Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилген жерлерди мэриянын карамагына кайтаруу боюнча арызды карап, корутунду чыгарды. Бишкек мэриясы анда калаа башчылыгынын парк боюнча чечимдери мыйзамдуу деп табылганын жарыя кылды.
Орусияда мигранттардын банк карталары бөгөттөлө баштады. Кремлдин жаңы реестрине кирип калган мигранттар эмне кылышы керек? Орусияда мигранттарды тескеген жаңы режимдин кесепети кандай? Кыргыз бийлиги өз жарандарына кандай жардам бере алат?
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону кабарланган окуучунун өлүмүн шаардык милиция териштире баштады. Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ чыгып, 9-класттын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектепте тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду.
12-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. Трамп айткандай, Владимир Путин да, Владимир Зеленский да тынчтыкты кааларын билдирген.
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда өрт чыгып, эки бала набыт болуп, тогуз адам жабыркады. Киевге баллистикалык ракетадан сокку урулуп, киши өмүрү кыйылды. Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык иликтөөчү журналисттерге ыйгарылды.
Кыргыз тили кирил арибине өткөндө орус тили кантип үстөмдүк кылган? Советтик республикалардын тил саясатын ким кандай жүргүзгөн? Эгемендикке ээ болгон 30 жылда кыргыз тилинин ыраатка салынган, эффективдүү эрежелери эмне үчүн кабыл алынган жок? Чоробек Сааданбек ушул суроолорго жооп издейт.
Расмий Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча маалымат берип, тактоо иштери аяктаганын, алдыда “суу жана жол боюнча кошумча келишим кабыл алынарын” билдирди.
Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Тынчтык Шайназаров шайланды. Дээрлик тогуз жылдан бери комиссияны жетектеп келген Шайлдабекова эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөрдү.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Суу кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу талаш чыкты. Тагыраагы, кодекстин текстине Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген сөздү киргизүү сунушталганы ачыкка чыгып, каршылыктарды жаратты.
Украинада 11-февралда жапырт ракета жана дрон соккуларынан улам электр энергиясын берүү чукул токтотулду. Орусиянын Саратов шаарында дрон чабуулунан өндүрүш имараттары жабыркаганы айтылды.
Кыргызстандагы айылдар эмнеге Михайловка, Константиновка, Николаевка, Александровка, Петровка, Палтавка деп аталып калган? Анын тарыхый маани-маңызы барбы? Арадан 100 жылдан ашык убакыт өтсө да Орусиянын оторчулук саясатынын шары менен аталып калган кыргыз айылдарынын аты эмнеге өзгөрбөйт?
Дагы жүктөңүз