Мамбеталиев убагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон жана уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары оор кылмыштарга байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылганы менен эки жолу абактан бошоп чыккан. Былтыр октябрда ал кайра камалган.
Соттун маалыматына ылайык, Башкы прокуратура Эркин Мамбеталиевге буга чейин козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу териштирүүнү кайра баштоо тууралуу өтүнүч келтирген. Анда Жогорку соттун 2011-жылдын 29-апрелиндеги токтому жокко чыгарылышы керектиги белгиленген.
"Азаттык" буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды, бирок макала жазылып жаткан маалда жооп ала алган жок.
Айрым басылмалар анын иши кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу экенин жазышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамбеталиевди былтыр августта Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кармаган. Анда колу буралып, жерге жаткырылган абалда тартылган сүрөт, видеолор тараган.
Атайын кызмат анын кармалышы тууралуу комментарий берип, Мамбеталиев кримтөбөлдөр Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталганын билдирген.
“Мамбеталиев узак убактан бери кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Мындан көп өтпөй Мамбеталиев өз эрки менен бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин кабарлаган. УКМК жалпы баасы беш миллион доллардан ашат деп эсептелген "кылмыштуу жол менен табылган" делген мүлктүн тизмесин жарыялаган. Арасында Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” эс алуу борбору, Бишкектеги үч жана эки бөлмөлүү батирлер, кымбат баадагы машина, алтургай боз үй дагы болгон.
Мамбеталиев биринчи ирет 2004-жылы жазында милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган. Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев милициянын оперативдүү кызматкерлери Алиевди атып качкан дегендерди алардын машинасы аркылуу тапканын "Азаттыкка" айтып берген. Ошол машина ал кездеги “Кыргызавтомаш” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон Алмазбек Атамбаевге таандык жайда катылып турганын билдирген.
Мамбеталиев соттон 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин акталып чыккан. Анын камактан чыгышы "Атамбаевдин кийлигишүүсү менен болду" деген сөз тараган.
Мамбеталиев экинчи жолу 2006-жылдын этегинде камакка алынган. Ага 2005-жылы 10-июнда атып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуу айып тагылган.
Мамбеталиевге негизинен сегиз адамдын, тактап айтканда, Чыныбек Алиев менен Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбеков, Ысык-Көлдөгү “Рахат” пансионатынын жетекчиси Бахрул Бурханов, Таластагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеевди өлтүрүүгө катышкан деген кине коюлган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө сегиз адамдын ичинен үчөөнүн - Алиев, Сурабалдиев жана Абасовдун өлүмүнө катыштыгы бардыгы аныкталды деп айтылган. Иш Жогорку сотко чейин жеткен жана Мамбеталиев 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Туугандары, жактоочулары анын күнөөсү жок деп айтып келишкен.
Экинчи жолу Мамбеталиев 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин түрмөдөн чыккан жана анын кылмыш иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген жүйө менен кайра каралганы белгилүү болгон. Анда Сурабалдиевдин өлүмүнө анын тиешеси бар экени далилденген жок деген чечим чыккан. Калган айыптарга байланыштуу 15 жыл мөөнөт берилген, бирок мунапыс менен жаза мөөнөтү кыскарып, абактан чыккан.
Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Мамбеталиев убагында кантип акталган деген суроолорго ачык жооп берилиши керектигин, ага жол бергендерди жазага тартуу зарылдыгын белгиледи:
"Мен ИИМди жетектеп турганда Мамбеталиевди кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн балдары кармаган. Анын иши Жогорку сотко чейин жетип, күчүнө кирген. Атамбаев бийликке келгенден кийин Мамбеталиевди бир эпизод менен актап коюп, сот залынан бошотуп жиберишкен. Биз буга байланыштуу көп эле интервью бергенбиз, көп эле нерсени айтканбыз. Мамбеталиев Атамбаев, анын шоопуру Икрамжан Илмиянов менен аябай тыгыз мамиледе, байланышта болгон. Полковник Чыныбек Алиев өлтүрүлгөндө Рысбек Акматбаевдер колдонгон машинаны Атамбаевге таандык имараттын гаражынан тапканбыз. Кылмыш иштин ичинде шоопур экөө ошол машинаны гаражга каткан деген жери бар. Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура мыйзамдуулукту калыбына келтиребиз деп жазып жатса керек. Бийлик алмашкан сайын эле эле айрым бир кылмыш иштерин кыскартып, сот өкүмдөрүн өзгөртүп жатышпайбы. Мамбеталиев Атамбаевдин убагында эмне себептен иши кыскартылган, эмне себептен акталган деп туруп, соттогу, прокуратурадагы кишилердин баарын жазалаш керек. Кеп Эркин Мамбеталиевде эле эмес. Ошол маалдагы жогорку кызматтагы, бийликтеги кайсы адамдардын көрсөтмөсү менен акталган деп ошону териштириш керек. Эгер андай болбосо, коомчулук дагы түшүнбөй калат, өч алуу эле болуп жатабы деп ойлогондор дагы болот. Мыйзам үстөмдүгү болушу үчүн Башкы прокуратура өтүнүч келтиргенден кийин анын аягына чейин чыгып, ошол иштин артында Атамбаев турганбы, же анын шоопуру Илмиянов турганбы, ошону тактап, аныктап, элге жеткирмейинче эл муну жөн эле өч алуу деп ойлойт. Элге жеткириш үчүн ушунун баарынын аягына чыгышы керек. Кылмыш иши козголгондо, териштирилгенде Мамбеталиев тууралуу далилдер, фактылар жетиштүү эле болгон".
Соңку жагдай тууралуу Мамбеталиевдин жактоочусу жана жакындары азырынча үн ката элек.
Талдоочу Турат Акимовдун баамында, акыркы окуяларды Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын "тизгинин тартуу" катары бааласа болот:
"Негизи "мыйзам кайра артка иштебейт" деп коюшат го. Ал эми акталгандан кийин ошол бойдон эле калышы керек эле. Эми аны кайра жоопко тарталы дегендин артында Атамбаевден өч алуу, анын колдоочуларын, жан-жөөкөрлөрүн кысымга алуу тургандай. Анткени бүгүнкү күндө азыркы бийликке Атамбаевден башка эч ким эч нерсе кыла албайт. Атамбаевдин балдары улам-улам саясий кайрылуулар менен чыгып жатат, анын партиясынын мүчөлөрү камалып жатат. Атамбаев өзү чет өлкөдө туруп алып үйрөтүп да жатышы мүмкүн. Мамбеталиев убагында Атамбаевдин жан-жөөкөрү болчу. Аны деле кайра кысымга алып, болушунча "кустурат". Ал өмүр бою эркинен ажыратылып туруп кийин акталып кетти. Эми ошол өкүмдү кайра ордуна келтирип, Мамбеталиевди такыр эле абакка жаап салабыз деген иш болуп жатат го деп ойлойм".
Атамбаев бийликте турганда анын тарапташтары Мамбеталиевдин президент менен жакын мамилеси тууралуу сөздөрдү жокко чыгарып келишкен.
Мамбеталиевдин аты 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чуулуу окуяларга байланыштуу аталган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага аталган басылманын кайрылуусунда айтылгандарды териштирүүнү тапшырган. Башкы көзөмөлдөөчү орган анда негизинен Мамбеталиев Кыргызстанга сырттан импорттолуп келген эт бизнесин көзөмөлдөйт, мыйзамсыз ишкерлик менен алектенет, сотторго басым жасайт, коркутуп-үркүтүү, тоноо менен алектенет деген айыптар тастыкталган эмес деп билдирген.
Шерине