Үч компанияны санкциядан чыгаруу аракети
22-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, кыргыз компанияларынын санкциялык тизмеге киргизилишине тынчсыздануусун билдирди. Ал маселени америкалык өнөктөштөр менен талкуулап жатканын айтты.
Ошондой эле Абакиров кыргыз тарап соңку жагдайга түшүнбөй жатканын билдирип, “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын “кара тизмеден” чыгарууну өтүндү.
Мекеменин басма сөз кызматы элчи бул маселеде “чечимдерди биргелешип издөөгө даяр экенин билдиргенин” маалымдады.
“Өз кезегинде элчи Вигери АКШ аталган кыргыз компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарууга байланыштуу өз ара макулдашылган чечимдерди биргелешип издөөгө даяр экенин билдирди”, - деп айтылды ТИМдин маалыматында.
АКШнын элчилиги жолугушуу жөнүндө маалымат тарата элек.
“Керемет Банктагы" чектөө, кардарлардын тынчсыздануусу
Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургуну 21-январда “Керемет Банктан” акчасын алууда кыйынчылык жаралганын "Азаттыктын" журналистине айтып берди.
Ошол күнү банк “Керемет Банктын” VISA карталары анын өзүнө таандык гана POS-терминал, төлөм терминалы, банкоматтар аркылуу тейленерин маалымдаган болчу. Муну банк VISA эл аралык төлөм системасы киргизген чектөө менен байланыштырган.
“Кардарлар карта эсептериндеги бардык акча каражаттарын жакынкы банктын бөлүмдөрүнүн кассаларынан ала алышат же мобилдик тиркеме аркылуу Элкарт карталарына же учурдагы эсептерине которо алышат. Банктын кассаларында накталай акча алуу паспортту көрсөткөндөн кийин гана ишке ашырылат. Акча каражаттар кардарлардын эсептеринде коопсуз бойдон сакталып турат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Банктын өкүлүнө кайрылганыбызда ал санкциялар боюнча акыркы жагдайлар жөнүндө жетекчилиги менен макулдашып, анан жообун берерин билдирди. Банктын сайтында ТИМ жетекчилиги менен АКШ элчиси санкция боюнча жолукканы жөнүндө кыскача кабар турат.
“Газпром нефть Азия” ишканасынын өкүлү дагы ушундай эле жооп айтты.
“Мунай-Мырза” ишканасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Буга чейин компаниянын директору Айнура Абдукаримова жаралган маселени кыргыз бийлиги менен талкуулап жатышканын айткан.
Каржы тармагынын имиджине көлөкө түшүрөбү?
Азыр “Керемет Банктын” 22% акциясы мамлекеттин колунда. Мамлекет 2024-жылдын аягына чейин дээрлик ээлик кылып келген банктын санкцияга илиниши өлкөнүн финансы секторунда тынчсыздануу жаратты. Экономист Төлөнбек Абдыров буларга токтолду:
"Албетте, бул абдан олуттуу жана көйгөйлүү жагдай. Биринчиден, бул биздин системанын имиджине таасирин тийгизет жана инвестиция агымын чектейт. Анткени көптөгөн өлкөлөр "Керемет Банкка" эле эмес, балким, башка банктарга да санкция салынышы мүмкүн деп кооптонушат", - деди Абдыров.
Анткен менен аталган банк санкцияга илингени белгилүү болгондон кийин Улуттук банк өлкөнүн каржы сектору туруктуу экенин билдирди. Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” мындай деди:
“2022-жылы санкциялар башталгандан бери эле ички көзөмөлдү күчөтүп, бардык мыйзамдарды, санкцияларды болтурбоого ылайык жумуштарды аткарып келебиз”.
Санкциялардын таржымалы
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган. АКШ банк өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан “сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган. “Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.
Санкцияга илинген банк жөнүндө төмөндөгү макаладан окуңуз.
11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына да санкция салган. Экөө тең Орусиядагы “Газпром” ачык акционердик коомуна таандык, Бишкекте бир даректе жайгашкан.
Айрым серепчилер мунай ишканаларынын "кара тизмеге" кириши өлкөдөгү мунай рыногуна таасир этпейт дегени менен кээ бири жалпы өлкөнүн экономикалык имиджине көлөкө түшүрөрүн айтышат. Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков өкмөттү жагдайды терең изилдеп, кандайдыр бир чечим чыгарууга чакырды.
“Жакшы окуя эмес. Кайсы бир рынок, бизнес чөйрө үчүн терс жагдай экенин баары эле түшүнүп жатат. Андан чыгуунун жолдорун ойлонушубуз зарыл. Биздин өлкөгө тобокелчиликтерди азайтуу үчүн бийлик бизнес чөйрө, эл аралык өнөктөштөр менен тез-тез жолугуп, акылдашып, бир чечимге келишибиз керек”, - деди Сыдыков.
2023-жылы президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу "Кабар" агенттигине маек курган. Президент Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстандан көз каранды эмес. Орусия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат", - деген президент.
АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.
Шерине