Көлбаев жөнүндөгү сөздөн чыккан чуу
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 2023-жылы кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча соңку талкуу тууралуу да пикирин билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Бишкекте билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушууда Көлбаев атайын операцияда жок кылынганын айтып, муну ошол маалда кылмыштуу топтор тамырлашып кеткени менен түшүндүргөн.
"Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн "президенти" болгон, "мыйзамдагы ууру" жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан бизге мамлекет үчүн "мыйзамдагы ууруну" жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Дагы да тагыраак айтсам, мага ушундай чечим кабыл алууга туура келди мамлекет үчүн, мен ошондой чечим кабыл алдым. Биз аны жок кылдык. Кийин башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук жок", - деген эле Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы бир күн өтпөй жогоруда айткандары боюнча кайрадан билдирүү жасап, Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке өзү буйрук бербегенин билдирген. Ал биринчи билдирүүсүн "айрым батышчыл журналисттер" бурмалап жазганын да айткан.
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев бул окуя боюнча өз эне тили болбогон орус тилинде "оюн жеткиликсиз айтып алганын" белгиледи:
"Чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөрү менен ошол кездеги башкы прокурорго чалып: “Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап, мага ыкчам маалымат бериңиз”, - дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, “Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда ал тараптан, анын жансакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур” деп маалымат берген. Башкача айтканда, кызматкерлер өзүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам бардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул дүйнөлүк практика. Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп жатса биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес", – деди президент Садыр Жапаров.
50 жаштагы кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал узак жылдар бою Кыргызстандагы кылмыштуу топтун башында туруп, бир катар мыйзамсыз аракеттерди жасоого шектелип келген.
Кезинде бир катар эксперттер муну "кылмыш дүйнөсүн жок кылуу аракети" катары оң баалап, кээлери "Борбор Азия өлкөлөрүндөгү болуп көрбөгөн көрүнүш" катары да мүнөздөшкөн.
Бир жарым жылдан кийин аталган окуя боюнча сөз кайрадан козголуп жатканы да түрдүү талкуу жаратууда.
Талдоочу Жаныбек Тулкунов "Азаттыкка" мындай пикири менен бөлүштү:
"Көлбаевди кармоо операциясынан өлкө жетекчилиги кабардар болбой койбойт го дейм. Себеби Көлбаев колуна кишен салып эле алып келе койчу киши эмес да, бул жерде чоң операция жасалды. Демек, "каршылык көрсөтсө кантебиз, өзү макул болуп, колго түшүп берсе, кандай кылабыз?" деп, ар бир деталы талкууланса керек. Бир-эки жылдан кийин бийлик өкүлдөрү бул маселени өздөрү козгоп жатканы, балким, калган кылмыштуу топторго "силер да ушундай болуп калышыңар мүмкүн" деген эскертүү катары айтылып жатышы мүмкүн. Балким, кайсы бир топтордун реакциясын билүү чарасыдыр. Кантсе да, жогорку бийлик өкүлдөрү буга окшогон окуялар тууралуу билдирүү жасаганда абайлашса жакшы болмок. Анткени президентпи, атайын кызматтын төрагасыбы, алардын ар бир сөзү коомчулукта талкуу, түкшүмөл ой же башка нерсе жаратышы мүмкүн".
Кыргыз бийлиги Камчы Көлбаев башында турган криминалдар өлкөдөгү саясатка жана бизнеске таасир этип келгенин билдирип, анын кесепетин толук жоюуга убада берген.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "мафиясына байланышы бар" деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген.
Азиза Абдирасулова тууралуу
Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу ал комментарий берип, ал "жөн гана саясат кылууда" деп белгиледи.
23-январда жарыяланган маегинде президент укук коргоочуну эч ким аңдыбаганын жана өлкөдө адам укугу сакталарын, бул мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.
"Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии, чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай, жөн эле келе берсин", – деди Жапаров.
Мамлекет башчы укук коргоочуларды моралдык ченемдерден чыгып кетпөөгө чакырып, өлкөдө демократия, сөз эркиндиги бар экенин кайталады:
"Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым".
2024-жылы 21-декабрдагы Элдик курултайда президент Жапаров эркин медианы, бейөкмөт уюмдарды сындап, Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган. Мамлекет башчы укук коргоочу негиздеген "Кылым шамы" уюмунун донорлордон алган суммаларын санап, ал каражаттар башкаларды каралоого, терс маалымат таратууга жана башка нерселерге жумшалып жатканын билдирген.
Мындан бир апта өтпөй Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин жарыялаган. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирген.
Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматты ал "Азаттыкка" да ырастап, мындай кадамга коопсуздуктан улам барганын айткан. Анын билдиришинче, кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгон.
"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан кийин кетүүгө аргасыз болдум. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, электрондук почталарыбызга чейин текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир", – деди Абдирасулова.
Укук коргоочу кайсы өлкөгө кеткенин ачыктаган эмес. Анын мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып келет.
Эл аралык реакция жана коомдогу пикирлер
Абдирасулова өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгондон кийин коомчулукта ар кыл пикир айтылып, эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдиришти. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы социалдык тармактарда Абдирасуловага каршы каралоо жүрүп жатканын иликтөөгө чакырган.
14-январда БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Абдирасуловага каршы каралоону жана коркутууларды токтотууга чакырган:
“Президенттин декабрь айындагы бейөкмөт уюмдар боюнча билдирүүсүнөн кийин Азиза Абдирасулова коркутууга жана социалдык тармактарда каралоого кабылганынан кабардармын. Өкмөт анын 20 жылдык эмгегин эске алуу менен каралоо кампаниясын токтотуп, коркутууларды иликтөөгө алышы керек”.
Мунун алдында бийликти жактаган “Каганат медиа” каналына “Азиза Абдирасулованын тескей тарабы. Тарых унутулбайт” деген тема менен төрт мүнөттөн ашык видео жарыяланган. Анда убагында Азиза Абдирасулова 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин соттолуп, 2020-жылы 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргогону айтылган.
"Каганат медиа" каналына эркин медианы, пикирин ачык айткан айрым саясатчыларды, активисттерди каралаган материалдар буга чейин да чыгып турган. Бирок бир дагы жолу андай видеонун автору көрсөтүлгөн эмес.
Саясатчы Равшан Жээнбеков укук коргоочунун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады:
"Азиза Абдирасулованын биздин укук коргоо органдарына, саясатчыларга, жарандык коомго, журналисттерге кошкон салымы ат көтөргүс. Опол тоодой. Тилекке каршы, бүгүнкүдөй абал жаралып калды. Бул мамлекетке эч абийир алып келбейт. Терс көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми тышкы саясатты айта турган болсок, коркутуунун, жогорку кызматтагы адамдардын басымынын айынан Абдирасулова сыртка чыгып кетиши мамлекеттин имижине кара тамга болуп басылып калат".
67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү. 2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердигин улантып жаткан.
Азиза Абдирасулова 2012-жылы жана 2017-жылы Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун коомдук коргоочусу болгон. Ошондогу соттун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды жалпыга маалымдоо каражаттарына да кабарлап турган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бийликте турган 2016-жылы Азиза Абдирасулованын дарегине катуу сын айтып, кийин 2019-жылы кечирим сураган эле.
Шерине