Газада Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгени 15-январдын кечинде жарыяланды. 11 журналисттин эркин сынаган бир жыл.Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай жол кирени 40 сомго көтөрүүнү кайрадан сунуштады.
Кыргызстанда 11 журналист жапырт камалганына туура бир жыл болду. "Массалык баш аламандыкка чакыруу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сегиз айга жакын сот жүрүп, төрт журналист сот жообуна тартылды.
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
Туура бир жыл мурда, 2024-жылдын 16-январында Кыргызстанда эркин медиа өкүлдөрү жапырт кармалып, алардын төртөө сот жообуна тартылган. "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкерлери кабылган бул окуя Кыргызстандагы сөз эркиндиги маселесин козгогон.
БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо эч кандай коркунуч жоктугун билдирген.
Украиналык дрондор Казан, Саратов жана Энгельс шаарларына чабуул койду. Орус армиясы Украинанын жер-жерлерине сокку урду. Казакстанда жай тургундарды барымтага алган окуя эки кишинин өлүмү менен аяктады. Аксыда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева милицияга сурак берип чыкты. Партиянын дагы бир мүчөсү Анарбек Катаганов учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын партиялаштары кабарлады.
12-январда Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун билдирди.
Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон мүчөлөрү суракка чакырылып жатканы маалым болду. Бул партиянын лидери жана эки мүчөсү ноябрь айынан бери тергөө абагында отурат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Молдовада кармалып, экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.
3-январда соттун ордери менен келген тергөө тобу менен президенттин тарапташтары алты саат бою тирешип, Юн Сок Ёлду резиденциясынан чыгарбай коргоп калышты. Сеулдагы саясий кризис эмне менен аяктары азырынча белгисиз.
Дагы жүктөңүз