Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын сунушун четке какты. Вашингтондун каты Тегеранга ушул айдын башында жеткен.
Пезешкиан 30-марттагы телекайрылуусунда "[Вашингтонго берилген] жоопто эки өлкө ортосундагы түз сүйлөшүүлөр боюнча сунуш четке кагылганы менен кыйыр сүйлөшүүлөр үчүн жол ачык" экенин айтты.
Ислам жумуриятынын жогорку даражалуу аткаминерлери Кошмо Штаттар менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесине каршы турса дагы Пезешкиандын комментарийи Тегерандын Вашингтондун сунушунан биринчи жолу ачык расмий баш тартканын көрсөттү.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден тарта жаңы администрация Иранга өзөктүк курал жасоого жол берилбеши керектигин белгилеп, эгер Тегеран Трамптын сунушун көнбөсө аскердик аракеттерден дагы кайра тартпай турганын эскерткен.
Пезешкиандын ачык билдирүүсү Тегеран менен Вашингтон ортосундагы Ирандын өзөктүк программасына байланышкан чыңалууну дагы күчөтөт.
Тегеран өзөктүк прграммасы тынчтык мүнөздө экенин эбактан бери билдирсе дагы ирандык аткаминерлер АКШ менен карама-каршылык күчөп, Газа тилкесинде Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) радикал уюмунун согушту токтотуу келишими бузулган шартта өзөктүк курал чыгарабыз деп коркутушкан.
БУУнун февраль айындагы баяндамасында Иран уран казууну ыкчамдатып, курал жасоого жакындаганы белгиленген.
Эгер Тегеран өзөктүк программасы боюнча кеп-сөзгө келбесе дагы сакцияларга кабылышы мүмкүн.
2015-жылы дүйнөлүк державалар (Кытай, Орусия, Британия, Франция, АКШ, Германия) Иран менен келишимге жетишкен. Ага ылайык, Тегеран санкциялардан арылуу үчүн өзөктүк программасын чектемей болгон.
Трамптын бийликтеги биринчи мөөнөтүндө АКШ бул келишимден чыгып, 2018-жылы кайрадан Иранга каршы санкциялар жарыяланган.
Тегеран өзөктүк программасын кеңейтип, МАГАТЭнин инспекцияларына чектөө койгон.
Шерине