Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызиндустрия" ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары кармалганын билдирди. Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрөт деген максатта үч жыл мурда түзүлгөн ишкананын жетекчисине буга чейин да кескин сын айтылган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги сакталарын, бул жаатта эч кандай көйгөй жок экенин кайталады. Бул баалуулуктар мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыты экенин айтты. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө саясий абал, адам укуктары жана жарандык коом тууралуу сөз кылдык.
Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев жана апасы Раиса Атамбаева милицияга сурак берип чыкты. Бишкектин Көк-Жар конушундагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, 62 жаштагы аял каза тапты.
24-январда Социал-демократтар партиясынын ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Социал-демократтардын мүчөсү Кадырбек Атамбаев энеси Раиса Атамбаева менен сурак берип чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
Кыргыз бийлиги “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын АКШнын санкциясынан чыгарууну өтүндү. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен үч компаниянын санкцияга илинишин талкуулады.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап, бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Өз кезегинде Дональд Трамп Мексика менен чек арага бир жарым миң аскерди жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Президент Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир жыл мурун жок кылынганы тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берди. Ал коопсуздугунан улам сыртка чыгып кеткенин айткан укук коргоочу Абдирасуловага да токтолуп, ага эч кандай коркунуч жоктугун билдирди.
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Оштун мэри болуп дайындалды. Саясатка ишкерликтен келген Токторбаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы катары белгилүү.
Президент Садыр Жапаров айыл-кыштактардын аталышын өзгөртүү боюнча дагы бир мыйзамга кол койду. Анда тогуз айылдын аталышы өзгөргөн.
Коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маселеси боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берди. Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени былтыр жыл соңунда белгилүү болгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Дагы жүктөңүз