Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

"Тынчтык орнотуу жолундабыз". Трамп Путин жана Зеленский менен сүйлөштү


АКШнын президенти Дональд Трамп, Украинанын лидери Владимир Зеленский, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин
АКШнын президенти Дональд Трамп, Украинанын лидери Владимир Зеленский, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин

12-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. Трамп айткандай, Владимир Путин да, Владимир Зеленский да тынчтыкты кааларын билдирген.

Вашингтон Киевдин НАТОго кошулуусун согушту жөнгө салуунун бир шарты деп эсептебейт. Мунун алдында Пентагондун башчысы Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусун “реалдуу эмес” деп атаган. Европанын айрым өлкөлөрү сүйлөшүүлөргө чейин эле Москвага артыкчылык берүү туура эмес стратегия деп эсептешет.

Путин менен сүйлөшкөнүн Трамп адегенде Truth Social социалдык тармагына жарыялап, “биргелешип, тыгыз иштешүүнү, бири-биринин өлкөлөрүнө барууну макулдашышканын” жазган.

Ал тараптар Украина, Жакынкы Чыгыштагы абалды, энергетика, жасалма интеллект маселелерин талкуулаганын айтып, “биринчи кезекте согушту токтотуу зарылдыгын” сөз кылышканын белгиледи.

Кийинчерээк АКШ президенти Ак үйдө кабарчылардын суроолоруна жооп берди:

"Биз телефондон узакка сүйлөштүк. Бир сааттан ашуун сүйлөштүк. Андан кийин президент Зеленский менен да баарлаштым. Менимче, биз тынчтык орнотуу жолунда баратабыз. Президент Путин тынчтыкты каалайт, Зеленский да тынчтыкты каалайт. Мен да тынчтыкты каалайм. Адамдардын өлүмү токтосо деп ойлойм".

Трамп Путинге убакыт бөлгөнүнө ыраазычылык билдиргенин, экөө Сауд Арабияда жолугушарын айтты.

Ошол эле маалда АКШнын президенти Украина Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышары же катышпасы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Кийинчерээк Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлер бир жарым сааттай сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, Трамптын тынчтык орнотуу тууралуу айтканына жооп кайтарып, Путин “адегенде жаңжалдын негизги себебин жоюу зарылдыгын баса белгилеп”, Трамптын кырдаалды тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салса болот деген пикирине кошулган.

Мунун алдында Түндүк-атлантикалык альянстын Брюсселдеги жолугушуусунда АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусун жана аннексияланган Крым жарым аралын кайра алуусун “реалдуу эмес” деп атаган. Ал Ак үй Киевдин НАТОго кошулуусун согушту жөнгө салуунун бир шарты деп санабай турганын кошумчалады.

Трамп Украина альянска кирбейт деген ой жүйөлүү деп эсептээрин айтты.

Москва кошунасы НАТОго кошулса, өз коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилеп, муну согуш ачуунун бир себеби деп атап келген.

Учурда орус аскерлери Украинанын аймагынын дээрлик 20% көзөмөлдөйт. Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жана АКШнын НАТОдогу биргелешкен куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Кристофер Каволи. Брюссел. 13-февраль, 2025-жыл
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жана АКШнын НАТОдогу биргелешкен куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Кристофер Каволи. Брюссел. 13-февраль, 2025-жыл

"Тынчтык сүйлөшүүсүнө Киев кошулуусу керек"

Путинден кийин АКШнын лидери украин президенти менен сүйлөштү. Владимир Зеленский муну ырастап, тынчтыкка жетүү жолдорун, биргелешип иштешүүнү кеп кылышканын гана жазып койду.

Зеленский Трамп аны Путин менен эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүн кабарлаганын кошумчалады:

“Тынчтыкка Украинадай умтулган өлкө жок. Орусиянын агрессиясын токтотуу, узак жана бекем тынчтыкты кепилдөө үчүн Америка менен орток кадамдарды аныктап жатабыз", - деп жазды ал телеграм-каналына.

Трамп президенттик шайлоо алдында согушту тез арада токтоторун убада кылган. Бирок сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн Москвага артыкчылык берүү менен түзүү жакшы жол эмес дегендер да жок эмес.

Бейшембиде НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Украинада тынчтык орнотуу талкуусуна Киев камтылышы керек деп билдирди.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинанын НАТОго ыктымал мүчөлүгү, аймактарынан баш тартышы керекпи деген маселелерди тынчтык сүйлөшүүлөрү башталгыча күн тартибинен алуу туура эмес деп эсептейт:

"Бул абдан өкүнүчтүү, бирок чындык болуп калды. Трамптын администрациясы сүйлөшүүлөргө чейин эле Путинге жеңилдиктерди берип койду... Бирок Орусия менен Украина ортосунда тынчтык келишими тез арада түзүлсө, мен аны кубаттайм, биз кол куушуруп отура бербешибиз керек. Адилет, ак ниет, бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыктын негизинде адам өлүмүн токтотуу зарыл”.

Франциянын коргоо министри Себастьн Лекорню Украинанын чабалдыгына таянып жетишилген тынчтык жаңжалды ырбатып жибериши ыктымал деген оюн айтты.

Зеленский жана Трамп тынчтык келишиминин шарттары же алдын ала макулдашуулар жөнүндө айткан эмес.

Орусия Украинага жок жерден кол салганына 24-февралда 3 жыл болот.

Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG