Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

"Адам ысымы менен атоо салтта жок". Дагы тогуз айылдын аталышы өзгөрдү


Коллаж.
Коллаж.

Президент Садыр Жапаров айыл-кыштактардын аталышын өзгөртүү боюнча дагы бир мыйзамга кол койду. Анда тогуз айылдын аталышы өзгөргөн.

Кыргызстанда совет мезгилинде пропагандадан, идеологиядан улам коюлуп калган жер-суу аталыштарын өзгөртүү аракети өлкө эгемендик алган жылдардан бери көрүлүп келет. Бирок жараян жай жүрүп, талкуу уланууда. Ал тапта тарыхый аталыштарды кайтаруу аракети кайра эле киши ысымдарын берүү менен коштолуп жатканын сынга алгандар бар.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин төр жагында Жети-Өгүз районуна караган Липенко жана Богатыровка деген катар жайгашкан эки кыштак бар. Айыл тургуну Эрлан Кадыровдун айтышынча, Липенко Липак деген орус улутундагы кыздын атынан коюлуп калган. Ал эми кошуна айыл 1809-жылы түзүлүп, ага Богатыров деген жер изилдөөчүнүн ысымы берилип калганы эл арасында айтылып жүрөт.

“Липенконун аталышын өзгөртөбүз деп 2022-2023-жылдары айылдын тургундары демилге көтөрүшкөн. Айылдын жыйыны өтүп, кайсы аталышты беребиз деп талкуулаганбыз. Аягында айылдын эски аталышы деле жок экен деп, ошол бойдон калтырганбыз. Богатыровкада деле ушундай маселе көтөрүлгөн. Ал жакта орус улутундагы тургундар көп болгону үчүн нааразылык айтылып, аталыш ошол бойдон калтырылган”, - дейт Кадыров.

Богатыровканын аталышы өзгөрсө мурдагы Ак-Булак деген аты кайтарылып берилмек экен. Бул эки кыштак сыяктуу Орусиянын оторчулук доорундагы, андан кийинки советтик мезгилдеги аталышын өзгөртпөй калган айылдар бир топ.

Эрлан Кадыровдун айтымында, жергиликтүү элдин арасында деле азырга чейин эки ача пикирлер бар.

Бул маселе маал-маалы менен парламентте дагы көтөрүлүп жүрөт.

21-январда президент Садыр Жапаров тогуз айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, Аксыдагы Таштак – Малкалды, Ноокендеги Параканда – Баракелде, Кочкордогу Большевик айылы - Баялы Исакеев, Бакай-Атадагы Ынтымак – Шадыкан, Манастагы Новодонецк – Айтматов, Таластагы Козучак – Жанкороз Олуя, Балбал – Жаныбек Баатыр, Москва районундагы Чоң-Арык – Сыйдалы, Ак-Суудагы Теплоключенка – Ак-Суу айылы болуп өзгөрдү.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүм башчысы Венера Исалиева аталыштар жергиликтүү жашоочулардын жана кеңештердин сунушуна ылайык өзгөрө турганын түшүндүрдү. Ага ылайык, агенттик административдик-аймактык түзүлүштөрдүн аталышын өзгөртүү боюнча комиссияда жумушчу мекеме болуп саналат.

“Бизге кайрылуу келет. Анда айылдын аталышын өзгөртүү боюнча жашоочулардын жыйынынын чечими жазылган протоколу болушу керек. Андан кийин жергиликтүү кеңештин токтому болуусу шарт. Анан районго жөнөтүлүп, чечим чыккан соң президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө түшөт. Өкүлчүлүк сунушту колдогондон кийин мен айткан комиссияга жолдойт. Комиссия карап чыгып, Министрлер кабинетинин макулдугун алгандан кийин мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке киргизет. Аталыштар жергиликтүү тургундардан келген сунушка ылайык тандалат”, - деди Исалиева.

Ошол эле маалда жер-суулардын тарыхый аталыштары эмес, кайра эле киши ысымдары берилип жатканын сынга алгандар дагы бар.

Өткөн жылы дагы айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда 17 айылдын 12сине адам аттары берилип жатканын айрым парламентарийлер сындаган.

“Кыргыздарда ушундай оору болуп калды. Сөзсүз атасынын же чоң атасынын ысымын бир көчөгө коюуга аракет кылып, муну жетишкендик катары көрүп алганына таң калам. Мындай идеология болбошу керек. Мисалы, Италияда Леонардо да Винчи деген көчө жок да”, - деген депутат Жанарбек Акаев.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов кыргыз коомунда жер-суу аталышына адамдын ысымын ыйгаруу оторчулук, тоталитардык, коммунисттик доордон калган түшүнүк деген пикирде. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” “Куугунтук курмандыктары” программасында сөз козгоп, кыргызда мурда мындай көрүнүштөр болбогонун, салтка каршы келерин айткан:

“Негизинен адам аттарын жер-сууга берүү кыргыздын салтында жок. Айрым бир жерлерде эле Манас шаары, Манас айылы деген аталыштар болбосо, адамдын атын атайылап ыйгарып койгон эмес. Адам аттарын койгондо дагы “бул жерден баланча деген атактуу акын, инсан чыккан” деп айтып келебиз. Мисалы, Кара-Буура районунун өзүнчө тарыхы бар. Өткөн жылы орто кылымдарга чейин тарыхты түшүндүргөн жер аталышын “Чыңгыз Айтматов ушул райондо төрөлгөн, Айтматов району болсун” дегенде каршы чыктык”.

Жогорку Кеңеште жакында эле Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү. Буга чейин аны парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтып чыккан. Анын демилгесине Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан. Бир катар орус басылмалары бул темага өзгөчө көңүл бурушкан.

Кийин да төрт райондун аталышы боюнча маселе парламентте утур-утур көтөрүлүп турганы менен, бул жаатта конкреттүү иш жасала элек. Агенттиктин административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүм башчысы Венера Исалиева бул Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жөнгө салынарын айтты.

Анткен менен шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов жергиликтүү кеңеш бул боюнча 2018-жылы эле чечим кабыл алганын, сунуш өкмөткө жөнөтүлгөн бойдон дайынсыз экенин “Азаттыкка” билдирди:

“Шаарлардын, административдик райондордун аталыштарын өзгөртүүгө укугубуз жок болуп жатпайбы. Биз көчөлөрдүн атын гана алмаштыра алат экенбиз. Жалпы аталыштарды өкмөттүн демилгеси менен Жогорку Кеңеш алмаштырышы керек экен. Бизге ошондой чектөө коюлганы үчүн 2018-жылы чечим кабыл алып, премьер-министрге жөнөткөнбүз да. Ал болбосо биз өзүбүз эле чечип коймокпуз, бул жакта демилге чоң. Ошол жылы Биринчи май районун Айтматов, Свердловду Турдакун Усубалиев кылып өзгөртмөкпүз. Андан тышкары Ленинди Курманжан датка, Октябрды Исхак Раззаков кылып өзгөртүү боюнча да сунуш бергем. Демилге шаардык кеңеште болсо, баарын бат эле алмаштырып коймокпуз”, - деди Аматов.

Кыргызстанда оторчулук (колонизация) доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү аракеттери аягына чыга элек. Бирок акыркы жылдары бул жаатта бир нече чечимдер кабыл алынды.

Шерине

XS
SM
MD
LG