"Азаттыктын" "Бийлик сырлары" көрсөтүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева болду.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңеш менен тиреши уланууда. Мэр депутаттарды улам бир жыйын өткөрө берип, мэрияны негизги ишинен алагды кылып жатканын айтып чыкты. Ал эми айрым депутаттар мэр шаардын жергиликтүү өкүлчүлүк органын сыйлабайт деп, өзүн сындап жатышат.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотууну талап кылды.
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбооруна кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң, медиа болсо 65 миң сом айыпка жыгылат.
Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Бишкектеги цирктин жамаатынын бир бөлүгү Светлана Ашированын кайрадан директор болуп дайындалышына каршы болууда. Маданият министрлиги Ашированы өткөн жумада жумуштан алып, беш күн өтпөй бул чечимин жокко чыгарды. Аширова өзүнүн айланасындагы окуяларды "каралоо" деп баалайт.
Вашингтондун Рейган аэропортуна 64 адам менен бараткан жүргүнчү учак аскердик тик учак менен кагышты. Башкы прокуратура блогер Жолболдуеванын тергөө абагында "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсүнө жооп берди. Бишкектин шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары менен кайым айтышты.
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун аймагында Кемин-Сити деп аталган шаар куруу тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча салынат. Азырынча анын каржы булактары аныктала элек.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө соңку төрт жылдын ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирди. Ал бул тууралуу 28-январда президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты. Бирок айрым байкоочулар кылмыштуулуктун азайганы милициянын ишинин үзүрү эмес дешет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) блогер деп атаган интернет колдонуучулардын кармалышы социалдык тармактарда саясатчыларды, аткаминерлерди мактап же каралап жазгандар темасын көтөрдү.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.
Дагы жүктөңүз