Буга чейинки шаар башчысы Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалды. Мындай жарлыктарга президент Садыр Жапаров 23-январда кол койду.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, убагында бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген шек менен камалып чыккан Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылы ноябрдан бери иштеп жаткан.
"Ташиевдин илгертен берки тарапташы"
Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарынын мэри болуп дайындалары тууралуу 22-январда эле айтыла баштаган. Ага чейин депутат Жогорку Кеңештеги ишин кадыресе улантып жүргөн. Маселен, Токторбаев 21-январда парламенттин тармактык комитетинде коррупцияга шек саналгандарга жазаны дагы катаалдатуу чаралары каралган мыйзам долбоорун алып чыккан.
"Биз өлкөбүздүн тарыхы өзгөрүп жаткан мезгилде мыйзам чыгаруу бийлигинин мүчөсү болгонубуз бекеринен эмес. Жарандардын ишенимине чыккынчылык кылгандардан бийликти тазалап, саясатта коррупция болбошу үчүн колдон келгендин баарын жасоо - элдин алдындагы биздин башкы милдетибиз. Коррупциясыз келечек үчүн, жарандардын ишенимин бекемдей турган жана таза мамлекеттик башкаруу системасын түзө турган ушул конституциялык мыйзамдын долбоорун кесиптештерим үч окуудан тең колдоп берет деп ишенем", - деген Токторбаев.
Аны 23-январда Ош шаардык мэриянын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды. Анда бул кызматка кандай себептерден улам Токторбаев тандап алынганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.
"Жеңишбек Шермаматовичти баарыңыздар эле тааныйт болушуңуздар керек. Көп жыл ишкерлик кылыптыр. Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат да болгон экен. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты болчу, эми сиздерге мэр болуп дайындалды. Ишиңизге ийгиликтерди каалап кетем. Ош шаарында акыркы убакта чоң, жакшы жумуштар жүрүп жатты. Бирок мындан ары дагы жасай турган жумуштар көп. Ошонун баарын аягына чейин чыгарыңыз, ийгилик сизге", - деди Касымалиев.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгилегенин, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турганына токтолгонун" маалымдады.
Токторбаев өзү дайындалгандан кийин жамаат менен жолугушуп жатып мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болбойт деп ишендирди. Ал ишин коррупцияга каршы күрөштөн баштарын айтты. Паракорчулукка каршы жазаны катаалдатуу каралган мыйзам долбоорунун автору экенин белгиледи.
"Ким татыктуу иштесе, мен аны колдойм. Мага коррупция менен күрөшүү тууралуу тапшырма берилди. Анан калса ошол мыйзамдын автору менмин. Өзүм мыйзамдын автору болуп туруп коррупцияга жол бергеним туура эмес болуп калат. Вице-мэрлерге, жетекчилерге "көзүңөрдү ачкыла, эртең камаласынар" деп айтам. Буга чейин акчанын кайсы бир бөлүгүн бере салып, акталып, ары-бери болчу эле го. Эми андай болбойт. Мындан ары камаласыңар. Өзүңөр эле эмес, балдарыңар дагы, туугандарыңар дагы. Шаарда жасай турган жумуштар абдан көп. Техника, буюрса, жаңыланат. Депутаттар менен чогуу, бирге болушубуз керек. Алар менен урушпай-талашпай жүрүшүбүз керек. Убагында биз деле шаардык кеңештин депутаты болгонбуз. Биз деле талаптарды койгонбуз. Алар деле шайлоочуларга ушуларды жасап берем деп сөз берген да. Ошондуктан аларга жардам берип коюш керек, депутаттар менен эч качан урушпаш керек. Тил табышыбыз керек", - деди жаңы дайындалган мэр.
57 жаштагы Жеңишбек Токторбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көптөн берки жакын санаалашы, тарапташы, жердеши катары белгилүү.
Ал саясатка жеке ишкерликтен келген. 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты болгон. 2013-жылы ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камалганда, алардын бошотулушун талап кылган нааразылык акцияларга катышып жүргөн. Ошол жылы облустук администрациянын имаратына кирип баруу менен аяктаган окуяга байланыштуу Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев менен кошо камалып, сот аларды үч жылга шарттуу кескен. Токторбаев кийинчерээк акталганы белгилүү болгон.
Токторбаев 2021-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын Бишкектеги координатору болгон. Соңку парламенттик шайлоого "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келген.
Токторбаев "Трамп мүнөз" саясатчыбы?
Жеңишбек Токторбаев парламентте өкмөттүн айрым мүчөлөрүн, жетекчилерди кескин сындап келгени менен белгилүү.
Ал Талант Иманов Санарип өнүктүрүү министри болуп турганда аны коррупцияга байланыштуу күнөөлөп, Алексей Ширшовдун "көздөй кишиси" катары сыпаттаган. Иманов Ширшов менен байланышы тууралуу дооматтарды четке каккан.
Токторбаев 2022-жылы ошол маалда Кумтөр кенин башкарып жаткан “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги баасы кымбат имаратты ижарага алганын айтып чыккан. Буга байланыштуу холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү күнөөлөгөн. Натыйжада Бөлтүрүк коррупцияга байланыштуу камалган жана "Улуу көчмөндөр мурасы" жоюлуп кеткен.
Жогорку Кеңеште өкмөткө караштуу "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому миллиондогон сомдорду негизсиз короткону тууралуу маселени дагы Токторбаев көтөрүп чыккан. Ал ишкананын жетекчиси Жарасул Абдураимовго "түрмөдө отурасыз" деп камаларын дагы эскерткен. Абдураимов депутаттын маалыматы туура эмес деп билдирген.
Жеңишбек Токторбаев парламентти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду сындап, аны тартипке чакырууну талап кылган депутаттардын бири болгон.
Токторбаев 2022-жылы депутат Шайлообек Атазов экөө Башкы прокуратуранын ишин сындагандан кийин сурак берип чыккан.
Алар муну басым деп атап, президент комиссия түзгөн. Ошол маалдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Токторбаевдин айткандары такталбай калганын, ал эми Атазовго байланыштуу иш оң жагына чечилгенин билдирген.
Токторбаев коомдо талаш-талкуу жараткан демилгелери менен дагы белгилүү. Буга чейин ал парламентте мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштаган. Демилгечи муну менен дотацияда отурган 400гө чукул айыл аймактын бюджетиндеги каржылык жетишпестиктер толтурулуп, социалдык муктаждыктарды жоюуга болорун айткан.
Жеңишбек Токторбаев мурдагы президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган мыйзам долбоорун даярдаган. Документте экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү өңдүү сунуштар болгон. Бирок ал долбоорду кошумчалап-алымчалоо үчүн деген негизде кайра кайтарып алган.
Токторбаев парламенттин мурдагы төрагасы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен мурдагы депутат Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай калганын билдирген.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жеңишбек Токторбаевдин мэр болуп дайындалышын жалпы парламент үчүн сыймык деп билдирди.
"Кесиптешибиз Жеңишбек Токторбев экинчи борбор болгон ордолуу Ош шаарыбызга бүгүн мэр болуп президентибиздин жарлыгы менен дайындалды. Бул дагы биздин парламент үчүн чоң сыймык. Анткени парламент мүчөлөрүнөн, депутаттардан аткаруу бийлигинин жооптуу, ишенимдүү, мартабалуу кызматтарына баратканы сөзсүз түрдө баарыбыз үчүн сыймык. Ал биздин 7-чакырылыштын депутаты катары ар бир маселеде өзүнүн ою, пикири бар болгонуна, татыктуу депутат боло алганына кыргыз эли күбө. Анын жаңы жооптуу кызматына чоң ийгиликтерди каалап, парламенттин атынан куттуктайм. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин азыркы чакырылыштан эле Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Равшанбек Сабиров сыяктуу бир топ белдүү депутаттарыбызга чоң ишеним көрсөтүлүп, маанилүү кызматтарга дайындалышты. Мындан ары да парламенттин чоң мектебинен өтүп, тажрыйба топтогон депутаттарыбыз эл кызматын аркалоого дайым даяр деп ишенем", - деди Тургунбек уулу.
"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев Фейсбуктагы баракчасына Токторбаев өзгөчөлөнгөн, адаттан тыш ойлонгон, тарс-турс жүргөн киши экенин жазып, "Трамп мүнөз" деп сыпаттады.
Ал Ошко жаңылык киргизет деп үмүттөнөрүн, республикалык бюджеттен жакшы колдоо болушу керектигин белгиледи.
"Жеңишбек Токторбаев парламентте үч жыл ичинде дайыма адаттан тыш, стандарттуу эмес, демейки социалдык маселелерди эмес, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, талаш-тартыш жараткан олуттуу маселелерди көбүрөөк көтөрүп жүрөт. Өзү аябай чарбачыл киши, Ош шаарына жаңылыктарды киргизсе керек деп ойлойм", - деди Акаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып.
Жеңишбек Токторбаевдин бул кызматка дайындалышы айрым суроолорду, түкшүмөл ойлорду да жаратты.
"Интербилим" бейөкмөт уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева Жетигенов коомчулукка ачык мэр болгонуна токтолду.
"Бизде мэрлер уктап турсаң эле алмашып калган болот. Азыр эч ким ал мэр канча убакка келгенине кепилдик бербейт. Алты айдан кийин, бир жылдан кийин эле алмашып калышы мүмкүн. Мурда белгилүү болчу, ошол адам кандай программа менен келди. канча жылга келди, болжолдуу түрдө белгилүү болчу. Ошол маалда мэрлерди жергиликтүү кеңештин депутаттары ала алчу. Азы эми буга депутаттар дагы, эл дагы кийлигише албайт. Токторбаев мэр болот экен деген сөздөрдү угуп жатканбыз. Биздин бир аз тынчыбызды алган жагдай - Токторбаев Камчыбек Ташиевдин жакын досу, классташы дагы экен. Айтор бизге Ош шаарында жашап, ушул жакта депутат болуп кеткен, т.а. шаардын көйгөйүн билген адам келсе жакшы болмок. Мэр болуп башкаруу системасында иштеген, жергиликтүү бийликти башкарып көргөн адамдар келсе жакшы болмок. Жаңы мэр келип, ал таанышып, ишин баштаганга эле жарым жылын кетирип коюп жатат. Бакыт Жетигенов бул кызматка келгенде ага туура эмес маалымат берип койгон үчүн бир нече жолу юристти алмаштырды. Бул жерде чарбалык иштен башка дагы токтомдор, келишимдер өңдүү документтер да бар да. Жетигенов Оштун маданиятын, кайсы мыйзам кандай иштээрин түшүнүүгө көп убакыт кетип калды окшойт. Токторбаев түштүктөгү маданиятты билсе керек. Бирок этникалык маселелерге кандай карайт деген суроо бар. Бизде мэрдин, шаардык кеңештин төрагалары башка улуттан болчу эле. Ушул көрүнүш соңку учурда азайып жатат. Ушул маселеге Токторбаев кандай мамиле кылат деген менде чоң суроо бар. Эми ал Камчыбек Кыдыршаевичтин жакын адамы болгондон кийин УКМК бардык структураларга кеңире кире алган мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Буга чейин мектептерге, бала бакчаларга чейин киришип эмне кыласыңар дешчу эле. Эми ошолорго чейин тарайт окшойт. Полициялык режим болот окшойт. Ошондой режим болуп, жарандык коомго кыйыныраак болот окшойт деп тынчсызданып жатам. "Бакыт Жетигенов мэр болуп жакшы иштеди. Ооба, тажрыйбасы жок болчу, бирок жумушту алып кетти. Жолдор оңдолду, жаңы өтмөк көпүрө ачылды, азыр дагы чоң долбоор ишке ашууда. Жетигенов келгенден бери таза суу маселеси чечилди, суу токтоп калган учур менин эсимде жок. Жарандык коом сунуштаган алты долбоор колго алынып, ишке киргизилди", - деди Мамасалиева.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Токторбаев Жалал-Абадда өзүнүн мейманканасын салып жаткан адамга кол көтөргөнү тууралуу жазышкан. Депутат буга байланыштуу комментарий берген эмес. Айрым бир маалыматтарга караганда, жабыркаган адам милицияга жазган арызын кайтарып алган.
Айрым бир маалыматтарга караганда, депутаттын Жалал-Абад шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушуна тиешеси бар. Токторбаев бул сөздөргө жооп берген эмес.
Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев депутаттык мандат алышы мүмкүн.
Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду
Бакытбек Жетигеновдун президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалышы тууралуу түшүндүрмө берилген жок. 58 жаштагы Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылы ноябрда дайындалган жана ага кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын айткан.
Жетигенов ишин жаңы эле баштаганда, шаардык кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп ага ишенбестик көрсөткөн. Анда Жетигеновго нааразы болгон депутаттар кабыл алынган токтомдордун жарымы аткарылбай калганын билдиришкен. Жетигенов бул аракеттерди айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгы менен байланыштырган. Мэрге ишенбестик көрсөтүү демилгесин Садыр Жапаров колдогон эмес. Ал "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде бул жагдай тууралуу комментарий берип, Жетигеновго "Ошту иретке келтир" деп тапшырма бергенин, мыйзамсыз иштерге, курулуштарга тиешеси бар депутаттарга ал жакпай жатканын айткан.
Жетигенов "Азаттыкка" курган маегинде ириде көпчүлүктүн көкөйүнө көкташтай тийип келген шаардагы таза суу көйгөйү чечилгенин айткан.
Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибеков соңку өзгөрүүлөрдү кадр тартыштыгы катары сыпаттады. Бишкек жана Ош өңдүү ири шаарларда мэрди түз шайлоо керектигине токтолду:
"Кыргызстандагы эң чоң кемчиликтердин бири - бул кадр тартыштыгы. Бакытбек Жетигенов мэрликтен кетти, аны кайсы жетишкендиги үчүн президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү кылып коюшканын мен билбей жатам. Ушул кезге чейин бир дагы мэрдин тушунда мэриядагы онго жакын жетекчиге иш козголгон эмес. Шаардагы жаңы базарды буга чейин мораторий жарыяланган, сугат жерге куруп жатат. Ушуга окшогон бир топ карама-каршы иштерди жасады. Айланасына иш билги эмес адамдарды чогултту. Жеңишбек Токторбаев болсо Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейин эмне иш кылганын билбейт экем. Канчалык чын-жалганын билбейм, бирок Жалал-Абадда пиво сатып эле жүрчү деп да айтып жатышат. Кичине тыйынын көбөйтүп алып депутат болсо керек. Ошко мэр болуп келгенге чейин айыл өкмөтү, аким, губернатордун орун басары өңдүү кызматтарда иштеп, тажрыйба топтосо болмок. Ар кандай иштерге бышып келсе болмок. Бакыт Жетигенов эмне үчүн кызматтан алынды, анын ордуна Токторбаев кайсы эмгеги, кызматы үчүн тандалды деген суроолорго ачык жооп берилсе жакшы болмок".
Жетигенов парламенттин 5-чакырылышында “Ар-Намыс”, ал эми 6-чакырылышта КСДП партиясынан депутат болуп келген. 2014-жылы “Ар-Намыс” партиясында депутат болуп турган учурда ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамдын ысымын атаган. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигенов чүйлүк кримтөбөл Алмаз Бокушевдин досу экенин айткан болчу. Бирок Жетигенов криминал менен байланышын четке кагып, Бокушев менен чогуу окуганын айтып келет.
2019-жылы КСДП депутаты Жетигеновду Токмоктогу аткезчилик чырындагы дагы аты аталган. Ошондой эле парламент имаратында кесиптеши Канат Исаев менен дагы мушташканы айтылган. Айрым маалымат каражаттары ал чырга Исаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап чыкканы себеп болгонун жазышкан. Жетигенов журналисттерге ачык саясатчылардын бири катары белгилүү.
Шерине