 1800гө түшүрүү сунушуна байланыштуу Министрлер кабинетинин корутундусу бар. Ошол жерде каршы пикир бар. Ал жерде татаал климаттык шартта иштеген жумушчулар менен анча татаал эмес шартта иштеген жумушчуларга бирдей кенемте берүү адилетсиз деп жазылган. Эгер кенемтенин деңгээли бирдей болуп калса анда татаал шарттарда иштөө кызыктырбай калат. Бул дисбаланс жаратышы, экстремалдуу аймактарда иштөөгө мотивацияны жоготушу мүмкүн".

Талкуу маалында дал ушул жагдайларды иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылып, ал колдоо тапты.

Жыйында депутат Камила Талиева да буга чейин парламент мектептерде балдардын тамактануусу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин президентке киргенде документ өзгөртүлүп кеткенин кабарлап, депутаттык комиссия ал жагдайды дагы иликтеши керектигин билдирди.

Камила Талиева
Камила Талиева

"Биз балдардын мектептеги тамактануусу тууралуу мыйзам кабыл алганда биринчи окууда такыр башка болчу. Кийин мыйзам кабыл алынганда 1-класстан 4-класска чейин тамактануусу алынып салынган. Биз, депутаттар буга абдан таң калганбыз. Биз анан кайра мыйзамды киргиздик. Менде биздин документтердин орду алмаштырылып калып жатат деген ой пайда болду. Депутаттык комиссияга ушуну дагы кошуп коюшубуз керек".

"Парламенттин аппаратын минип алышты"

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев соңку окуядан улам президенттин администрациясын басымга байланыштуу сындап чыкты:

"Мындай бир эле социалдык комитетте эмес, буга чейин дагы болуп келген. Мен мындай эле айтайынчы, президенттин аппараты, юристтери биздин Жогорку Кеңештин аппаратынын үстүнөн "минип алышкан". Алар кандай айтса, булар ошондой кабыл алат, биз айткандай кылбайт. Ошондуктан биз ар бирин иликтеп чыгышыбыз керек".

Бул дооматтарга президенттин администрациясы азырынча үн ката элек, мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов дагы жооп кайтарган эмес.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу президенттин администрациясына айтылган сын-доомат тууралуу өз оюн билдирбей турат.


Журналист Мирлан Дүйшөнбаев өлкө президенттик башкарууга өткөндө деле парламенттин ролу мурдагыдай болбосо да сакталышы керек деген ойдо:

"Бизде президенттик башкаруу болуп жатат. Өкмөттүн курамын деле президент түзүп жатат. Буга Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү макул деп добуш беришип, Конституция кабыл алынып, ошол менен жашап жатабыз да. Президенттик башкарууга өткөндөн бери парламенттин ролу мурдагыдай болбой калды, муну жашыра деле албайбыз. Бирок эгер чынында эле депутаттар айтып жаткандай президенттик аппарат "минип" алган болсо, кийлигишсе, кагаздарын өзгөртсө, анда бул эми туура эмес. Миң президенттик башкаруу болгон күндө деле парламент бийликтин бир бутагы да, ошон үчүн алардын аппараты менен тыгыз иштешкени туура болот".

"Парламент кыйла алсырады"

Талдоочу Адил Турдукулов болсо буга чейинки президенттердин деле парламентке таасири чоң болгонун белгиледи.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

"Чынында бизде парламент дайыма эле президенттерге баш ийип келген. Керек болсо парламентаризмди куруп жатабыз деген заманда деле, Атамбаевдин, Жээнбековдун заманында деле айрым оппозициячыл маанайдагы депутаттар болгону менен каршылыкты жана тең салмактуулукту карманган институт болгон эмес. Ошондон бери Конституциянын өзгөрүшү менен депутаттарга жасалган ар кандай басым-кысым аркылуу бул институт ого бетер алсырады. Ушуну менен алар өздөрүнүн эң башкы мыйзам чыгаруу функциясын жакшы аткарбай келет. Элдин өкүлү болуу, өкмөттү көзөмөлдөө жана мыйзам чыгаруу деген негизги үч функциясын аткара албай жатышат. Алардын эл өкүлү боло албай жатканын шайлоого катышууга кайдыгер мамиле кылгандардын өскөнүнөн билсек болот. Азыр парламентке ишеним абдан төмөн, булар өкмөттү көзөмөлдөй албай жатат. Президенттин администрациясынан кандай гана чийки мыйзамдар келсе деле баарын "хоп, майли" деп колдоп келе жатышат. Бул сөзсүз түрдө тең салмактуулукту бузат. Бекемделбеген, коомдук талкуудан өтпөгөн, жашообузду жакшыртууга өбөлгө түзбөгөн мыйзамдар ушундай себептерден улам кабыл алынып жатат. "

Эксперт Бакыт Жумагулов мындай көрүнүш социалдык чыңалууга алып келиши ыктымалдыгына токтолду.

Бакыт Жумагулов
Бакыт Жумагулов

"Парламенттик орган өз милдетин аткарбай, алсырап калса, аткаруу бийлиги күчөп кетсе анда өлкө авторитардык режимге өтүп кетүү коркунучу бар. Бул маселе президенттин администрациясынан гана эле көз каранды эмес. Бул жерде шайлоочулардын дагы, шайланып келген депутаттардын дагы жоопкерчилиги бар. Депутаттар өз позициясын коргоп, элдин атынан сүйлөп жаткандан кийин ошол кызыкчылыктарды коргоп, ошондой саясий фигура болушу керек. Парламентте ар бир маселе талкууланып, анын оң-терс жагы каралып, кандайдыр бир чечим кабыл алынат. Эгер ушул институт жок болуп кетсе, чечимдер президенттин администрациясында же өкмөттө эле кабыл алынып калса, анда ошол чечимдер канчалык элдин көйгөйүнө, кызыкчылыгына туура келет деген суроолор жаралып, бул бара-бара социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн".


2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Конституция өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин азыркы курамы айрыкча коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды көпчүлүк учурда талкуусуз кабыл алган. Мындан улам парламент сөз эркиндигинин, жарандык коомдун кыйла чектелишине жол ачты, оюн эркин билдирүү укугуна кедергисин тийгизди деген сын-дооматка кабылды.

Парламент былтыр сентябрда жайкы тыныгуудан кийин ишин баштаганда төрага Нурланбек Тургунбек уулу аткаруу бийлигин Жогорку Кеңешке карата мамилесин өзгөртүүгө чакырган жана мындан кийин буга чейинкидей мыйзамдар талкуусуз кабыл алынбайт деп ишендиргенге аракет кылган.

"Акыркы жылдары өкмөт алып келген, Министрлер кабинети демилгечи болгон бардык мыйзамдарды учур талабына, зарылдыкка, муктаждыкка байланыштуу колдоп келдик. Анын негизинде өкмөт дагы, президент дагы айтып жатат, өлкөбүздө бир топ жылыштар болду. Көп мыйзамдарды талкуусуз өткөрүп, колдоп берип жаттык. Бирок силер ушул жагдайды эске алган жоксуңар. Мындан ары андай болбойт. Эгерде мыйзамдар чийки болсо, бул жерге келген баяндамачылар онтолоп, тантырап отурса, анда мыйзамдар өтпөйт. Мындан ары Жогорку Кеңешке болгон мамилеңерди өзгөрткүлө. Парламент саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү камсыздоого салымын кошту. Мындан ары ар бир мыйзам долбоорун тыкыр карап, парламент өз ишин астейдил жасайт", - деген Тургунбек уулу.

Ушул тушта парламентте өкмөттүн тыштан насыя алуу үчүн депутаттардын макулдугу керек деген талапты жокко чыгаруу сунушу каралып жатат. Бул дагы Жогорку Кеңештин таасирин алсыраткан кезектеги демилге болду дегени менен документ биринчи окууда колдоо тапты.

Шерине

XS
SM
MD
LG