АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Дональд Трамп эгер Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, Орусияга каршы санкция киргизе турганын айтты. Ошто 2006-2007-жылдары дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдардын ата-энелери бийликке кайрылды. Бишкекте айрым заводдордун иши убактылуу токтотулду.
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскартылды. "Азаттык" мекеменин жаңы жетекчиси менен Кыргызстандагы салык саясаты тууралуу маектешти.
Февраль айында Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген лыжа базаны куруучу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин базаны курууга франциялык компания кызыгып жатканы айтылган. Жапаров соңку билдирүүсүндө ал компания тууралуу үн каткан жок.
Абактагы адвокат Самат Матцаковдун жактоочулары эки айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатканына нааразы. АКШда мигранттарга чек арадан легалдуу кирүүгө жол ачкан CBP One тиркемеси иштебей калды. "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучуларынын ата-энелери президентке кайрылды.
Президент Трамп шайлоо мыйзамсыз миграцияга каршы катуу күрөшкө аттанганын жарыялады. Жаңы президент кол койгон ондогон документтердин арасында Париж келишиминен чыгуу, Капитолийдеги башаламандыкка катышкан деп айыпталган 1,5 миң кишиге ырайым берүү, ТикТоктун ишин узартуу сыяктуу чечимдер дагы бар.
“Сапат” мектептеринде окуган окуучулардын ата-энелери өлкө жетекчилигине кайрылып, сапаттуу окутуу системасы бузулуп, окуучулардын билим алуусуна терс таасирин тийгизерин айтышты. Билим берүү министрлиги “Сапаттын” негизги окутуу программалары өзгөрүүсүз каларын билдирди.
“Сапат” мектептеринде билим алган окуучулардын ата-энелери өлкө жетекчилигине кайрылып, окуу жай Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Билим берүү жана илим министрлиги, "Маариф" фонду андай камтама болууга негиз жок экенин айтып жатышат.
Мамлекеттик салык кызматы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылдагы декларациясын жарыялады. Анда президент баш болгон аткаминерлердин, депутаттардын бир жылдагы киреше-чыгашасы жана мүлкү жазылган.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп ант берип, кызматка расмий киришти. Кошмо Штаттардын 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коерун, мыйзамсыз мигранттардын агымын токтоторун билдирди.
Дагы жүктөңүз