Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Мексика АКШдан депортацияланган жарандарын кабыл алууга даярданууда


АКШга өтүүнү көздөгөн кишилер. Сьюдад-Хуарес, Мексика. 25-апрель, 2024-жыл
АКШга өтүүнү көздөгөн кишилер. Сьюдад-Хуарес, Мексика. 25-апрель, 2024-жыл

Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап, бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Өз кезегинде Дональд Трамп Мексика менен чек арага бир жарым миң аскерди жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.

20-январда чек аранын ал бөлүгүндө чукул кырдаал жарыяланган. Ал эми АКШнын Конгресси майда кылмыштарга айыпталган мыйзамсыз мигранттарды камоо каралган мыйзам долбоорун кабыл алып, Ак үйгө жөнөттү.

Мексиканын АКШ менен чек арасында жумушчулар Сьюдад-Хуарес шаарын Техас штатындагы Эл-Пасо менен бөлүп турган Рио Гранде дарыясынын боюндагы ээн турган жерге темир-тезектерди түшүрүп, чатырларды тиге баштады.

Мексиканын бийлиги дал ушинтип АКШдан артка кайтарылган жарандарды тосуп алууга камынууда. Сьюдад-Хуарестеги убактылуу баш калкалоочу жайлар миңдеген кишилерди батыра алат.

Мексикалык аскерлер АКШдан депортациялангандар үчүн чатырларды тигип жатат. 22-январь, 2025-жыл
Мексикалык аскерлер АКШдан депортациялангандар үчүн чатырларды тигип жатат. 22-январь, 2025-жыл

Чатырлар, кабыл алуу борборлору Мексиканын түндүгүндөгү тогуз шаарда даярдалып жатат.

План боюнча репатрианттар тамак-аш, убактылуу жай менен камсыздалып, аларга медициналык жардам, керектүү документтерди алууда көмөк берилмекчи.

Бийликтин бул багыттагы документи “Мексика силерге кучагын жаят" деп аталат. Өлкөнүн ички иштер министри Роза Исела Родригес жарандарга кам көрүлөрүнө убада кылды:

"Кайтып жаткан бир туугандарыбызга жардам берүүгө Мексика өкмөтүнүн чамасы жетет. Аларды жалгыз калтырып койбойбуз. Чек аранын бул тарабында биз аларды кабыл алууга даяр турабыз".

El Colegio de la Frontera Norte деген мексикалык аналитикалык борбордун АКШдагы акыркы эл каттоонун сандарына таянып билдиргенине караганда, кошуна өлкөдө 5 миллиондой мексикалык уруксатсыз жашап жүрөт.

Алардын көбү өлкөнүн жакыр жана кылмыштуу топторунун зомбулугунан жабыркаган аймактарынан баргандар.

Экономикалык аналитик Роберто Агилар Рейтер агенттиги менен маегинде мынча кишини иш менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин белгилейт:

"Минималдуу айлык акы 130% өскөнү менен, баары бир мекендештерибиз АКШда тапкан акчадан алда канча аз. Тилекке каршы, алардын үйлөрүнө кайтуудан башка аргасы жок. Экономикабыз 2025-жылы төмөндөй баштайт деп күтүлүүдө".

Мексика үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын кабыл албайт

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө тарыхындагы эң ири депортацияны жүргүзөрүн айтып, андай чараларга жол ачкан жарлыктарга кол койду. Мексика менен чек арада чукул кырдаал киргизилип, шаршембиде ал жакка 1500 аскерди жөнөтүү буйругун чыгарды.

Жаңы администрация 21-январда “Мексикада калгыла” деген программаны калыбына киргизерин билдирген. Ага ылайык, АКШда башпаанек сураган адамдардын документтери америкалык сотто каралгыча, алар Мексикада калууга тийиш.

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум инаугурациясында. 1-октябрь, 2024-жыл
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум инаугурациясында. 1-октябрь, 2024-жыл

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын кабыл алууга макулдук бербегенин, ал үчүн ошол мамлекеттер менен келишим зарыл экенин билдирди:

“Биздин түндүк чек арабыздагы адамдарга гуманитардык жардам беребиз. Алар өз ыктыяры менен мекенине кайтууну кааласа, Байдендин администрациясынын тушундагы механизмдерде эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен чогултулган каражаттын эсебинен репатриация боло алат".

Мексика менен АКШнын чек арасында ушу тапта кыргызстандык ондогон кишилер бар экенин "Азаттыкка" ал жактагы булактар билдиришти.

Трамп ант берип, кызматка расмий киришкен күнү эле Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган, Бажы жана чек ара кызматы иштеп чыккан CBP One миграциялык тиркемеси жабылган.

Укук коргоочулар чек арада ара жолдо калган кишилер, кичинекей балдар кылмыштуу топтордун коркунучуна туш болгонун айтып, радикалдуу чараларды сындашууда.

Ал арада АКШнын Конгресси майда кылмыштарга аралашкан мыйзамсыз мигранттарды камоо каралган мыйзам долбоорун кабыл алып, Ак үйгө жөнөттү. Документ соттун токтому жок эле уурулукка барган мыйзамсыз мигранттарды камоого жол ачат. Бул – чек аралардагы коопсуздукту камсыздоо жана мигранттардын агымына бөгөт коюу багытындагы Конгресс беките турган көптөгөн мыйзамдардын алгачкысы болуп калды.

Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын Американын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүрүүдө. Маселен Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында Американын “суверендүүлүгү коркунучта” деп белгиленген. Документте Американын түштүктөгү чек арасын картелдер, кылмыштуу топтор, керек болсо террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганы, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзаттар кирип жатканы белгиленген.

Чек аранын коопсуздугун жакшыртууга байланыштуу дагы бир жарлыгында “АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар” экени жазылган.

Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.

АКШ: Мигранттардын абалы туңгуюкта
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:45 0:00

22-январда Өкүлдөр палатасындагы добуш берүүдө 263 мыйзам чыгаруучу демилгени колдоп, 156сы каршы болду.

Республикачылар даярдаган документти 46 демократ-конгрессмен да колдоду. Ага чейин долбоорду Сенат жактырган.

Мыйзамсыз мигранттар менен катуу күрөшүүгө киришкен президент ага эң жакын арада кол коёт деп күтүлүүдө.

Муну менен катар АКШнын Юстиция министрлиги жаңы администрациянын мындай аракеттерине көмөктөшпөгөн расмий адамдарга каршы кылмыш иштерин ачуу тууралуу прокурорлорго көрсөтмө берди.

Америкалык бир катар шаар же штаттарда, көбүнчө демократтар жетектеген жерлерде мигранттар менен күрөшүүнүн айрым катаал чечимдери сынга кабылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG