Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Абактагы Султанбековдун абалы, ТИМдин Европарламент өкүлдөрүнүн сапары тууралуу маалыматы


Темирлан Султанбеков сотто. 25-январь, 2025-жыл
Темирлан Султанбеков сотто. 25-январь, 2025-жыл

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-февралда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушууда Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарынын болбой калышы тууралуу түшүндүрмө берди.

ТИМдин маалыматы

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, кыргыз тарап аталган комитеттин төрагасы Мунир Сатуринин 7-февралдагы билдирүүсү туура эмес экенин, делегациянын сапары жүйөлүү себептерден улам жылганын, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, алар эми каалаган убакта келе аларын белгиледи.

"Жолугушууда кыргыз тарап Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатуринин билдирүүсүндө фактылар туура эмес берилгенине таң калуусун жана макул эместигин билдирди. Кыргызстан Европарламенттин делегациясынын сапары жокко чыгарылбаганын түшүндүрдү. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган”,- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Мунир Сатури делегациянын 25-28-февралга белгиленген, көптөн бери пландаштырылып жаткан Бишкек сапары болбой калганын, буга байланыштуу Кыргызстандын ТИМинен билдирүү келгенин билдирген. Бул чечим өкүнүч жаратарын, күтүүсүз болгонун белгилеген.

“Учурда ратификациялоо процессинде турган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишим Евробиримдиктен жана Кыргызстандан бул документтин ажырагыс бөлүгү болгон адам укугун, фундаменталдык эркиндиктердин жана демократиялык стандарттардын толук корголушун талап кылат. Биздин миссиябыз да өлкөдө адам укугунун корголушу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган”.

Европарламент кабыл алган резолюция

Жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын ТИМи Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюцияны өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.

Президент Садыр Жапаров да былтыр 21-декабрда өткөн Элдик курултайда Европарламенттин резолюциясын “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Бул жакта эмне болуп жатканын миңдеген чакырым алыстыкта жатып алып же колуңарда бир далил кагаз жок туруп кантип чечим кабыл алып жатасыздар, билбейм. Өзүңөрдүн кесиптешиңер да ушуну айтты. Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары боюнча эле 1,5 млн сомду добуш сатып алуу үчүн элге таратып жатып кармалды. Мунун баары далилденип турат. Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, 44ү каттоодон өткөрбөй, жашыруун түздөн-түз акча төлөп жатышат. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатса, башынан сылайлыбы?".

Саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов адам укугу боюнча Кыргызстанга айтылып жаткан дооматтарга мындай баа берди:

“Кыргыз бийлигине адам укугу боюнча дооматтар дайыма эле айтылып келет. Кеңири караганда, ошол эле Аскар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында да айтылган. Бирок ошол убактарда баары бир Кыргызстан – демократиянын аралчасы деген аброй, умтулуу бар эле. Акыркы жылдары бул маселеде дүйнөлүк рейтингдерде да алсырап калдык”.

Абактагы мөөнөт узарды, Султанбековдун абалы начарлоодо

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин өкүлү менен жолуккан күнү, 8-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидеринин жана мүчөлөрүнүн абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөнүн өтүнүчүн карады.

Сот анын жыйынтыгында Темирлан Султанбековдун жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. Чечим ишембиде кечки саат 9га жакын чыгарылды.

Султанбеков, Карамушкина, Түрксевер 13-мартка чейин абакта калды, сотко "Тез жардам" чакыртылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Сот процесси маалында "Тез жардам" кызматы чакырылып, абакта ачкачылык кармоону улантып жаткан Султанбековго дары сайып кетишкени белгилүү болду.

Султанбековдун атасы дагы өзүнчө "Тез жардам" чакырган, бирок андагы дарыгерлер киргизилген жок. Мунун алдында бул партиянын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Кадырбек Атамбаев Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготконун, "Тез жардам" чакыртылганын кабарлаган. Жактоочулары бул процесс алдын ала белгиленбегенин, адвокаттарго ага бир саат калганда гана кабар берилгенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча расмий комментарий бере элек.

10-февралда Султанбековдун жактоочуларынын прокуратурага каршы жазган арызы каралып, канааттандырылган жок. Сот Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин адвокаттар Султанбековго кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, талапкер макамына карабай айыпталуучу катары жоопко тартуу токтому чыкканы жана мыйзамсыз кармалганына прокуратура кызматкерлери чара көргөн эмес деген негизде Свердлов райондук сотуна арызданган. Сот арызды четке каккан.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган.

Аларга Бишкек шаардык кеңешине шайлоону утурлай Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй КСДП партиясы шайлоодон четтетилген.

Камактагы мөөнөттөрү улам узартылып жатат.

Бийлик Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алганына далил бар деген жүйөнү карманууда.

Султанбековдун абакта ачкачылык кармап жатканына бүгүн, 10-февралда 89 күн болду. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. Ал саясий ачкачылыгын "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG