Илхам Алиев Москва күнөөнү мойнуна алып, жабыркагандарга кенемте төлөп бериш керек деген шартын койду. Бул арада Казакстандын Актау шаарындагы учактын кыйроосунан аман калган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 2025-жылдын 1-июлуна чейин айып пул салынбайт.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун абак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн карады. Матцаковдун жактоочулары кийинки сотко тергөө тобунун башчысын чакырууну суранды. Судья бул өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрга белгиленди.
2024-жыл кыргызстандык журналисттер үчүн оңой болгон жок. Temirov Live редакциясына тиешеси бар 11 журналист камалып, анын төртөө сотто жаза алды. Мындан сөз эркиндигине байланыштуу бир катар сунуштар айтылып, талаштуу мыйзамдар да кабыл алынды. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.
Украинанын армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер каза тапты. Буга чейин украин бийлиги Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялыктардын жоготуулары үч миңден ашканын билдирген.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Жогорку Кеңеште кыргызстандыктардын фамилиясын тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, буга чейин жарандын аты - жөнү Асанов Үсөн Касымович болсо, каалоочулар эми документке Асантеги Үсөн Касымдын деп жазылганга мүмкүнчүлүк алат.
Дагы жүктөңүз