Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа 23 министрден турган өткөөл өкмөттүн курамын бекитти. Reuters агенттиги ага алавиттер, друздар жана христиандар өңдүү диний азчылыктардын өкүлдөрү дагы киргенин жазды.
Өкмөттүн жаңы курамына ылайык, эмгек министри болуп христиан аял Хинд Кабават дайындалды. Ал бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тушунда ага оппозиця болгон жана дин аралык толеранттуулук маселесин көтөрүп келген.
Алавит азчылыгынан өкүлү Яруб Бадр транспорт министри кызматына келди. Бул агым исламдагы шийилерден бөлүнүп чыккан жана Сириядагы калктын 10% түзөт. Бул өлкөнү дээрлик жарым кылым башкарган Асаддардын үй-бүлөсү дагы алавиттерден чыккан. Сириядан калктын басымдуу бөлүгүн суннилер түзөт.
Друздар диний коомчулугуна таандык Амгад Бадр айыл чарба министри болуп дайындалды.
Сириядагы Башар Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун (АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) лидери Ахмед аль-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бардык сириялыктардын, этностук азчылыктардын, аялдардын укук-кызыкчылыктары эске алынган шартта өткөөл өкмөт түзүүнү убада кылган.
Ушул айдын башында Сириянын өкмөттүк күчтөрү алавит азчылыгына кирген жүздөгөн карапайым тургунду жок кылганы кабарланган. Бул Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан берки эң кандуу окуя болуп калган.
Ахмед аш-Шараа калкты ынтымакка чакырып, өлкө "улуттук биримдикти жана ички тынчтыкты сактап калышы зарыл" экенин билдирген.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.
Шерине