Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааны расмий каттоого жол ачкан мыйзам долбоору даярдалды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2024-жылдын жыйынтыгы, өлкөдөгү экономикалык абал, салык саясатындагы өзгөрүүлөр, адам укугу жана бул боюнча эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу, социалдык маселелер тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатат.
Орусия Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Газа тилкесинде Израил армиясынын соккусунан кеминде 67 киши набыт болду. Өзбекстанда социалдык тармактардын колдонуучулары Гайрат Дустовдун 15 суткага камалганына каршы флешмоб уюштурушту.
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев былтыр декабрда шайлоолордогу гендердик квотаны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Гендердик квотасыз Кыргызстанда айымдардын жергиликтүү кеңештерге, парламентке келиши дээрлик мүмкүн эмес. Төраганын аялдарга карата айткан билдирүүсү сынга кабылды.
Кыргызстанда жеке менчик объектилерди мамлекетке өткөрүү массалык жараянга айланды. Акыркы төрт жылда 1174 ар кандай мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү расмий кабарланды.
АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы 15 кишинин өмүрүн алган кол салууну Федералдык иликтөө бюросу теракт деп иликтеп баштады. 1-январда көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машинеси менен тебелеп, кийин туш келди ок чыгарган адамдын тек-жайы аныкталды.
Жаңы Орлеанда 15 кишинин өмүрүн алган кол салуу теракт катары иликтене баштады. “Сапат” жалпы мүлкү, мөөрү “Маариф” фондуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. УКМКнын төрагасы Ташиев алдыдагы эки жылда коррупцияга каршы күрөш күчөрүн билдирди. Оренбургдагы жол кырсыгында 4 кыргызстандык каза тапты.
2024-жылы депутат Айгүл Айдарованын кесиптешине парламентте таарынычын айтканы, төрага Нурланбек Шакиевдин Гимнди өзгөртүүнү сунуштаганы, Акбөкөн Таштанбековдун жолдун сапаты үчүн мэрге ыраазычылык билдиргени, Марлен Маматалиевдин алтынчы балалуу болгусу келген ниети шакабага айланды.
Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиянын геосаясий мааниси артып, Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу күчөгөнү байкалууда. Бирок 2023-жылга салыштырмалуу С5+1 форматындагы жолугушуулар азайып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган сапарлар көбүрөөк болду.
Дагы жүктөңүз