Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

“Кыргызиндустрия” жетекчилиги жеке кызыкчылыгын көздөгөнбү?


Жарасул Абдураимов
Жарасул Абдураимов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Кыргызиндустрия" ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары кармалганын билдирди. Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрөт деген максатта үч жыл мурда түзүлгөн ишкананын жетекчисине буга чейин да кескин сын айтылган.

Жарасул Абдураимов кызматтан алынганы бир күн мурда белгилүү болгон. Атайын кызмат ал жетектеген ишканада туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнүн айтууда. Азырынча ага тагылган айып боюнча өзүнөн да, жактоочуларынан да комментарий же билдирүү боло элек.

Атайын кызматтын айыптоосу

УКМК тараткан маалыматка караганда, "Кыргызиндустрия" ишканасынын ишмердүүлүгүн Башкы прокуратура текшерип чыккан. Андагы материалдарга таянып, атайын кызмат 24-январда коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен бул ишканага 2,3 миллиард сом бөлүнгөн, бирок айрым кызмат адамдары "жеке кызыкчылыгын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн".

Атайын кызматтын эсебинде, "40тан ашык чыгашалуу ишкана түзүлгөн жана каржыланган, аларга бөлүнгөн финансылык салым кайтарылгыс болуп калган".

"Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Кыргызиндустриянын" жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өзүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акысы жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган. Жетекчилик жана аларга өзгөчө жакын кызматкерлер бир эле мезгилде "Кыргызиндустрияда" жана туунду компанияларда кызмат орундарын ээлеп, эмгек акы алышкандыгын белгилей кетүү керек", - деп билдирди УКМК.

УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

40тай туунду компания арасында, УКМК кабарлагандай, транспорттук логистика менен алектенген “Кыргызчеттранс”, мык чыгарган “Кыргызтемирмык”, кыш чыгарган “Кыргызкыш”, топчу чыгарган “Кыргызтопчу” жана уюлдук телефон менен ноутбук чыгарган “Кыргызэлектроника” сыяктуу компаниялар бар.

Абдураимов да, ишканада вице-президент болуп иштеген Б.Б. аттуу адам да УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды, алардын бөгөт чарасын сот аныктайт.

Шектүүлөр же алардын жактоочулары атайын кызматтын жогоруда келтирген айыптоосу, жемкорлук боюнча козгогон кылмыш иши тууралуу азырынча комментарий же түшүндүрмө бере элек.

Өзүнчө мүлкү, эсептери бар ишкана

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому 2021-жылдын 24-декабрында Министрлер кабинетинин токтому менен түзүлгөн. Анын 1 миллиард сомдук уставдык капиталына 100% мамлекет ээлик кылат. Негиздөөчүсү жана жалгыз акционери Министрлер кабинети. Ошол эле учурда ал түзүлүп жатканда юридикалык макамы бар коммерциялык уюм экени, өзүнчө мүлкү, балансы, Кыргызстандын ичинде да, чет жакта да банк эсептери болору белгиленген.

"Кыргызиндустрия" өлкөдө токтоп калган өндүрүш ишканаларын кайрадан иштетет деген үмүт артылып жатканын, электроника, курулуш, жеңил өнөр жай жана башка тармактарда 20 долбоорду ишке ашырып жатканын президент Садыр Жапаров 2023-жылы экинчи элдик курултайда сүйлөп жатып айткан.

Ишкананын максаты өнөр жай секторун жандандыруу, жаңы завод-фабрикаларды ачып, модернизациялоо аркылуу жумушсуздукту жана миграцияны азайтуу экенин өкмөт бир нече жолу билдирген.

Бирок "Кыргызиндустриянын" иши канчалык натыйжалуу болуп жатканы тууралуу маселе коомчулукта да айтылып, парламентте да көтөрүлгөн.

Парламентте айтылган сын

Өткөн жылы Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары "Кыргызиндустриянын" ишмердүүлүгү менен таанышкан эле. Депутат Исхак Масалиев түшүнүксүз жагдайлар бар экенин белгилөөдө.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Эмнегедир алар чыгарган продукцияны мамлекет тараптан сатып алуу болгон жок. Башкача айтканда, колдонулбай калууда. Мисалы, ошол жерден чыккан ноутбуктарды мугалимдерге бергиле деген. Бирок өкмөт алардан албай, Исхак Раззаков атындагы университеттин факультетинин көзөмөлүндөгү ишканадан алды. Биз фракциянын чечими менен өкмөткө кайрылганбыз. Жок дегенде ушул компьютерлерди албайсыңарбы деп. Анан медициналык каражаттарды да чыгарып жаткан, аларды да эч ким албай жатат. Бир жагынан өкмөт шарт түзүп чыгаргыла деп, экинчи жагынан анын продукциясын албайт. Жеке пикиримде, кызыкчылыктардын тиреши бар деп ойлойм".

2023-жылы 16-майда Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында ошол кездеги депутат Жеңишбек Токторбаев Эсеп палатасынын маалыматына таянып, ишкананын жетекчилери чоң суммада айлык аларын сынга алган.

"Сиз (Жарасул Абдураимов - ред.) 170 миң сом айлык алат экенсиз. Вице-президенттериңиз 130 миң сомдон, кеңешчилериңиз 120 миң сомдон айлык алат экен. Бул жерде төрт вице-президенттин эмне кереги бар? Өзүңүз эле жетишесиз да. Болгону 65 киши иштеген жерде бир президент, төрт вице-президент бар экен. Мындай Америкада да жок. Жети миллион калк жашаган өлкөдө бир президентибиз эле бар. Башкармалыктын башчысы 120 миң, эксперттериңер 85 миң, бөлүм башчылар 90 миң сомдон айлык алат экен", - деген Токторбаев.

Жарасул Абдураимов жыйында Эсеп палатасы "туура эмес маалымат" бергенин шардана кылган. Ал айлык акынын көлөмүн өкмөт менен макулдашканын, өз ишин билген адистер иштеп жатканын айткан.

"Акционердик коомдордо Директорлор кеңеши болот. Бизде андай жок. Ошонун жоктугунан, түзүм чоң болбошу үчүн ушундай түзүм сунушталган, ал иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Эсеп палатасы дагы адашат экен. Учурда Эсеп палатасынын актысы жокко чыгарылды. Баары текшерүүдөн өттү. Акыркы тыйынына чейин текшерилди. Биз түзүп жаткан ишканалар эки жылдан үч жылга чейинки аралыкта долбоордогу кубаттуулугуна чыгат", - деп билдирген Абдураимов.

Ошол эле жылы июнь айында Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кыргызиндустрия” ишканасы "1 миллиард сомду максатсыз пайдаланганын" билдирип, толук материалдар УКМКга берилгенин Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдаган.

Өкмөт түзгөн мамлекеттик ишканалардагы тобокелдик

Буга чейин Кыргызстанда өкмөт бир катар мамлекеттик ишкана түзгөн. Алардын арасында айрымдарынын жетекчилери жемкорлукка айыпталган окуялар да болгон.

Юрист жана медиа эксперт Илим Карыпбеков мамлекет түзгөн компанияларда жемкорлук тобокелдиги жогору деген көз карашта:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

"Мамлекеттик компания жеке жак болбогондон кийин жетекчилер ал жерде көпкө отурбасын билип, акча жасаганга, тууган, тааныш-билиштерин койгонго аракет кылат. Анан аягы келип ушундай кесепеттерге алып келет. Жеке жактар рынокко жараша анализ жүргүзүп, шамалдын ыргагына жараша бат-бат чечим кабыл алса, мамлекеттик компаниялардын жетекчилери бат чечим кабыл ала албайт, кооптонушат. Мунун баарын көрүп эле жүрөбүз. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөр мамлекеттик компанияларды жок кылганга, жеке жактарга бергенге аракет кылат".

2022-жылы бийлик "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин түзүп, ал инвестиция тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенерин билдирген. Жетекчилигине ошол маалда "Кумтөр Голд Компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу болуп турган Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. Кийин Кумтөр ишине байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кармалып, холдинг 2023-жылы жоюлуп кеткен.

Ал эми 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын жетекчилиге дайындалган Елена Калашникова 2023-жылы коррупцияга шектелип кармалган, кийин ал үй камагына чыккан.

Бир топ ишканада жетекчи болгон

64 жаштагы Жарасул Абдураимов бир күн мурда, 24-январда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматынан алынганы белгилүү болуп, анын ордуна “Кыргызалтын” ишканасын жетектеп турган Алманбек Исмаилов дайындалган. Абдураимов бул кызматты 2022-жылдын январынан тартып аркалады.

Абдураимов Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, "Дастан" сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Абдураимовго "Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер" деген наам ыйгарган.

УКМК ишкананын жетекчисинин коррупцияга шектелип кармалган орун басары деп кабарлаган кишинин өздүгү тууралуу ачык булактардан маалымат табуу мүмкүн болгон жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG